Турсунбай Бакир уулунун мурдагы жубайы, актриса Нуриза Бурханованын жашоосунда жаӊылык башталган өӊдүү. Социалдык тармактарда бирма боксу боюнча Евразиянын чемпиону Дастан Шаршеев экөө бири-бирине «жаным» деп кайрылып жатканын көрүп, көпчүлүктүн оюнда алардын ортосундагы достукпу же жаӊы сүйүү оту тутанып жатабы деген суроо пайда болсо керек эле. Дал ушул суроону Нуризага бергенибизде: «Мен Дастанды жакшы деле тааныбайм. Аны менен жолугуп деле көрбөгөм. Социалдык тармактарда эле досмун. Фейсбук, Инстаграмда мени «жаным» деп жазган жигиттер көп эле»,- деген жай жообун узатты.