ЮЛИАННА КАРАУЛОВА - УЧУРДУН ПОПУЛЯРДУУ ЫРЧЫСЫ

Орусиялык ырчы Юлианна Караулова «Ты не такой» аттуу хит ыры менен азыркы тапта жаштардын сүймөнчүлүгүнө айланды. «5sta Family» тобунун мурунку вокалисти болгон ырчы кыздын ийгиликке карай басып өткөн жолу менен таанышып алыӊыз.

Толук аты-жөнү – Юлианна Караулова Юрьевна
Туулган жылы – 1988-жыл, 24-апрель
Туулган жери – Орусия, Москва шаары
Бою – 168 сантиметр
Үй-бүлөлүк абалы – Бойдок

«ЖЫЛДЫЗДАР ФАБРИКАСЫНЫН» КАТЫШУУЧУСУ
Юлианна 4 жашка чыкканда атасынын жумушуна байланыштуу үй-бүлөсү менен Болгариянын София шаарына көчүп барышат. Жаштайынан музыкага жакын өскөн болочоктогу ырчы алгачкы ирет 5 жашында сахнага чыкса, 14 жашында 3 кыздан турган «YES» аттуу топтун курамында ырдай баштайт. Жан дүйнөсү арзуу-тилектерге толгон топтун кыздары Орусиянын «Жылдыздар фабрикасы» долбоорунун 5-сезонунун тандоо туруна бармай болушат. Бирок 16 жаштагы Караулова күтүүсүз жерден кастингге баргысы келбей жатканын айткан. «Ал жакта баары акчанын күчү менен чечилет деп ойлочумун. Ошондуктан убактымды текке кетиргим келген эмес. Бул оюмду билген атам колумдан жетелеп кастингге алып барган».
Кызыгы, топтогу башка кыздар кийинки турга өтпөй, каалоосу жок келген Юлианна жылдыздар үйүндө жашоо мүмкүнчүлүгүнө ээ болот. Долбоор жыйынтыкталган соӊ продюсерлер курамы 3 кыздан турган (ред. анын ичинде Юлианна да бар) «Нецке» аттуу топ ачышат. Бирок бул топко ийгилик жылмайбай акыры тарап кеткен.
Жогорку билим алууну самаган ырчы Москвадагы Гнесиндер атындагы музыкалык академияга тапшырып, аны менен катар орусиялык «YES» журналында редактор болуп иштей баштайт.

«5STA FAMILY» ТОБУНУН ВОКАЛИСТИ БОЛЧУ
Журналисттик кесиптин артынан Юлианна «5sta Family» тобунун жигиттери менен таанышкан. Алар кызды кастингге чакырып, кийин топко кабыл алышат. Ошентип 2011-жылы чыгармачылык пикир келишпестиктен улам аталган топтон кеткен ырчы Ольга Засульскаянын (Лоя) орду Караулова менен толукталган. 4 жыл бою топто ырдап, акыры Юлианна жеке ырчылык менен алектенүүнү туура көрөт. Учурда ырчы кыздын аткаруусундагы «Сен андай эмессиӊ» («Ты не такой») аттуу ыры Орусиянын бардык радиолорунда жаӊырып, ага тартылган клип музыкалык хит-параддарда 1-орунду башкаларга бербей келүүдө.

ПРОДЮСЕРИ МЕНЕН СҮЙҮҮ МАМИЛЕСИНДЕ
«Жылдыздар фабрикасынын» катышуучусу болуп жүргөн кезде Юлианна долбоордун дагы бир катышуучусу Руслан Масюков менен сүйүү мамилесинде болгон. Алардын сүйүүсүнө телеэкран аркылуу көпчүлүк күбө эле. Бирок бул мамиле долбоор менен кошо соӊуна чыгып андан ары уланган эмес. Учурда Юлианна саунд-продюсер Андрей Чёрный менен сүйлөшүп жүрөт. Ырчы аны менен «Жылдыздар фабрикасы» долбоорунун үн жаздыруу студиясында таанышкан. 7 жылга созулган достук акыры сүйүүгө айланып, азыр Андрей ырчынын чыгармачылыгына колдоо көрсөтүп келет. Ал эми Юлианна өзүн Андрейдин продюсер катары жараткан алгачкы ийгиликтүү долбоору экенин жашырбайт. Кантсе да бул ирет эки жаштын мамилеси келишимдин бүтүшү менен аяктабай тойго чейин жетсин дейли.

Динара Абдыкадырова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
jama9210
2015-11-30 21:20:03
Ты не такой деген ырды суйуп угам да))
+2
aizada15
2015-11-30 23:11:13
Ушунун ыры барбы медиа–порталда
0
admin_superstan
2015-12-01 11:19:00
№ 682, 27-ноябрь-3-декабрь, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан