АБАЛЫӉ КАНДАЙ, ЧЕК АРА?

Кыргызстан Бажы биримдигине киргенден бери мамлекеттик чек араны коргоо ЕАЭСтин талабына жооп берүүгө тийиш. Бажы биримдигинин аймагынын чегинде товарларды алып өтүү төлөмдөрсүз, бажы көзөмөлүсүз жүрөрү белгилүү. Андыктан коопсуздукту камсыз кылуудагы негизги күч-аракет Бажы биримдигине мүчө өлкөлөрдүн тышкы чек араларына багытталат. Бул жааттагы өзгөрүүлөр Өзбекстан менен болгон чек аралардагы көзөмөлдөө-өткөрүү жайларында кызуу жүрүп жатканын жеринен көрүп кайттык.

«ЫНТЫМАК» ЗАСТАВАСЫ
Кыргыз мамлекетинин чек ара заставалары алдыӊкы техникалык каражаттар менен иштөөгө ылайыкталып, ЕАЭСтин талаптарына жооп бериши керек. Ош облусунун Ош чек ара отрядынын «Ынтымак» заставасында чек ара инфраструктурасын жакшыртуу иш-чаралары жүргүзүлүп жатат. «Ынтымак» заставасынын өздүк курамы Кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын кайтарууну жана коргоону жүзөгө ашырып келет.
– Кыргыз-өзбек чек ара тилкелеринде инженердик жабдуулар боюнча иштер жүрүп жатат. Учурда жалпы узундугу 58 чакырым коргоо тосмолору орнотулду. Мындан тышкары акыркы үлгүдөгү байланыш каражаттары, жаӊы курал-жарактар пайдаланууга берилген. 2015-жылдын 10 айлык жыйынтыгы боюнча чек арачылар 279 мамлекеттик чек ара бузгандарды кармашты,- деди Мамлекеттик чек ара кызматынын Ош жана Жалал-Абад облустары боюнча башкармалыгынын башчысы Замирбек Надырбеков.
– Борбордук Азия үчүн негизги кырдаалды аскердик-саясий абалы курч болуп жаткан Ооганстан жана Жакынкы Чыгыш түзөрүн белгилеп кетүү керек. Ал жактагы эл аралык терроризм, экстремисттик уюмдардын иш-аракеттери өөрчүсө, Орто Азия мамлекеттерине терс таасирин тийгизиши мүмкүн. Андыктан биринчи кезекте чек ара кызматынын коопсуздук системин жакшыртуу, берилген тапшырмаларды аткарууда так жана ыкчам болушубуз керек. Бул үчүн жыл сайын чек ара кызматынын бардык облустарынын башкармалыгы оперативдик сбор өткөрүп турушат,- деп белгилейт Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасынын орун басары Абдыкерим Алимбаев.

«ДОСТУК» ЧЕК АРА БЕКЕТИ
Ош облусундагы «Достук» көзөмөлдөө-өткөрүү жайы ЕАЭСтин сырткы чек арасын кайтарып, Кыргызстан менен Өзбекстандын мамлекеттик чек арасындагы негизги өткөрүү пункту катары саналат. ЕАЭСтин талабына ылайык, быйылкы жылдагы өзгөрүүлөр тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын чек ара көзөмөл башкармалыгынын башчысы Бакыт Жылтыров айтып берди:
– Кыргызстан интеграциялык биримдикке киргенден тарта өлкөнүн мамлекеттик чек ара кызматы ЕАЭСтин талабында болууга тийиш. Бул үчүн өткөрүү жайларына оӊдоп-түзөө иштери жүргүзүлгөн. Паспорт, унааларды жана ар түрдүү жүктөрдү текшерүү акыркы үлгүдөгү заманбап техникаларды колдонуу менен ишке ашырылуусу керек. «Достук» чек ара бекети жеӊил автоунаа, жүк жана жүргүнчүлөрдү өткөрүүчү пункт. Анда чек ара, бажы, транспорт, медициналык, санитардык-карантиндик, ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөлдөө жүргүзүлүп, Бажы биримдигине мүчө болгондон тарта биздин чек ара кызматына кошумча функциялар жүктөлгөн. ЕАЭСтин ички чек арасында паспорттук көзөмөл жана транспорт каражаттарын текшерүүдөн тышкары чек ара тилкесиндеги өткөрүү жайларында чек арачылар радиациялык көзөмөл жүргүзүшөт жана салык органдарына товардын агымы тууралуу маалымдашат.

«Достук» чек ара бекетинде унаа дыкаттык менен текшерилет.

Чек арачылар "жарандардын паспорт текшерүү убактысы эми 1,5 мүнөткө жетпейт" деп ишендиришти. КМШнын башка өлкөлөрүндө да көрсөткүч 3-5 мүнөттү түзөт.

Чек ара бузгандарды кармоодо, баӊгизаттарды табууда атайын үйрөтүлгөн иттер жардамга келет.

32 килограммдык атайын кийим кийген сапёр. Басканда оор болгону менен, мина жарылып кетсе сапёрду сактап кала алат.

Адилет Керимбек уулу
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
alitai92
2015-11-30 12:43:58
Алтынбек
Итибаев
Ош окуясында кимдердин колу бар экенин билет болчу,ошол кылмыштар ачыка чыгып кетпесин деп аны жок кылуу максат болгон. Бул жогоруудан буйрук болгон.буйрук бергендер озуну жашырыш учун Телтаевти да жок кылышты.коп нерсени айткым келетко менида жок кылбасындар.
0
temirov76
2015-12-01 20:33:14
alitai92,комментарийим чыкпай жатат деп сен озу комментарийди башка темага жазып алыпсынго.
0
kama_future_millioner
2015-12-04 16:49:07
32 кл жакшы экен эгер саперду сактап калса
0
№ 682, 27-ноябрь-3-декабрь, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан