ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ (30-ноябрдан 6-декабрга чейин)

КОЙ (21.03-20.04)
Аптанын башында ички туюмуӊуз түзүлгөн кыйын кырдаалды талдап, анда өзүӊүздүн жана чөйрөдөгүлөрдүн күнөөсү канчалык экенин аныктоого жардам берет. Аптанын ортосунда өзүӊүзгө же жакыныӊызга тиешелүү юридикалык маселелерди чечесиз. Досуӊуз каржылык жактан жардам бериши мүмкүн.Аптанын аягында чакырган жерден калбаӊыз, белекке ээ болосуз.

БУКАЧАР (21.04-20.05)
Аптанын башында өзүмчүл болуп чыга келишиӊиз ыктымал. Чөйрөдөгүлөр менен сиздин кызыкчылык дал келбей, ошондон улам аларга каарыӊызды төгүүдөн байкалмакчы. Апта ортосунда алыстагы туугандардан кабар алып, атүгүл алар менен көрүшүӊүз да мүмкүн. Автоунаасы барлар текшертип албаса, жолдо калуулары ыктымал.

ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)
Аптанын башында чарчап-чаалыккандан кырдаалды туура баамдай албай, катачылыктарды кетирүүӊүз мүмкүн. Мындан пайдаланган жашыруун кас адамдар ушак таратышат. Шаршембиде зер буюмдарды сатып алуу оюӊуздан кайтыӊыз, өз баасынан кымбат алып алышыӊыз мүмкүн. Жума күнү көп маселени чечүүгө жетишип, эс алуу күндөрүн жаӊы идеялар менен иштеп өткөрөсүз.

БӨЙӨН (22.06-22.07)
Бул аптада атаандаштарыӊызга үстөмдүк кылып, пайда сиз тарапка чечилет да, иш ордуӊуздан көтөрүлүшүӊүз ыктымал. Шаршембиде сизге айтылган сынды туура
кабыл алсаӊыз, келечекте пайдасы тиет. Бейшембиде сүйүктүүӊүз менен чырдашып, ким күнөөлүү экенин аныктай албай убара болосуз.
Жума күнү бирөө-жарым сизди бал тилге салып алдап кетиши мүмкүн, эч кимге ишенбеӊиз.

АРСТАН (23.07-23.08)
Шейшембиде майда, бирок маанилүү нерсе жоготуп алышыӊыз ыктымал. Мисалы, үйдүн же машинанын ачкычы, андыктан сак болуӊуз. Шаршембиге маанилүү иш пландабай туруӊуз, ийгилик сиз тарапта болбойт. Жума күнү сезимиӊизге чок салган адамга кезигесиз. Апта аягында чала тааныш адамга сырыӊызды айтып иш тапшырбаӊыз, каржылык жоготууга учурап калууӊуз ыктымал.

БИЙКЕЧ (24.08-23.09)
Активдүүлүгүӊүз аптада бир орунда отургуза койбойт. Тезинен чечилүүгө тийиш болгон маселени колго алып, ийгиликтүү бүткөрөсүз. Болгону шашкалактап чөйрөдөгүлөргө катуу тийип албаӊыз. Шаршембиде келечектеги максатка жетүү үчүн апыртпай, чеги менен калп айтууга туура келет. Дем алыш күндөрү үйдөн чыкпай китеп окуп, сыналгы көрүп эс алуу сунушталат.

ТАРАЗА (24.09-23.10)
Жашооӊуздагы баалуулуктарды кайра карап чыгуу керектелет. Анткени иштеп чыккан пландарыӊыз учурдун талабына төп келбей калганын баамдайсыз. Аптанын алгачкы күнү санаага салган маселе менен башталып, кийинки күнү баары өз ордуна келет.
Бейшембиде айрымдар кызматынан жогоруласа, айрымдардын айлыгы көбөйүшү күтүлүүдө.

ЧАЯН (24.10-22.11)
Сиз күткөн мезгил жетип, тилектериӊиз орундала турган апта. Ашыкча күч жумшабай, максатыӊызга оӊой жетесиз. Туура жол менен алдыга жылууга кеӊешчилер табылат. Жыйынтыгы сүйүү романына өсүп жетчү кызыктуу таанышуу да күтөт. Карыз сурагандарга акча бербеген жакшы, кайтарып алуу кыйын болот. Апта соӊу кыжырыӊызды кайнаткан ишке туш болосуз.

ЖААЧЫ (23.11-21.12)
Келбетиӊизге көӊүл буруп, ден соолугуӊузду калыбына келтирүүгө ыӊгайлуу апта. Айрымдар иштер менен узак жолго чыгышса, айрымдардын үйүнөн апта ичи конок үзүлбөйт. Каржы иштеринде ашыкча чыгым болбоо үчүн тактык талап кылынат.
Аптанын ортосунда сезимиӊизге чок салган адамга кезигесиз. Дем алыш күндөрү үй, чарба иштери менен алектенесиз.

ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)
Апта сиз үчүн оор жагдайлар менен коштолот. Жасаган ишиӊиз көӊүлдөгүдөй болбой убара тартасыз. Бирок керектүү адамдар менен акылдашып аракет кылсаӊыз, жума күнү эмгегиӊиз акталат. Шаршембиде тиричилик техникасын сатып алуу маселеси чыгат. Карызыӊыз бар болсо, ишембиде доочулар тынчыӊызды алышат. Жекшембиде үй-бүлөдө пикир келишпестик жаралуусу ыктымал.

СУУ КУЯР (21.01-19.02)
Чуркап иштегендиктен өзүӊүзгө, эс алууга убакыт бөлчү кезек келди. Тынчыӊызды алган ойлорду унутууга аракет кылыӊыз. Буюм сатып алууда сапатына көӊүл буруп албасаӊыз, кайра өткөзүү кыйын болуп калат. Балдарга көӊүл бөлүп, алардын муктаждыктарын угуӊуз. Бейшембиде маанилүү окуяны унутуп, өткөрүп жибербөө кажет. Жума күнү алыста жашаган адам менен таанышасыз.

БАЛЫК (20.02-20.03)
Ашыкча түйшүккө малынбайын десеӊиз, пикир келишпеген адамдар менен талашуудан качыӊыз. Жаӊы иш баштоону пландасаӊыз, аны кийинкиге жылдыра турганыӊыз оӊ. Дүйшөмбү акча менен жаӊылык тартуулайт. Бейшембиде сизге бут тоскондордун эсебин табууга жетишесиз. Жекшембиде электр буюмдарын колдонууда жаракатка кабылуу коркунучу жогору экенин эске алыӊыз.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 682, 27-ноябрь-3-декабрь, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан