БӨТӨН ЖЕРДИН БУУДАЙЫ

(Башталышы өткөн сандарда)

Канат аке техграфикти унутуп кетип кайра келген экен, ар нерсени айтып жатып араӊ кетирдим.
Карап турганбы, Канат аке кетери менен Андрей түшүп келди да, товарды алып кайра кирип кетти. Уф деп эле отуруп калдым.
Эми мага Бекболоттон маяк келиш керек, ага Андрей чалмак. Эгер баары жакшы болсо бир эле маяк келмек, бир маяк келди, башка маяк келген жок.
Самолёттун түбүнө кирип отуруп, КППда мени чочуткан Замир досумду, Берди акени, Канат акени ойлодум, азыр алар эч нерседен коркпой-үркпөй отурушат. Бири-бири менен тамашалашып, эртеӊ сменди тапшырып үйүнө барышканда да күнүмдүк тирилиги менен убара болушуп, түндө да санаасы жок укташат.
Акыры самолёт учуп кетти.
Бекболот да кеткен болушу керек, ал самолёт учуп кетмейинче аэропорттун жанында турмак.
Эртеси Бекболот менен жолуктум. Колумду катуу кысып куттуктап, «бул сага» деп гезитке оролгон бир нерсе берди. Жумалы аке да салам айтып жибериптир, «эми бир жумадан кийин жөнөтөбүз» деди да кетти. Үйгө кирип гезитти ачсам 3 миӊ доллар экен.
Ошентип жума сайын жөнөтүп жүрдүк. Бекболотту товар жөнөткөндөн кийин акча алганы жолукканда эле көрбөсөм, көрбөйм деле. Жөнөтөр күндүн убактысын эле айтып коёт, башка сүйлөшпөйбүз. Азыр эч нерседен коркпой деле калдым, посттордон күлүп-жайнап эле өтүп кетем.
Элиза менен аябай жакшы болуп кеттим. Бош убактым болор менен барам, клиенттер жок болсо мени менен сүйлөшүп отура берет. Ага өтө эле байланып бараткандаймын, көргүм эле келе берет. Ал деле мага көнүп калды окшойт, туулган күнүндө куттуктап жаӊы кымбат телефон белек кылдым эле албайт, араӊ алдырдым. Шаарда квартирада турат экен, агенттен түн бир оокумга чейин жазышабыз. Анын да ата-энеси кичине кезинде жол кырсыгынан каза болушуп, таенесинин колунда өскөн экен. Таенеси өтүп кеткенден кийин шаарга келе бериптир. Аны уккандан кийин аяп, ого бетер жакшы көрүп калдым. Экөөбүздүн окшош жактарыбыз көп болуп чыкты.
Адам жеӊил турмушка тез эле көнүп кетет экен. Мурун кеч тургандарды кантип уктай берет деп түшүнбөчү элем, азыр өзүм саат 10-11ге чейин уктайм. Жадакалса өзүмө тамак жасагандан эринем, көбүнчө кафелерден эле тамактанып алам.
Көптөн бери товарды жөнөтүүнүн башка, коопсузураак жолун ойлоп жүргөм, ошону кылып көрөйүн деп чечтим. Себеби Андрей деле жөнөкөй эле учкуч да, аны Ошто текшербесе да Москвада текшерип калышы мүмкүн эле. Эгер ал кармалып калса, мага аябай жаман болмок.
Базарга барып өзү жүрө турган, пульт менен башкарылуучу Кытайдын оюнчук машинасын, паяльник, кичине болт, гайка дагы майда-чүйдө керектүү нерселерди, бир арзан кол телефон сатып алып келдим.
Менин максатым – товарды Москванын аэропортуна киргизбей, сырттан алуу эле. Самолёттор жерден көтөрүлгөндөн кийин дөӊгөлөктөрү жыйылып ичине кирип кеткен жерин орусча днище деп коёт, бардык самолёттордо окшош, ал жеринде бизче айтканда тешик-тушуктары көп болот. Товар сала турган ыӊгайлуу жери да бар эле, ошол жеринде 3 трубка өтөт, ал трубкалардан, жерде 40 градус ысык болсо да, асманда 10 километр бийиктикте аябай суук болот. Ысыктан суукка чыкканда самолёт жөнөкөй тил менен айтканда тердейт да суунун тамчылары пайда болот, тамчылар ошол трубкалар аркылуу жерге агып кетет. Менин оюм товарды ошол жерине салып жөнөтүү эле.
Үйдө даярдай баштадым, 10 кило алебастр алып келип пакетке 3 килосун салып төрт бурчтук кылып скотч менен ородум. Сыртынан пенопласт менен да ороп, ичине телефон салдым да, анын сыртынан дагы пенопласт менен ородум. Бир капталына кичине жыгач рейка кошо ородум да, жыгачка оюнчук машинанын моторун катырдым.Мотордун учуна велосипеддин тормозунун тросунан узундугу 7 сантиметр кыркып кичине болттор менен катырып, тростун учуна кайырмактыкындай кылып илмек жасап болт гайка менен катырдым. Моторго ток келүүчү эки зымына оюнчук машинанын дистанционный управлениесинин блогун уладым да, 2 батарейкага уладым. Анан моторду аралыктан башкаруу үчүн пультту даярдадым, пульттагы 3 эле кнопканы калтырдым, машинанын алдыга жүргүзүүчү кнопкасын, токтотуучу кнопкасын жана артка жүргүзүүчү кнопкасын калтырдым да, калган кнопкаларды паяльник менен үзүп салдым. Самолёттун трубасындай калыӊдыктагы труба таап келип дубалга трубанын башын ылдый каратып катырдым. Баары даяр болду. Эми иштегенин текшериш керек эле. Дубалга катырылган трубага илмекти илип бир колум менен товарды кармап туруп, телефондун секундомерин жүргүзүп койдум да, пульттун алдыга жүргүзүүчү кнопкасын бастым. Мотор оӊ жакка айланып тросту айлантты эле илмек трубага оролуп бекем катты, 7 секундда катат экен, пульттун токтотуучу кнопкасын басып мотордун айланганын токтоттум да, машинаны артка жүргүзүүчү кнопкасын бастым, мотор сол жакка айланып тросс бошоп илмекти артка бурады эле илмек трубадан чыгып кетти, 10 секундда илмек чыгат экен. Бир жума текшердим иштешин, күндө жарым килограммдан алебастр кошуп турдум, 7 килограммга чейин жеткенде токтоттум. Ишеничтүүрөөк болсун деп моторду чоӊураагына алмаштырдым. Дагы 1-2 жерин алмаштырдым, акыры кынтыксыз иштээрине көзүм жеткенде телефонго тартып Бекболотко көрсөттүм. Ал видеону көрүп өзүӊ жасадыӊбы деп ишенбеди. 2 күндөн кийин Жумалы аке келиптир, кайра-кайра иштетип көрүп, аябай эле таӊ калды. «Мунун баарын кайдан билесиӊ, кантип жасадыӊ?» дейт. Авиациялык колледжде электротехника сабагында мындай нерселерге кызыгып калган элем, көп журналдарды таап окуганмын, ошолордун пайдасы тийди десем таӊ калат. Ойлосом колледжде бизди жакшы эле окутушкан экен, бир да баланын акча берип экзамендерин бүтүргөнүн уккан эмесмин, кантсе да союздун тартибине көнгөн күчтүү мугалимдер экен да.
Бирок Жумалы байке дагы деле ишенбеди, коркту окшойт, акыры «мейли, бир жолу көрөлү, алебастрды жөнөтүп көрчү» дейт. 2 күндөн кийин Андрейдин самолёту келе турган, ошол рейс менен жөнөтөйүн десем макул болду. Өзү эртеӊ менен Москвага учуп кетмекчи болду, барып Андрей менен сүйлөшүп, аэропорт жактагы токойду көрүп, кыскасы, даярдана турган болду. 2 күндөн кийин 3 кило эмес, 5 кило алебастрды самолётко орнотуп, Андрейге пультту бердим. Жумалы байке Андрейге видеону көрсөткөн экен, Андрей деле техниканын адамы да, дароо эле түшүнүптүр...

(Уландысы кийинки санда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (7)
tynar92kg
2015-11-30 09:50:25
Жашоо адамды эмнеге гана уйротпойт
+4
Adik01219
2015-11-30 12:01:27
Даа!!!кутобуз кобуроок эле жазгылачы
+1
Gulya.akbaralieva
2015-11-30 15:54:45
Скучный сериал. Эч кызыгы жок жазылыптыр
0
Nuka93
2015-11-30 20:44:04
майда-чуйдосунон бери жазганы учун скучный Болуп кетиптир
0
Neizvestno777
2015-12-01 02:06:35
Эмне бул чыгарма жаштарга наркотикти кантип ташуунун жолдорун уйротобу? Бул чыгарманы окуган оспурум ушинтип байысам .
болот турбайбы деп оюу бузулат
0
Kontinent
2015-12-01 20:07:02
Майда чуйдосуно чейин жазып тушунуктуу болуп жатат. Эмнеси кызыксыз? Балдар боевик кинолорду коруп деле бузулгусу келсе бузула берет. Жакшы окуя экен кызыктуу. Аягына чейин чыдап куткуло да
+2
joomart90
2017-01-15 17:16:27
Аллах сактасын эч ким бузулбасын. Бул каармандагы баланы да птстава кылат окшойт. Эки орусту урган жери барго ошол атайын болду окшойт.
0
№ 682, 27-ноябрь-3-декабрь, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан