Ильяз Андаштын корейлердикине окшогон көзүн жактырган кыздарды көп жолуктурдум. Бул жигит өзүнүн күйөрмандарын жылдыздуу өңү менен гана эмес, жан дүйнөңө рахат тартуулаган жагымдуу үнү менен да арбап келет. Билесиздерби, анан да Ильяз өзүнүн сахналаштарынын көбүнө нааразы. Эмнеге экенин төмөнкү макаладан окуй аласыздар.
– Ильяз, “жакында көп жылдык келишим менен Кытайга кеткени жатам” дедиң эле. Эмне болду?
– Кытайда досторум көп. Алар телефон чалышып “келип ресторанга ырдабайсыңбы? Айына 2000 доллар табасың” деп жатышкан. Акчасы жакшы угулганы менен такыр бутум тартпай, бул чакырыктан баш тартып койдум. Анын үстүнө чыгармачылыгым да токтоп калчудай. Бир жагынан ата-энем дагы “баарыңар тарап кетесиңерби? Эжең Канадада жүрсө...” деп колдошкон жок. Бирок жакында Америкага кетсемби деген да пландар болууда. Ал жакта классташым бар. Ал «эмнеси болсо да бияктан сени алып кетишим керек» деп жатат. Мен үчүн резюме жазып, интернет аркылуу колледждерге экзамен тапшыртып, өзүнчө эле убара. Экзамен тапшырууга да акча төлөнөт экен. Аны да өзү төлөдү.
– Кыскасы, Кыргызстандан кетем дечи. Чыгармачылыгыңда кандай жаңылыктар бар?
– Буга чейин жылына бир эле клип тартып келсем, эми бул жылы бир нече клипти эл сынына койсомбу деп турам. Жакында эле дос балдар бир ырыма клип тартууну башташты. Анан да англисче, орусча ырдасамбы деген кыялымды жүзөгө ашыруу алдындамын. Негизи, өзүм ыр да жазам, обон да чыгарам. Ыр жазганда эмнегедир көбүн орусча жазат экем.
– Орус мектепти бүттүң беле?
– Каракол шаарында кыргыз эле мектепти аяктагам. Бирок менин мектебимде жалаң байдын балдары окушчу. Анан алар өпкөлөнүшүп орусча сүйлөшөт да. Ошондон улам болсо керек, орус тилинде көбүрөөк сүйлөйм. Анын үстүнө кыргыз мектеп деп аталганы менен, үч-төрт сабактан башкасынын баары орус тилинде өтүлчү.
– Сен анда байдын баласы турбайсыңбы, ээ?
– Байдын баласымын деп деле айтпайм. Үйүбүз ошол мектепке жакын болгондуктан, ата-энем киргизип коюшуптур. Атам бир эле учурда Касымалы Жантөшев атындагы драма театрында актёр, андан сырткары өспүрүмдөрдөн түзүлгөн “Бакай” тобун жетектечү. Атамдын колунан тарбия алып, кичине кезимден эле “Бакай” тобунда ырдадым. Апам болсо Караколдогу музыкалык окуу жайда комуздан сабак берет.
– Кичинеңден эле ырдасаң, ырчы болуу бала кезден бери келе жаткан кыялың экен да...
– Келечекте сөзсүз ырчы болом деп кичинемде өзүмө-өзүм сөз бергем. Ошол тилегиме жеттим. “Бакай” тобунда ырдап жүрүп көп ийгиликтерге жетиштим. “Жаш талант” сынагына көп катыштым. Султан Садыралиев да ошол сынакка барчу. 13 жашымдан тартып эле кафе-ресторандарда ырдадым. Жакшы таптым дегенде күнүнө 200-300 сом, аз дегенде 50 сом тапчумун. Бул ал кезде чоң акча эле да. Кийингенге, мектепке окуу курал алганга кенен жетчү.
– Азыр токтоо көрүнөсүң го, кичинеңде шуулдаган, чыйрак бала болсоң керек, ээ?
– Азыр токтоо деле эмесмин, тескерисинче, өтө шайырмын. Балдар чогулганда күлдүргөндөн тажабайм. Ал эми кичинемде болсо шуулдаганды айтасыз, суу куйду тентек болчумун. 2000-жылы Караколдогу азыр жашап жаткан үйүбүзгө көчүп келдик. Ата-энем жүктөрдү алып келгени эски үйгө кетишти. Мен сандыктын ичине жата калып, тура калып ойноп жатсам бир убакта сыртынан жабылып калып, ачылбай калса болобу! Тебинип жатам, бакырып-өкүрүп жатам, ачылбайт. Дем жетпей баштады. Бир сааттай жаттым окшойт. Акыркы жолу бир аракет кылып көрөйүн деп болгон күчүм менен тепсем ачылып кетти. Сандык ачылары менен эшиктен атамдар кирип келишти. Ошондо ыза болгонумдан өпкө-өпкөмө батпай ыйлагам. – «Үй жумуштарын укмуш кылам» дегениңди уктум эле...
– Мал кайтарганды таятам үйрөткөн. Мектепке баргыча Бөкөнбаев айылында таятамдыкында өскөм. Ал башыма чоң чыныны коюп чачымды кыркып туруп, буту ийри эшегине мингизип кой кайтартып койчу. Андан сырткары, ашканада мыкты кожоюнмун. Тамактын бардык түрлөрүн жасай алам. Уй саайм дегендей.
– Атың чыккандан кийин жаңы ыр жазсаң тез эле элге тарап кетет эмеспи. Ал эми шоу-бизнеске аралашып, эл оозуна алыныш бир топ кыйынга турса керек...
– Бишкекке жаңы келгенде ырчы болсом деген тилегимди ишке ашыруу үчүн КТРге күнүгө бара берчүмүн. Эптеп жүрүп Тынчтыкбек Кожобековдун телефон номерин таап алдым. Бир күнү үйдө отуруп алып Тынчтык байкеге телефон чалдым. Ырчы болоюн дегем десем “ырчы болдуң, ии, анан эмне кыласың?” деди. Белгилүү болгум келет десем, “белгилүү болдуң, анан эмне кыласың?” деп жатпайбы. Эмне деп жооп береримди билбей унчукпай калдым. Ошол күндөн бир жума өтпөй эле “ырдап көр” деп кафеге чакырып калды. Ырдаганымды уккандан кийин “иштесе иштейли” деди. Ошондон баштап ыр жаздырып, сахнага акырындан чыга баштадым.
– Бирок акыркы күндөрү баарына эле өзүң чуркап калгандайсың го...
– Негизи, Тынчтык байке мага продюсер катары эмес, ага катары жардам берчү. Ал менден башка көп ырчыларга жардам бере баштады, анын үстүнө радиого да алаксыды. Ошондон улам былтыр “эми өзүң иште” деди. Өзүң иштеген жакшы экен. Керектүү адамдарың менен өзүң тааныш болуп, көп нерсени үйрөнөт экенсиң.
– Анда шоу-бизнестин күңгөй-тескейин жакшы эле билип калган турбайсыңбы?
– Шоу-бизнестин эң жакшы жагы– күйөрмандарыңдын талантыңды баалаганы. Бир жолу Ошко концерт коюп барсак, көрүүчүлөр сахнадан коё бербей кол чабышты. Ошондо рахат алганымды сурабаңыз. Айрым ырчыларга “сен тиги менен атаандашасыңбы?” десе, “жок, ал менин досум” деп жооп беришет го. Чынында, андай эмес. Алар чыныгы атаандаштар. Атаандашуунун болуп турганы өзү жакшы. Мен баарынан эмнеге нааразы болом? Ырчылар гастролго чыгарда ачык эле “сен мени менен барып кел. Мен сенин гастролуңа барам” деп сүйлөшүп алабыз. Мен ким чакырса эле 10-20 күн болсо деле самсаалап жүрө берет экем. Мен чакырсам эч ким бош эмес десең. Келишсе да бир-эки күн ырдап кетип калышат. Ошого аябай нааразы болуп жүрөм. Айрымдары менен ошонун айынан сүйлөшпөй калгам.
– Ырчылар арасында жакын досуң жокпу?
– Омардан башкасы менен сыймын. Омар экөөбүздүн үйлөрүбүз жакын болгондуктан, Бишкекте болгон концертке же съёмкага чогуу барып, чогуу кетчүбүз. Ошондо Омар: “Экөөбүз үй-бүлөлүү болгондон кийин да катташабыз”,- деп көп айтчу. Ал Америкага кетип калгандан кийин бала кездеги досторум менен эле жүрөм.
– Качан үйлөнөсүң? Үйлөнсөң Караколдо жашайсыңбы же Бишкектеби?
– «Жигит там салыш керек, бак тигиш керек, анан бала чоңойтуш керек» деп коюшат го. Мен там да сала элекмин, бак да тиге элекмин. Чыгармачылыкка катуу берилгендиктенби, кыскасы, азырынча сүйүү отуна жалындай элекмин. Үйлөнүш үчүн биринчи сүйүү отуна кабылыш керек да, туурабы?
Буюрса, үйлөнсөм чыгармачылыгыма байланыштуу мен Бишкекте болсом да, аялым ата-энеме жардам берип Караколдо болот го. Анткени иним Азат болгону алты жашта. Менден он алты жаш кичүү. Кол арага жакшы жарай элек. Апамды атам, энем, таенем болуп үчөөлөп “жашың өтсө да төрөп ал” деп урушушчу. Ошентип жүрүп Азат төрөлгөн эле.
– Буга чейин сүйүп көрдүң беле?
– Мен буга чейин жалаң өзүмдөн улуу кыздар менен сүйлөшүптүрмүн. Байкашыма караганда, алар менен тез тил табышып кетет окшойм. Жаш кыздардын ою эптеп эле мени пайдалануу сыяктуу сезиле берет. Ойлонуп көрсөм өзүмдөн улуу кыздарды жактырат экемин.
– Рахмат маегиңе. Чыгармачылыгың дайыма өсүү жолунда болсун.
Бишкектеги дискоклубдардын биринде ичкендер ичип, бийлегендер бийлеп, чардап жатышат. Кыздарды карап өзүнөн улуураактарга көз салып турган Ильяз Андашка бир жаш кыз келип:
– Байке, сизди эмне, бийге чакырбай жатышабы?
– Эч ким чакыра элек. Азырынча бошмун. – Анда менин сыра куюлган кружкамды кармап турасызбы. Мен бир тегеренип бийлеп келейин.
Сүйүн Кулматова
star@super.kg