Испания гана эмес, дүйнөнүн эӊ белгилүү футбол клубдары мадриддик «Реал» менен каталондук «Барселонанын» өз ара беттешүүсү футбол дүйнөсүнүн назарын буруп келет. «Эль Класико» аталган жүз жылдык тиреш кантип башталганынан тарта алардын акыркы оюнуна чейин баяндайбыз.
КЛУБДАРДЫН ТАРЫХЫ
Испанияда жаӊыдан футбол жайылгандан тарта борбор калаанын футболдук клубу «Реал» менен Каталония провинциясынын «Барселона» командасы алгачкылардан болуп түзүлгөн. Бири шаардан, бири облустан болгон жагдай эки клубдун атаандашуусуна зор түрткү берген.
Испаниянын падышасы жана өкмөтү жайгашкан Мадрид шаарында «Реал» 1902-жылы негизделген. Андыктан клуб падышалык атка ээ болуп, шаардыктардын жакшы көргөн командасы эле. Ал эми «Барселона» клубу 1899-жылы өлкөнүн Каталония автономиялык облусунда түптөлөт. Кезинде Испаниянын диктатурасына кабылган этникалык каталондуктардын жалгыз чер жазуусу – өз клубуна күйөрмандык кылуу эле. Ошондон тарта «Барселонанын» башкы девизи «клубдан да артык» деп аталып, күйөрмандар үчүн Каталониянын көз карандысыздыгынын символун чагылдырган.
«РЕАЛдын» ИЙГИЛИГИ «БАРСЕЛОНАнын» КАЙГЫСЫ
Алгач каталондук клуб «Мадрид» үчүн атаандаш боло алган эмес. Падышалык команда өз курамына өлкөдөгү эӊ мыкты футболчуларды чакырып, ийгиликке жетип турган. ХХ кылымдын ортосунда «Реал» өлкө чемпиондугунан тышкары эл аралык Чемпиондор кубогун 5 жолу катары менен утуп алган. Бул кездеги «Реалдын» ийгилиги каталондуктардын кайгысы эле.
ХХ кылымдын жарымынан кийин гана «Барселона» баш көтөрө баштаган. Анын катарын Голландиянын мыкты футболчусу Йохан Кройф толуктап, чемпиондук наамды алууга көмөктөшөт. Командалардын күчтөнүүсү менен «Эль Класико» тиреши жаӊы тепкичке көтөрүлөт.
САТКЫН АТКА КОНУУ БАТ ЭЛЕ
Элдешкис эки команданын футболчулары бири-биринин катарын толуктоосу чанда гана кездешет. Мындай учурда ал спортчу кечээ күйөрмандардын сүймөнчүгү аталып келсе, эртеси дароо саткын атка конот. Бирок клубдардын тарыхында бул жагдайлар бир нече жолу катталган. Алсак, «Барселона» футболчулары Бернд Шустер, Микаэль Лаудруп падышалык командага кошулушкан. Ал эми 2000-жылы «блаугрананын» эӊ мыкты футболчусу Луиш Фигунун «Реалга» өтүшү менен, ал каталондуктардын негизги саткынына айланган.
Кызыгы, учурдагы «Барселонанын» машыктыруучусу Луис Энрике да падышалык командада 5 жыл ойноп келген. Ал 1996-жылы каталондук клубга кошулуп, аны менен капитандык наамга жетип, кийин машыктыруучусу болуп чыга келди.
МЫКТЫ ОЮНЧУЛАР ТИРЕШИ
Бири-биринен ашып өтүү үчүн командалар ар убак өз курамына мыкты оюнчуларды чакырат. Өз кезегинде падышалык клубда Зинедин Зидан, Роналдо, Бекхэм ойногон болсо, «Барсада» Ривалдо, Роналдиньо өнөрүн көрсөтүп келишкен.
2009-жылы Криштиану Роналдунун «актарга» кошулуусу менен бирге «Эль Класико» жетер чегине жеткендей.
«Реалды» Роналду алдыга сүрөсө, «Барселонаны» Лео Месси жетектейт. Учурда бул командалардын тиреши дүйнө жүзүн экиге бөлөт. Роналдуга жан үрөгөндөр «Реалды» тандаса, Месси мыкты дегендер өзү эле кантип «Барселонага» күйөрмандык кылганын билбей калат.
«ЖЕ МЕН, ЖЕ БЕНИТЕС КЕТСИН!»
Бул эки команда испан чемпиондугу алкагында бири-бири менен 21-ноябрь күнү кез келди. Аталган беттешти КТРК түз эфирде көрсөтөрүн жар салган. Бирок эч кандай түшүндүрмөсүз көрсөтүлбөй, күйөрмандар тарабынан бир кыйла сынга кабылды. Ал эми оюнга келсек, Неймар менен Луис Суарес падышалык клубду өз үйүндө уяткарып, 0:4 эсебинде жеӊип алышты. Бул оюнга Месси жаракатынан улам экинчи бөлүктө гана алмашууга чыккан.
Оюндан соӊ ызаланган Роналдунун падышалык клубдун президентине «Же мен, же машыктыруучубуз Бенитес клубдан кетсин!» деп айтканы ММКларга тарады. Бирок клубдун президенти Флорентино Перес маалымат жыйында бул сөздөр чындыкка дал келбээрин айтып, Рафаэль Бенитеске ишеним артарын билдирди.
Адилет Керимбек уулу
sport@super.kg