БАРДЫК ЖОЛДОР КУДАЙГА АЛЫП БАРАТ

Адам кайсы динди тутунат, кимге сыйынат өз эрки. Буга ишен, сеники туура эмес деп таӊуулаганга болбойт. Атактуулар айылында бул көрүнүш кандай, ким кайсы динди тутунат, сурап көрдүк.

Эрнест Абдыжапаров, режиссёр: «МЕЙЛИ ХРИСТИАН, БУДДИСТ БОЛ, ТУУРА ЖОЛДО БАРАТСАӊ МУСУЛМАНСЫӉ»
- Бизге мугалимдер Кудай жок деп үйрөткөндүктөн 1988-жылга чейин Кудайдын бар экенине такыр ишенчү эмесмин. Чоӊ апам каза болгондон кийин Бишкекке көчүп келип, шаардын четиндеги айылда жашап калдык. Ошол күндөрдө 1 жаштагы кызым ооруп, дене табы 40 градустан түшпөй койду. Түн ортосунда кайрыла турган тууганыбыз жок, дары таппай жалдырап калдык. Карасам, кызыбыздын көзү жумулуп бара жатат, коркуп кеттим. Ошол маалда чоӊ апамдын арбагына кайрылып, «небереӊизге жардам берип, аман алып калыӊызчы. Кызым аман калса, Кудайдын бардыгына ишенем» деп жалынып жибердим. Сыйынгандан кийин 20 мүнөттүн ичинде кызымдын дене табы түшүп, кадимкидей жакшы болуп кетти. Ошол күндөн баштап Кудай бар деп жашап келе жатам. Намазга жыгылбайм, бирок ырым-жырымдарды жасап, куран окуп арбактарга сыйынып турам.
1999-жылы апам аябай катуу ооруп калды. Доктурлар «адам болбойт» деп кол шилтеп коюшкан. Бир көзү ачык кишилерди карачу. Тишим ооруганда Темир Бирназаровдун сунушу менен барсам, чын эле касиети бар экен, айыгып калган эле. Апамды да алып барайын десем, «доктурлар айыктыра албаган ооруну көзү ачык айыктырмак беле?» деп такыр барбай койду. Оорусу күчөп кыйналганда айла жок барды. Ага баргандан 3 айдан кийин доктурга барса, оорунун симптомдору жок чыкты. Ошол табыпка 7 ай каттап, Кудайга шүгүр, ушул күнгө чейин күүлүү-күчтүү оорубай жүрөт.
Ал эми дин жөнүндө айтсам, мусулманчылык туура жол дегенди түшүндүрөт. Мейли христиан, буддист, мусулман болсун, айтор, туура жолдо бара жаткан болсо, мусулманчылык деп аталат. Мухаммед пайгамбардын доорундагы жазуулар сакталып калган экен. Пайгамбар азрет Алини чоӊ казатка жөнөтүп жатканда «тоолуктарга кылыч салба, алар бизден мурун мусулман болгон» деп айтыптыр. Демек, кыргыздар арабдардан мурун мусулман болгон экен деп билем.

Шайыр Касымалиева, актриса: «МЕН КУДАЙГА КЫРГЫЗ ТИЛИНДЕ ЭЛЕ КАЙРЫЛАМ»
- Кудай Адам атабызды топурактан жаратып туруп, «уф» деп үйлөгөндө жан кирген. Анан анын кабыргасынан Обо энебиз жаралган. Ошондуктан бир гана Кудай биздин жаратуучубуз. Ар бир адам жан дүйнөсүн ар кайсы ишеним менен толтурат. Башка динге өтүп кетти дегенден алыс болушубуз керек. Себеби менин тагдырымды эч бир пенде чечпейт, бир гана Кудай чечет. Ошондуктан кандай динде, кандай ишенимде жүрөм өз эрким. Ага эч ким кийлигише албайт. Динди таӊуулабаш керек. Акыры Кудайдын алдына барганда баарыбыз жооп берерибизди жүрөккө бекем түйүшүбүз зарыл. Кичинекей кезимде элдин «Кудай жок» деп айткандарын кулагым чалып калчу. Бирок өздөрү тымызын мисалы, таене-таяталарым «О кудай, бөөдө кырсыктан сакта!» деп Кудайга сыйынышчу. Бала кезде эле Кудай бар экенин жүрөгүм сезчү. Аян түштөрдү ушул күнгө чейин көрүп келем. Кандай түш көрсөм, жакшысы да, жаманы да аткарылат. Динге бөлүнүүнү жактыра бербейм. Ишенимдер көп болгону менен Кудай бирөө. Ыйык китептерден Куран, Тоорат, Инжил, Забурду, индуизмди изилдеп көрдүм. Тигил туура эмес, бул туура деп башка диндегилердин көӊүлүн ооруткум келбейт. Эӊ негизгиси, өзүмдүн жолумду таптым. Кудайга кыргызча эле кайрылам, 50 жылдан бери тилегенимди берип келе жатат.

Мухтар Атаналиев, ырчы: «ШАЙЛООДОГУ КАЛПТАРДЫ ЖҮРӨГҮМ КӨТӨРӨ АЛБАЙ ООРУП КАЛГАМ»
- Мектепте окуп жүргөн атеизм заманында эле мугалимдер «Кудай жок, биз маймылдан жаралганбыз» десе талашчумун. Биз маймылдан жаралбасак керек, бизди Кудай жараткан деп өзүмчө божомолдоор элем. Бирок дин жөнүндө түшүнүгүм жок болчу. 2007-жылы биринчи жолу партиялык тизме аркылуу депутаттарды шайлоо болуп, үгүт иштери менен Кыргызстанды түрө кыдырып калдык. Адам баласы калпты өкүртө айтып, жамандаганды да өтө жакшы өздөштүргөн экенбиз. Жаӊжалдашып урушуп, адамдар бири-бирин жек көрүп, куру убадаларды берип жатышат. Карап туруп уяласыӊ, колунан келбеген ишти айтып элдин башын айландырышат деп. Адамдын ушунчалык калпты окшоштуруп айтканын 2 ай бою уга берип, жүрөгүм көтөрө албай ооруп калгам. Анын үстүнө мен колдогон партияны шайлоодон четтетип коюп, биз да көп кишиге убада бергенбиз, аларды ойлоп сарсанаа болдум окшойт. Үгүт иштери аяктаган соӊ үйгө жетип эле сулк жыгылдым. Жүрөгүм катуу ооруганда Абас деген бир тууган иниме айттым. Ал мечитте имам, «дааватка барып келсеӊиз айыгасыз» деди. Катуу ооруп жаныӊ көзүӊө көрүнгөндө айла жок, жүрөгүм айыкса болду деп 4 айга дааватка кетип калдым. Ошол жактан көзүм ачылып акыйкаттык бул жакта турбайбы деп түшүнүп, Кудайды таанып келдим. Ал жактан келип ырдаганды токтоттум. Иним буга чейин эле дин жөнүндө айтып келген, ага көӊүл бурчу эмесмин. Адам баласы ушундай экенбиз, качан гана кыйналганда Кудайды эстейбиз.

Динара Эсенгулова, продюсер: «КУРАНДА КУДАЙДЫ ТААНЫГЫӉАР КЕЛСЕ, ЗАБУРДУ, ТООРАТТЫ ОКУГУЛА ДЕЛГЕН»
- Менин түшүнүгүм боюнча, дүйнө жүзүндө бир эле Кудай бар. Аны эч кимибиз көрбөгөнүбүз менен, жүрөктө сезип турабыз. Ошондуктан кыйналганда Кудайга жалынып жиберебиз. Кудайдын колунан баары келет. Жерди, Айды, ааламды пайда кылып адамды жаратып койду. Адамдардын ар бирине өзүнчө көӊүл буруп жараткандыктан эч бир окшош адамдарды таппайсыӊ. Жадакалса дарактагы жалбырактар да такыр бири-бирине окшошпойт экен. Кудай адилеттүү, ырайымдуу болгондуктан дүйнө сакталып, биз жашап жатабыз. Кудайга кайрылуунун да жолдору көп. Мисалы, намаз окуп Кудай менен баарлашышат. Бул эми арабдардан келген нерсе.
Мен Кудай кыргыз кылып жараткандыктан Кудайга кыргыз тилинде кайрылам жана ал бардык тилди түшүнөт деп ойлойм. Анан араб тилин чала-була жаттап алып, ал тилди түшүнбөгөндөн кийин тамгаларды туура эмес айтып, такыр башка нерсени айтып кайрылып алгандар бар. Албетте, туура эмес деп бирөөнү соттогондон алысмын. Бизди бир гана Кудай соттойт. Бул менин жеке оюм, көз карашым. Жанагы оронуп-чулганып алгандарды деле туура эмес көрөм. Арабча кийинсе эле Кудайга жакын болуп, Кудай жакшы көрөт деген түшүнүк туура эмес. Шариятты деле 100 пайыз туура аткарган адамды көргөн эмесмин. Ар бир адам катачылык кетирет, күнөө жасайт. Жок дегенде бирөөгө жаман сүйлөп алышы мүмкүн. Оорулуу адамга доктур керек болгондой эле күнөөгө баткан инсанга Кудай керек деп ойлойм. Ыйык Забур, Тоорат, Инжил китептерин окуп чыккам. Булар кылымдан кылымга келе жаткан китептер. Ал эми Куран 7-кылымда эле пайда болгон. Керек болсо куранда да айтылган, «Кудайды тааныгыӊар келсе, Забур, Тооратты окугула» деп.

Замира Рахманбердиева
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (56)
tursunbaev2004
2015-12-04 18:56:59
Туугадар ислам дини таза,туура дин,жараткан Алла жалгыз,жараткан Аллага ишенели,Алладан башка эч нерсеге сыйыныштын кереги жок
0
nargiz37
2015-12-04 21:06:36
tursunbaev2004,Туура айтасын Аллахтан башка сыйынар зат жок.
+1
Lumia-800
2015-12-05 02:53:56
Буларга атайы соз уйроткондой го чоочуп эле уч кишиден сурай коюп...
0
rusha
2015-12-05 04:58:14
ушу Шайыр эжекебиз менен Динара апчемдин создору менде бир будомук ойду жаратты да......
0
Ulutum_Kyrgyz
2015-12-05 13:11:20
rusha,ошо да забур окуганы особенно
0
saipi
2015-12-05 17:04:12
kozu a4ykka iwenuu bul Allahka iwenbegendik
0
bah_tee
2015-12-05 17:36:04
Эх Эрнист Байкебиз адашыптырсыз арбактарга эмес ЖАЛГЫЗ АЛЛАХ ТААЛАГА сыйыныш керек ал козу отуп кеткен чон ата чон энелерибиз оздоруно жооп бере ала атышабы аны бир АЛЛАХ билет
+1
bah_tee
2015-12-05 17:40:32
Бул биздин эл астында жургон ага эжелерибиздин тушунугу ото томон экенго бул жашоодо Жалгыз гана АЛЛАХ жана анын айгамбары корсоткон жол менен гана жашаш керек
-2
AlbertEnshtein
2015-12-06 02:25:58
bah_tee,жалгыз исламдын жолунда жашасан, интернетте кылып отурасын, бул жерде реклама, ачык айрым кийинген кыздардын суроттору бар, куноого батпа))
0
econom313
2015-12-05 20:59:15
Баары эле Кудайга ишенебиз деп жатпайбы туугандар. Сындап сөз жазгандарга кошулбайм. Ар кимдин жүрөгүндө эмне бар экенин бир гана Жараткан Аллах билет.
+1
AlbertEnshtein
2015-12-06 02:21:28
бироого бир динди тануулаганга болбойт. мен деле коп ойлоном илгери ата бабабыз исламсыз кантип жашады экен деп. менимче бир жакшына эле жашашкан жана аларды кудайдан безген, акылы кем жб деп кемсинтууго такыр укугубуз жок. журогундо ынсап, сый болсо, мекенин атанесин суйсо, туз журсо, муктаж адамдарга жардам берсе болду да. мен учун ушул муноздор биринчи орунда. ал эми ислам, христиан бул жон гана багыт. жалан исламдын закону менен жашагынар келсе аравияга кочуп кеткиле.антпеген сон сындабагыла
+2
aimoon
2015-12-06 05:07:02
Olgon adam ech kachan, tiruu adamdy koldoboit. kk bolso tiruu adam tiruu adamdy koldoi albait, baardygy bir gana ALLAHTYN kolunda, andan bawka ech bir jaratuuchu jok ii bolgon da eemes. aa bizdin jyldyz soroilor sabatsyz ekenin korsotup koiuwuptur
0
mirlanchik9
2015-12-06 11:59:42
Манаска ишенгиле.
0
medina.
2015-12-06 14:54:56
mirlanchik9,Ozun ishene ber!Dinara,Saiyr ejeler kantet ya?Bir jaratkan Allahka ishengile!!!
0
Ozkgbiw
2015-12-06 23:05:59
Арким аркандай
0
tilek88.88kg
2015-12-07 01:46:28
Ассалому алейкум бир туугандар биринчиден биз араптарды туураган жерибиз жок куранда аурат жерлеринерди жапкыла деген жери бар аял кишки манжалары бети ачык калганы баары корунбош керек даже фигурасыда билимбеш керек кыргызчале койнок болот ал арапча эмес аял кишки аурат жерин жабыш милдеттуу фарз тушунгуло жаппасан бул чоон Куно периштелер наалат айтат буга хадис бар эркек Адам тизе чыканактан ойдо аурат болуп саналат намаз орозо зекет мумкунчулугун болсо ажыга барыш милдеттуу .
-1
tilek88.88kg
2015-12-07 01:57:18
Эртерак аракет кылып Аллага тобо кылып калыш керек убакыт учкан куш бугун барбыз эртен жокбуз эртенкиге чейин жашайсын деп алладан башка эчким билбейт даже гарянта жок арасынан даватка чыктым дегени туура окшойт калганына ичим чыкпады .
0
tilek88.88kg
2015-12-07 02:14:17
Адам баласы бул дуйного жаралган максатыбызды билишибиз керек куранда жазылу мен инсан менен жинди озумо ибадат кылыш учун гана жараткам . биз Аллага кулчулук кылышыбыз керек ал келме намаз орозо зекет ажы . мындай акылсыздыктарды окуп тан калдым козунорду чонурак ачсанар мынчалык томон кетпей биз мусулманбыз бир туугандар качанкыга чейин нанды нана деп журосунор жашынар бир топко барып калыптыр аллахым силерге журогуного динден тушунук ыйман берсин ооомин
0
№ 682, 27-ноябрь-3-декабрь, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан