Кайрат Нуртас: «КАЗАКСТАНДА МЕГА ЖЫЛДЫЗ БОЛУУ ӨТӨ КЫЙЫН»

16-17-ноябрь күндөрү Спорт Ордосунда өткөн Нурлан Насип менен Кайрат Нуртастын достук концертине күйөрмандар агылып келишти. Боордош казак элинин ырчысы Кайрат Нуртас мекенибизге 3 жыл мурун жеке концерти менен келген. Анын жүрөктү туйлаткан мукам ырларынын жандуу үн менен аткарылышына кулак төшөгөн күйөрмандары бул жолу да ырчыны жакшы кабыл алышты. Учурдан пайдаланып казак элинин мега жылдызын маек курууга чакырдык.

– Кайрат, саламатсызбы? Сизди көргөнүбүзгө кубанычтабыз...
– Ассалому алейкум. Рахмат, мен дагы кубанычтамын.
– Кыргызстанга көптөн бери концерт бере элексиз. Нурландын сунушун дароо эле кабыл алдыӊызбы?
– Ооба, Нурлан азамат жигит. Аны абдан сыйлайм. Нурланга чейин Ильяз Абдразаковдун кечесинде болгом. Ал бир тууганымды да жакшы көрөм, урматтайм. Ортодо тыгыз байланыш бар. Алар Казакстанга барышса, биз күтүп алабыз. Мен Кыргызстанга келсем, алар күтүп алышат дегендей. Нурлан эмгекчил, таланттуу жигит. Ошондуктан аны Кыргызстанда №1 дешет. Токтобосун, иштесин, хит ырларды жарата берсин. Нурлан Казакстанга барып мага «Кайрат, менин кечем болот, келип катышып бер» дегенинен сунушун кабыл алгам. Кыргызстанга келе элегиме 3 жыл болуп калды. Мени чакырганына, Нурлан үчүн келгениме кубанычтамын.
– Биринчи жолу жеке концертиӊиз менен келгениӊизде күйөрмандарыӊыз сизге үзүлүп түшүп жакшы кабыл алышканы эсимде. Сиздин баамыӊызда, көрүүчүлөр ошондой эле кабыл алыштыбы?
– Ооба, буга чейин да жакшы тосуп алышкан. Азыр да жогорку деӊгээлде кабыл алышты. Калктын көӊүлү дурус экен, мага жагып жатат.
– Эгер сыр болбосо, гонорарыӊыз канча болду? Угушубузча, 10 миӊ доллар экен. Же дос катары эле акы талап кылбай келдиӊизби?
(Күлүп) айтпайм, сыр бойдон калсын.
– Жылына канча жолу концерт коёсуз?
– Концерт бере элегиме 1 жыл болду. Учурда жеке концертиме даярдык көрүлүүдө. Жакында 35 миӊ көрүүчү бата турган «Астана Аренада» жеке концертим өтөт. Ага Орусиядан Нюша, Тимати, Түркиядан Таркан жана башка конок ырчылар келишет.
– Жана башкалардын арасында кыргыз ырчылары барбы?
– Кыргыз жана казак ырчыларынан эч ким катышпайт. Казактардан жалгыз өзүм болом (жылмайып). Чынын айтсам, өз мекенимде концерт аз коём. Анткени кезинде 5 жыл токтобой, Казакстандагы айылдарды түрө кыдырып концерт бергем.
– Сизди Казакстандын мега жылдызы деп билебиз. Ал жакта мега жылдыз болуп кармалып туруу оӊойбу?
– Өтө кыйын. Бизде абдан эмгекчил, үнү сонун, таланттуу ырчылар көп. Бирок ошонун ичинен суурулуп чыгуу кыйын. Мега жылдызга айланган соӊ деле ошол бийиктикти сактап туруу андан кыйын. Менин оюмча, калктын көӊүлүндө болуп ага жагуу үчүн карапайым болуу керек. «Канчалык улук болсоӊ, ошончолук кичик бол» деген жакшы макал бар эмеспи. Ошондуктан улууга, кичүүгө кезиккенде ассалому алейкум деп саламдашып турам. Элдин сүймөнчүгүнө жөнөкөйлүгүмдүн аркасынан арзып жүрөм деген ойдомун.
– Продюсер менен иштешкен ырчылар дайыма алардын көзөмөлүндө болушат. Сиздин продюсериӊиз болсо апаӊыз. Ал продюсер катары талапты катуу коёбу же ага эркелейсизби?
– Апамдын продюсер экенине ушунчалык сүйүнөм, бактылуумун дагы. Анткени ал мага жан тартып турат. Башка адам продюсерим болсо, ал мага күймөк эмес. Мени ары-бери сүйрөп кыйнамак. Апама эркелейм, «апа, барбайм, апа, койчу» деп коём. Ал мени түшүнүп, баарын иреттеп өз ордуна коёт.
– Мирбек Атабеков, Ильяз Абдразаковдун ырларын аткарып жүрөсүз. Анча атактуу эмес ырчылардыкын да ырдап чыктыӊыз беле?
– Белгилүү эмес ырчылардыкын аткара элекмин. Мирбектен, Ильяздан уруксат сурап ырдап чыккам. Аларга менин ырларымды аткаргыӊар келсе каршы эмесмин, акча деле сурабайм, ала бергиле дегем.
– Эл көзүндөгү адам болгондуктан эркиндигиӊиз чектелүү да. Ошол нерседен кысылып чарчап кеткен жоксузбу?
(Ойлонуп) Ырчылыкка жетиш үчүн кыялданып, аны самап келгем. Бул менин тандоом, ошондуктан чарчадым деп эч айта албайм. Менден өткөн Макпал Жунусова, Роза Рымбаева өӊдүү чоӊ жылдыздар бар. Алар чарчабай эле жүрүшөт го. Аларды көрүп түздөнүп, мен дагы талыкпай иштеп жүрөм.
– Репертуарыӊыздагы ырлардын көбү сүйүү темасында. Аталган тема элге жеӊил жеткени үчүн тандап аласызбы?
– Жок, мен өзүм лирикалуу ырларды, махабатты баяндаган чыгармаларды жакшы көрөм. Анткени бул өмүр энеге, кыздарга, балдарга болгон сүйүүдөн куралат. Махабат сезими менен баарын жеӊип кетүүгө болот.
– Кыргыз элине сиздин каалоо-тилегиӊиз...
– Кыргыз эли аман болсун. Бирге бололу. Элге сабырдуулук каалайм. Студенттердин окуусуна ийгилик! Жараткан башыӊарга бак берсин! Кайрат Нуртастан сиздерге жалындуу салам!
– Маегиӊизге рахмат!

Нурлан Насип: «АЙРЫМДАР КАЙРАТТЫ КЕЛБЕЙТ ДЕП АЙТЫП ЧЫГЫШТЫ»
– Бир нече жыл мурун Кайрат Нуртас Ошко концерт коюп келген. Ошондо «сахнага жаӊы чыгып жаткан учурум. Кийин мен концерт койгондо келип бересиӊби?» деп суранганымда макулдугун берген. Ал берген убадасына туруп достук концертин өткөрүп отурабыз. Кайраттын чыгармачылыгын баалайм, адам катары жөнөкөйлүгүн сыйлайм. Көздөгөн максатым орундалып, таланттуу ырчы менен бир сахнада өз мекенимде концерт бергениме кубанычтамын. Ушунча даярдык көрүп, чоӊ иштин аягына чыкканыбыздан кийин чоӊ жүктү моюнумдан алып койгондой болду. Айрымдар жадакалса «Кайрат келбейт» деп айтып чыгышты. Бирок көргөнүӊүздөй, ал кыргыз сахнасында ырдап, бийлеп жагымдуу маанай тартуулады.
Концертти жогорку деӊгээлде уюштуруу үчүн каражат аяган жокпуз. Уюштуруу иштерине 30 миӊ долларга жакын каражат сарпталды. Бул акчага кымбат унаа сатып алсам деле болмок (күлүп). Акча табыш үчүн парда илип, жөнөкөй жарык берип ырдап койсом деле жарашмак.Бирок мен күйөрмандарымды биринчи орунга коём. Башкы максатыбыз – башкалардан айырмаланып күйөрмандарыбызга эстен кеткис жагымдуу маанай тартуулоо эле. Болгону күйөрмандарым Кайрат чыкканда мени унутуп калбаса болду деген ойлор келген (күлүп). Бирок алар экөөбүздү теӊ жакшы кабыл алышты.

Ырчы үстүндөгү пиджагын чечип көрүүчүлөргө ыргытып, бул мырза пиджакты тосуп алды.

Кайрат гүл сунган кыздар, наристелердин көбү менен сүрөткө түштү.

Динара Абдыкадырова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (23)
Mediziner
2015-11-23 16:03:07
Кайраттын жонокой, кичпейил адам экендиги корунуп турат. Суйлогону да орду менен. Ар дайым бир калыпта журот. Ал эми Нурлан болсо сахнага чыгып элге таанылгандан бери бир аз жылдыз оорусу менен ооруп калгандай. Муну оз жакын санаалаштарынын оозунан да угуп калган жайым бар. Анан да "кыздар Кайрат чыкканда сатылып кетпесе болгону" дегени, тамаша иретинде болсо да туура эмес болуп калыптыр.
+3
barpynynkyzy
2015-11-24 09:34:19
Mediziner,
+1
+1
Elnuram090
2015-11-23 16:19:02
Нурлан мырза коп суйлоп койупсун ким айтты Кайрат келбейт деп каяктагы форумдагылардын коментарийлерин деле айтып чыга бересинби,ким экен ал келбегидей айдан тушуптурбу Кайрат Казакстандын мега жылдызы болсо сен биздин мега жылдызыбызсын Кайрат биздин ырчылардын ырларын коп ырдайт а биздин мега ырчыларыбыз казак ырчылардын ырын ырдаганын анчале королекмин бул да болсо айырмачылыгынар сен биз учун Кайраттан артыксын албетте антип озуну Кайраттан томон себе аны билдирип элге жарыялаштында кереги жок сага чон чон ийгилик.
+3
nazira1989
2015-11-23 18:53:00
Ой жакшынакай эле суйлошуптур го,ичи тар,кенен болбой эле...Аззаматсынар балдар,экоонор эки элдин сыймыгысынар!!!
0
jaina.jaina
2015-11-23 18:55:56
концерт сонун болду, экооно тен ийгилик!
0
xperia_kg
2015-11-23 19:49:35
Кайрат ырдап жургон "баралбадым" деген ыры да кыргыздардыкы керек болсо. Кыргыздардын ырлары менен эле сахнада журот го. Супер сиздерден сураныч ошол "Баралбадым" деген кыргызча версиясын жуктоп коё аласыздарбы ретро эски ыр, сураныч!
+5
Jaz3
2015-11-23 21:01:19
Шералы Султанов - Баралбадым http://www.super.kg/media/useraudio/78697/
0
Maxima
2015-11-23 21:13:08
Эки куну тен Кайрат костюмдарын элге ыргытты. Ойлоп калдым кийилбей гардеробунун тубундо жаткан эски кийимдерин Кыргызстанга кийип барып жогото келейин деп келгенби деп. Жакшы, жаны, кымбат сахна кийимин ыргытпайт эле, тем более эки кун катары менен...
-1
guzel_
2015-11-23 22:12:10
нурлан жылдызы жок
0
tin-tina
2015-11-24 00:16:06
Баарыбыздын жакшы жаман жактарыбыз бар элдин баары периште эместа.Жеке жашоосуна отпой чыгармачылыгын айткыла.
+2
nurzada78
2015-11-24 04:57:12
Кайрат аябай акыл менен митаамдыкты аралаштырып жооп бериптир!Ал эми биздин Нурлан болсо,баарын ачык айтып,болгонун болгондой кылып айтып салыптыр
0
amanatym
2015-11-24 13:12:50
Ар кимдин табити ар кандай бирок жеке мен учун Нурлан лампочка да эмес.Уну жок адашып сахнага келип калгандай, вкус жок элдер келет экен, угат экен деп эле ырдай берген болбойт женил желпи.Озун таанытып алды элге эптеп хотя Кыргызстан кичинекей олко бир жолу чыксан эле таанымал болуп каласын.Келечекте жакшы ырлар менен чыгат деген умуттомун кийинки муунга кала турган.
-1
briliant87
2015-11-25 14:18:50
Кайрат кийимсиз калдыбы а ыргытаберип.
0
Senuchunzhashaim
2015-11-25 15:54:30
Кайратты жактырчу эмесмин, мына интервьюсунан кийин жактырып калдым. Нурландан Кайратка сатылып кеттим озу айтмакчы )))) Кайрат соонун жигит турбайбыыы.... Ийгилик эковуно тен.
0
men14
2015-11-25 16:44:19
Концерт отту, эртесида болду. Ар ким ар нерсе дейт. Кыскасы Кайратка да, Нурланга да ийгилик!
0
raim7979
2015-11-26 02:30:23
mirlanchik9 sendagy kairattyn dengeline jet anan suilo albette vsakamernyi bolotta anyn aldynda keche ele chykkan nurlan kim boluptur
0
№ 681, 20-ноябрь-26-ноябрь, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан