Өткөн жумада парламент өкмөт мүчөлөрүн аныктап, комитет жетекчилери да шайланды. Жогорку Кеӊеште премьер-министр баштаган өкмөт мүчөлөрүнүн ант берүү аземине өлкө башчы Алмазбек Атамбаев да катышып, жаӊыдан шайланып келген депутаттык корпуска каалоо-тилегин айтып, алардан эмнени күтүп жатканын билдирди.
«АР БИР ДОБУШ МОЮНУӉАРГА ИЛИНГЕН АМАНАТ ЭКЕНИН УНУТПАГЫЛА!»
Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев Жогорку Кеӊештин VI чакырылышына шайланып келген депутаттарга карата кайрылуусунда өз байкоосун мындайча билдирди: «Өтө көп ишкерлер шайлоого катышты. Өлкөнүн дээрлик бардык бай адамдары кайсы бир партиянын курамы менен депутаттыкка аттанышты. Өнүккөн өлкөлөрдө деле бай адамдар шайлоого катышат, бирок кайсы бир партиялардын демөөрчүсү катарында. А бизде болсо миллионерлер өздөрү парламентке келүүгө жулунушту. Мында эки себеп бар. Биринчиден, парламенттин регламенти депутаттарга жылына 2-3 жолу эле жыйынга катышып, ага карабай депутаттар өз убагында айлык алып, бардык жеӊилдиктерге, кабинет менен кызматтык унаага да ээ болууга жол берет. Мындайча айтканда, депутат катары айлыкка, бардык жеӊилдиктерге ээ болуп, иш жүзүндө өз иштери менен алек болуп жүрө беришет. Экинчи себебин болсо биздин өлкөдө бизнес дагы деле өзүн корголбогондой сезеринен көрүп жатам... Жөн эле «оппозициябыз» деп кыйкыра бергенди токтоткула. Андан көрө өкмөткө, мамлекетке жардам бергиле. Ар бир шайлоочунун силерге берген добушу моюнуӊарга илинген аманат экенин унутпагыла!»
«ПРЕЗИДЕНТТИН УКУКТАРЫН АЗАЙТПАСАК, ЭЛДИН ШОРУНА КАЛАБЫЗ»
Президент өз сөзүндө келе жаткан президенттик шайлоо жана өлкөнүн парламенттик башкарууга өтүүсү тууралуу ойлорун айтты. «Өткөн 5 жылда көп улуттуу кыргыз эли парламенттик башкаруу өлкөбүзгө туура келерине ынанды. Бирок, ачык айтсак, иш жүзүндө биз дагы эле бир бутубуз менен парламенттик, экинчи бутубуз менен президенттик башкарууда турабыз. Ошондуктан, менимче, биз бара-бара Европа өлкөлөрүндөй эле толук парламенттик башкарууга өткөнүбүз туура болчудай. Өткөн парламенттик шайлоодо көрдүӊөр. Айрым партиялар формалдуу түрдө мыйзам менен Конституцияны бузбаганы менен, иш жүзүндө партиялык шайлоону мажоритардык жол менен өткөрдү. Демек, азыркы Конституциядан жылчык таап, мыйзамды буйтап өтө турган «тыӊ» жигиттер бизде аз эмес. Ал эми 2017-жылы кайран элибиз адаттагыдай бал сөздөргө, акчага алданып, ошондой бир өтө «тыӊ» президентти шайласа, өлкөнүн башына Максим Бакиевге окшогон, Кыргызстанды күркө катары, кыргыз элин кой катары көргөн, бизнесмендерди тоногон, Кудайдан коркпогон мамлекет башчы келиши толук мүмкүн болуп турат. Андай «тыӊдарга» азыркы Конституция туруштук бере албайт. Анткени Баш мыйзамдын өзүндө бир топ карама-каршылыктар бар. Президенттин укугун азайтып, накта парламенттик башкарууга өтүшүбүз керек. Болбосо элдин шоруна калабыз. Жогорку Кеӊеш бул маселени абдан кылдаттык менен изилдеп, жакшылап карап, анан элдин талкуусуна коюш керек. Эгер элибиз ынанса, анда колдоп берет. Унутпагыла! Президенттик шайлоого болгону 1,5 жыл калды»,- деп билдирди.БАБАНОВ БААРЫНАН КУРУ ЖАЛАК КАЛДЫ
Парламент президенттин кайрылуусунан улам Максим Бакиевге окшогон «тыӊ» жигиттердин бири Өмүрбек Бабанов деп кабыл алып, азыртадан эле анын алдыга жулунуп чыгуусуна бөгөт койгусу келдиби, айтор, «Республика-Ата Журт» фракциясы Жогорку Кеӊештин спикеринин орун басарлыгынан да, оппозицияга бөлүнгөн комитеттердин башчылыгынан да куру жалак калды. 28 депутаты бар Бабановдун фракциясынан коюлган талапкерлер депутаттардын колдоосун ала алышпады. Мындай жыйынтыкка макул болбой, аталган фракциянын депутаттары каршылык билдиришип, жыйындар залынан чыгып кетишти. Өмүрбек Бабанов: «Биздин фракцияга бир да комитетти ыраа көрбөй койдуӊар. Демек, парламенттеги жалгыз оппозициялык фракция деп саналууга укугубуз бар. Мындан аркы кадамдарыбыз башкача болот. Силерге чын жүрөктөн рахмат»,- деп кетти.
Ошентип Социал-демократтар фракциясы Жогорку Кеӊештеги үч комитетке, «Кыргызстан» менен оппозициядагы «Бир бол» фракциясы экиден комитетке, «Ата Мекен», «Өнүгүү-Прогресс» фракциялары бирден комитетке жетекчилик кылмай болушту.
Бир чети мындай абал Бабановго аябай ыӊгайлуу. «Республика-Ата Журт» эч бир креслого ээ болбой калганына шылтап, эми шайлоо алдында элге берген убадасын аткарбай, бийликти сындап жүрүп алат. Эгер убадаларына турууну каалабаса.
Нурбек Абдыкадыров
politika@super.kg