Архив
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар
Akbuura gazeta

КЫРГЫЗ КЕРЕМЕТИ КАЙРА ТУТАНАБЫ?

№377 22-28-январь, 2010-ж.


Мезгил үнү

Кыргыз киносу дүйнөлүк аренага чыгып, кыргыз керемети деген атка конгон 60-70-жылдар эсиңизде болсо керек. Жапайы кыргыз деп эсептеген башка улуттарга кыргыз эли таланттуу эл экенин тааныткан кыргыз киносу, кино ишмерлери, албетте, сөз кылганга арзыйт.

ТАРЫХЫ
1941-жылдын 17-ноябры тарыхта кыргыз киносунун жаралышы катары эсептелинет. Анткени ушул күнү Совет элдик комитети “Фрунзе шаарында кинохроникалык студия курулсун” деген буйрук чыгарып, ал 1942-жылы иш жүзүнө ашкан. Бирок кыргыз жеринде 1927-жылы эле фильм тартылган болчу. «Өзбеккино» тарткан “Жабык араба” аттуу толук метраждуу тасмада алгачкы кыргыз актрисасы Айша Түмөнбаева башкы ролду ойногон. Cоюздаш улуттар кыргыз жерине өтө кызыгып, ал тууралуу документалдуу фильмдерди байма-бай тартып турушканы менен ата мекендик көркөм фильм жаралган эмес. 1941-жылы болсо алгачкы жолу “Чапаев”, “Он үчүнчү”, “Ленин октябрда” деген фильмдерин кыргыз тилинде сүйлөтүшкөн.

АЛГАЧКЫЛАР
Кыргыз киносунун алгачкы карлыгачы – 1955-жылы тартылган “Салтанат” тасмасы. Бул тасманы "Мосфильм" тартканына карабай, кыргыздын алгачкы киносу деп эсептелинет. Анткени биринчи жолу кыргыз актёрлору өз жүзүн көрсөтүп, киноискусствосуна олуттуу кадам ташташкан эле. Ийгилик биринчи фильмден эле башталып, москвалыктар жылуу кабыл алышкан. Фильмдин ийгилигине чыгаан актёрлор да салым кошушкан. Кыргыз киносунун ушул күнгө чейинки лидери Бакен Кыдыкеева жана театр падышасы деген атка конгон Муратбек Рыскулов аталган тасмада роль жаратып, биринчи жолу көгүлтүр экранга чыгышкан.

ТӨРТ ТАЛАНТ ЖАНА АЙТМАТОВ
Кыргыз киносуна күчтүү төрт инсандын келиши менен кино дүйнөсү алдыга бир секирик жасады. 1960-жылдары ВГИКти бүтүп келген Мелис Убукеев, Төлөмүш Океев, Болот Шамшиев, Геннадий Базаровдор кино дүйнөсүнө из сала алышты. Профессионалдуулук, эмоция, талант... Алардын тасмаларынын өзгөчөлүгү ушунда болчу. Атай кетсек, Убукеевдин “Тайгак кечүү” тасмасы, Океевдин “Бакайдын жайыты”, “Отко таазим”, “Кызыл алма”, “Көк серек” фильмдери, Шамшиевдин “Ак кемеси”, Базаровдун “Саманчынын жолу” тасмалары эл аралык фестивалдардан жеңиш менен гана кайтып жатышты. Кыргыз киносунун ийгилигине Чыңгыз Айтматовдун да чоң салымы бар. Анын чыгармаларын экрандаштыруу ошол кездин модасына айланган. Алтургай биздин режиссёрлордун колунан талашып, орус режиссёрлору да анын чыгармаларын экрандаштырууну каалашкан. Мисалы, “Мен Тянь-Шань”, “Жамиля” чыгармаларын Ирина Поплавская экрандаштырса, “Биринчи мугалим” тасмасын Андрей Кончаловский тарткан. Ошентип, кыргыз кереметинин доору он жыл бою өкүм сүргөн.

НАЗАРЫҢЫЗДАРДА МУЛЬТФИЛЬМ...
Азыр кыргыз тилине которулуп берилип жаткан мультфильмдерди балдар кандай кызыгуу менен көрүп жатканын байкайсыздарбы? Ал эми балдарга арналган биринчи кыргыз мультфильми 1978-жылы жарык көргөн. “Сандардын талашы” аттуу фильмдин режиссёру Сагынбек Ишенов болчу. «Олокон», «Меке чал жана кара дөө», «Толубай сынчы» аттуу фильмдер да ушул режиссёрдун колунан чыккан.

ДООР МЕНЕН БИРГЕ
Кыргыз киносунда аты алтын тамгалар менен жазылган актёр, актрисалар бар. Ириде алардын актёрдук таланты көз алдыга келет. Кино дүйнөсүндө Бакен Кыдыкеева, Советбек Жумадылов, Болот Бейшеналиев, Таттыбүбү Турсунбаева, Сүймөнкул Чокморов, Сабира Күмүшалиева өңдүү таланттар актёрдук кесип деген сөздүн маанисин ачып беришти. Ал эми 80-жылдарда ушул улуу муундун ордун баскан мыкты актёрлор Жамал Сейдакматова, Назира Мамбетова, Дүйшөн Байдөбөтов, Айтурган Темирова, Орозбек Кутманалиев, алардан кийинчерээк Абдумалик Шерматов, Шайыр Касымалиева жана башкалар болду. 90-жылдары кино дүйнөсү суу куйгандай дымыды. Мыкты чыгар таланттарыбыз башка өлкөлөргө кетип, бул жакта калгандар кино тартканга каражаты жок, оор кырдаалды баштан өткөрүштү.

КЫРГЫЗ КЕРЕМЕТИ КАЙРА ЖАНДАНАБЫ?
Он жыл оор уйкудан кийин кайрадан кино дүйнөсүндө жандануу пайда болду. “Беш кемпир”, “Маймыл”, “Бороондуу станция” тасмалары кайрадан кыргыз киносун жандандырды. Эрнест Абдыжапаров, Нурбек Эген, Актан Арым Кубат, Бакыт Карагулов, Темир Бирназаров сыяктуу режиссёрлор учурда жигердүү эмгектенип жатышат. Ушундан улам “кыргыз керемети кайрадан гүлдөгөн доорду башынан өткөрөбү?” деген суроо пайда болууда. Заман агымына жараша учурда кинону искусство катары эмес, бизнес катары караган адамдар көбөйдү. Тажрыйбасыз режиссёрлор тарткан чалагайым тасмалар бүгүнкү күндө жаандан кийинки козу карындай жайнайт. Минте берсек, элибиздин киного болгон табитин жоготуп албайбызбы деген ой түйшөлтөт. “Кыргыздын түркөйлүгүн тартканда гана “Оскарды” алабыз” деген кепти төгүнгө чыгарып, келечекте “Оскарга” профессионалдуулугу менен татыган тасмаларды жаратсак деген үмүт бар.

КЫСКАЧА КЫЗЫКТАР

  • Кыргыз киносу үч жолу “Оскарга” көрсөтүлгөн. Төлөмүш Океевдин «Көк серек» тасмасы, Актан Арым Кубаттын «Беш кемпири» ошондой эле немис режиссёру Франк Мюллер жана кыргыз киночусу Эрнест Абдыжапаров биргелешип тарткан “Теңир” тасмасы.
  • Кыргыздын алгачкы актрисасы Айша Түмөнбаева (Карасаева) белгилүү тилчи Хусейин Карасаевдин өмүрлүк жары болгон.
  • «Советтик Кыргызстан» алгачкы киножурнал десек болот. Кино өнөрү тууралуу кыргыз эли ошол журналдан маалымат алышкан.


Кыргыз киносу

БҮГҮНКҮНҮН ТАТТЫБҮБҮ, СҮЙМӨНКУЛУ КИМДЕР?

Киноискусствосуна из салган мыкты актёрлор жараткан образдар көпчүлүктүн эсинде. Ал эми азыркы учурда кино тармагында аларга тең келбесе да чамалап бара турган чыгаан актёрлор барбы? Бул суроо менен режиссёрлорго, тажрыйбалуу актрисаларга кайрылдык.

Жамал Сейдакматова, актриса:
– Кыргыз киносу дүркүрөп турган учурда мыкты таланттар жаралды. Эми алардай таланттар кыргызда жаралышы күмөн. Бирок азыр да уучубуз куру эмес. “Боз салкында” Анаранын ролун, кийин “Уурунун махабатында” кайырчы кыздын ролун аткарган Зарина Асаналиевага, Альбина Имашевага, Элина Абай кызына драмалык актриса катары баа берип жүрөм. Ал эми театр актёрлорунан “Дем” театрынын Замир Сооронбаев, Марат Козукеев деген жигиттери таланттуу. Айтор, таланттар көп эле. Болгону, аларды тапташ керек. Актёрдун талантын мыкты режиссёр ачат эмеспи. Мисалы, Сүймөнкүл Чокморовду тагдыр убагында Болот Шамшиев, Төлөмүш Океевге окшогон режиссёрлорго жолуктурбаса ким билет, кандай болот эле?..

Темир Бирназаров, режиссёр:
– Бакен Кыдыкеева, Таттыбүбү Турсунбаева, Алиман Жанкорозовалар жүрөгү менен ролго жуурулушкан актрисалар болгон. Алар эмнеге мыкты деген атка татыктуу, билесизби? Анткени алар кыргыздын накта жүзүн ачып беришкен. Басканы, сүйлөгөнү, дүйнө таанымы менен кыргыздын ак маңдай аялзатынын образын ачып беришкен. Азыркылар ролго жаттап киришет. Ошондуктан мыкты актриса деп эч кимди айта албайм. Ал эми профессионал актёрлор катары “Дем” театрынын жигиттери чын эле таланттуу. Балким, бизде киного жакшылап көңүл бурулса, чет жерде жүргөн таланттуу балдар-кыздарыбыз өз мекенинде жакшы эмгектерди жаратмак беле деп ойлойм.

Шайыр Касымалиева, актриса:
– Эми Бакен эжедей талант чанда гана жаралат. Бирок өң-келбет жагынан Тынара Абдразакова деген актриса окшоп кетет. Ал эми Таттыбүбүдөй актриса азыр жок деп айта алам. Азыр деги эле актрисанын талантына баа берилбей калбадыбы. Сулуу болсо эле «болду, бул актриса боло алат» деген жаңылыш пикир жаралып келет. Бирок актрисалыкка чыныгы талант керек. Билбейм, айтор, азыр алардын ордун баса турган чыгаан актёр же актриса бул деп көрсөтө албайм. Балким, буга учурдун талабы да күнөөлүүдүр.

Эрнест Абдыжапаров, режиссёр:
– Көпкө уктап жатып ойгонгондой, азыр кинодо кайра жаралуу болуп жатат. Өткөөл мезгилде киного көп көңүл бурулбай кетпеди беле. Ал эми учурдун жаңы муундарына келсек, мен таланттуу актёр катары Мухамбет Токтобаевге (“Бешик” тасмасында башкы роль жараткан) баа берем. Ал эми көптү үмүттөндүргөн актрисалардын бири деп Элина Абай кызын, Асеманы айтар элем. Булардын келечеги али алдыда. Бирок аларды мурунку актрисаларга салыштырып кароонун кажети жок. Анткени ар бир доордун өзүнүн талабы болот.

Рысбек Жабиров, режиссёр:
– Элина Абай кызы көптү үмүттөндүрөт. Ал кыздын жүзүнөн башкаларга окшобогон бир нур төгүлүп турат. Анан актрисага керек болгон бой-келбет, талант бар. Актёрлордон болсо Аскат Сулаймановдун актёрлук дарамети күчтүү. Өзүм кийин бир мыкты фильм тарта турган болсом, ушул эки талант менен сөзсүз иштешем деп максат кылып жүрөм.

“КАЙДА ЖҮРСӨҢ АМАН БОЛ,
АЛТЫН БООҢ МЕНДЕ БАР”
Ооба, турмуш оор. Айрым таланттуу адамдарыбыз өз жеринде келечегин көрө албай же айрым шартка байланыштуу чет жакта жүрүшөт. Киноискусствосунда мыкты актёр катары таанылган Докдурбек Кыдыралиев (“Гүлсарат” фильминде Танабайдын ролун ойногон) казак киносунда мыкты ролдорду жаратып келет. Таланттуу актёрубуз Ашыр Чокубаев да казак тасмаларында бир топ чоң ролдорду жараткан. “Аталар керээзи” фильминин режиссёру Нурбек Эген Орусияда жүрсө, Азиз Бейшеналиев орустардын мыкты актёру. Жакында эле “Уурунун махабаты” фильминде кримавторитеттин ролун аткарган Кубанычбек Адылов буга чейин казак тасмаларынын жылдызы болчу. Мына ушулар сыяктуу таланттуу инсандарыбыз өз мекенинде, өз жеринде эмгектенишсе, кыргыз киносу кайрадан кыргыз керемети атагын алат беле деген өкүнүч пайда болот.

Нуржамал Жийдебаева
koom@super.kg


«Супердин» сурак бурчу

АЗЫРКЫ ТАРТЫЛЫП ЖАТКАН КЫРГЫЗ КИНОЛОРУ
КУПУЛУҢУЗГА ТОЛОБУ?

Момункүл,
70 жашта, пенсионер:
– Жаңы тартылган айрым кыргыз тасмалары кубандырбай койбойт. Эриккенде айла жок телевизор тиктейсиң, башты ооруткан орус кинолорунан көрө кыргыз кинолорун көргөнгө не жетсин?! Бирок кемчиликтерден да куру эмес.

Металип,
45 жашта, жеке ишкер:
– “Айыл өкмөтү” деген тасмада аракечтердин дөбөгө чыгып алып, арак иче берген эпизоду таптакыр жакпайт. Андан көрө «Талак» деген тасманын тарбиялык мааниси жакшы экен.

Жумагүл,
65 жашта, пенсионер:
– Союз тарагандан бери кыргыздар кино деле тартпай калышпадыбы. Эми режиссёрлордун жандана баштаганы жакшы иш. Болгону, саны бар, сапаты жок тасмалар көбөйдү. Аталыштарын деле билбейм, кээде карап отуруп, актёрлордун жасалма сүйлөгөндөрүнө кыжырланам.

Улукбек,
18 жашта, айдоочу:
– Азыр пираттык дисктерди сатып алып көрчү болсоң, кыргыз тасмалары толуп кеткендей. Сапаты начар тартылган тасмалардан улам камера кармаганды билбегени деле тарта беришет окшойт деген ой келет. Бирок жаштарга тарбия берчү тасмалар да жок эмес.

Базаргүл,
42 жашта, администратор:
– Тасманын мазмуну жакшы болсо да, азыркы актёрлордун чеберчилиги төмөнкү деңгээлде. Канчалаган таланттуу актёрлор, актрисалар турса, таланты жок эле бирөөлөрдү тарта беришет. Мындай кинолор тартыла берсе, кыргыз киносунун баркы түшөт деп ойлойм.

Марат,
35 жашта, жеке ишкер:
– Жакында эле “Шайтан араба” деген тасманы көрүп алып, кыргыз киносунун баркы ушунчалык кетип калган го деген ойго келдим. Мага актёрлор мектептин клубунда роль жараткандай эле туюлду. Албетте, сөз кылууга арзый тургандары деле бар.

Рысбүбү,
32 жашта, үй кожойкеси:
– Кыргыз киносу жандана баштаганы жакшы иш. Албетте, Төлөмүш Океев, Болот Шамшиевдердин деңгээлине жетишпесе да, алардын жолун улантып келе жаткан режиссёрлор бар.

Бахияна Сатылганова


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 1 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 1) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
21193;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2018 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: