Мыктыбек Мукаев, тамашоучу: «КЫРГЫЗСТАНДЫ ШЫЛДЫӉДАП ЖАТАСЫӉ ДЕП ДА СЫНДАШТЫ»

Акыркы кезде кыргызстандыктар чет өлкөдө таланттарын көрсөтүп, көп ийгиликтерди багындырып келишүүдө. Алардын бири арык Мыктыбек же жөн эле Мыкы. Ал Орусиянын ТНТ телеканалындагы «Камеди баттл» юмордук теледолбоорунда жарым финалга дейре жетти. «Тамашоунун» «Позитифф» командасында ойногон жөнөкөй, уйкучу, бирок жоопкерчиликтүү бул жигит менен жакындан тааныштырабыз.

КААРМАН ТУУРАЛУУ

Туулган жылы, күнү – 1994-жыл, 23-январь
Туулган жери – Ысык-Көл облусу, Кеӊ-Суу айылы
Билими – Кыргыз Мамлекеттик техникалык университетинин машина куруу факультетинин 4-курсунун студенти
Бою – Орто
Салмагы – Бир кап картошкадан оорураак
Үй-бүлөдө – 6 бир туугандын экинчиси
Учурда – «Позитифф» командасынын оюнчусу

– Салам, Мыкы! Сен элге КВНчи катары таанылбадыӊбы. Мындай талантыӊ мурунтан эле бар беле?
– Куйкум сөздөр менен сүйлөгөн генибизде болсо керек. Анткени туугандар чогулду дегиче тамашалашып киребиз. Алгачкы жолу 4 же 5-классымда биринчи жолу мектепте чоӊ апамдын көйнөгүн кийип кемпирдин ролун аткаргам. Ал эми 8-класста «Күлкүдө кризис жок» деген темада сынак болуп, баш байгеге уюлдук телефон ойнотулган эле. Ошондо «Супер-Инфодон» окуган жети баштуу желмогуз тууралуу анекдотту айтып, уюлдук телефон утуп алгам. 8-классымдан баштап Караколдогу Токтогул атындагы лицейде окудум. Ошол жактан КВНге кызыгуум артып, мектеп лигасында ойноп жүрдүм. Ал жактан тажрыйба алып, Бишкекке келгенде орус тилинде өтчү КВНде, «Тамашоудо» ойноп баштадым.
– Ал эми орусиялык ТНТ каналындагы «Камеди баттлга» кантип барып калдыӊ?
– Мындан бир жарым жыл мурун Казакстанга КВНге барганга акча керек болуп калды. Бишкектеги клубдардын биринде стендап (аткаруучунун өз ойлорун аудитория менен бөлүшкөн монологу) менен балдар чыгып, баш байгеге акча ойнотулуп жатканын угуп калдык. Дароо эле ошол жакка барып катышып, акчаны утуп алып жатпайлыбы. Анан бара-бара бул жанр мага жага баштады. Ал жактан «Камеди баттлдын» мурунку сезонунун финалисти Акимжан Карасаев менен таанышып, анын сунушу менен кастингге катышкам.
– Таланттуу адамдар мекенибизде көп. Алардын арасынан суурулуп чыгыш кыйынга турса керек?
– Чынында, мен бүгүн эле чыга калган жокмун. Ар бир ийгиликтин артында эмгек, жеӊилүүлөр турат. Караколдо мектептин лигасында, Политехте КВНде ойноп жүргөндө, «Тамашоудо» мен ойногон команда акыркы орунду эч кимге берчү эмеспиз. Ар бир адамдын убагы келет деп коюшат го. Менин убактым эми келди окшойт.
– Юмор менен Орусияга чейин бардыӊ. Телеге чыккан тамашаларыӊды эл кандай кабыл алды?
– 1000 адамдын 1000 түрлүү ою болот. Көпчүлүк жакшы кабыл алып жатат. Айрымдар «Кыргызстанды шылдыӊдап жатасыӊ» дешет. Мен алардын оюна кошулбайм. Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып айтып коёюн, буга чейин псевдопатриоттордун жаман сөздөрүн угуп жаттым. Мисалы, Орусияга барганда «Кыргызстандан келдим» десем, мамлекетибиз тууралуу эч ким билбегенин айтышкандар болду. Алар мен аркылуу Кыргызстан деген өлкө тууралуу билишти, көрүштү, кыргыздар жөнүндө маалыматка ээ болушту.
– Юмор жаатында ушундай жетишкендикке жетем деп ойлодуӊ беле же балалыктагы тилектериӊ башкача беле?
– Кичинекейимде банкир болом дечүмүн. Анткени банкирлерде акча аябай көп болот деп ойлойт элем. Чоӊойгондо ал ойлор өзгөрө баштады. Азыр Кыргызстанда футбол клубун ачсам деген кыялым бар.
– Байкашымча бош убактыӊ дээрлик жоктой. Арада жеке жашоого да көӊүл буруп турасыӊбы?
– Ушуга чейин такыр эле убакыт болбой жатат. Өзүмдүн деле сүйүктүүмдү таап, ата-энемди татыктуу келиндүү кылсам деген ойлорум бар. Бирок азыр 21 жаштамын, келечек али алдыда.

«Позитифф» командасы көптөгөн жеӊилүүдөн кийин 7-сезондун чемпиону аталдык».

«Акимжан Карасаев менин жашоомдо чоӊ бурулуш болушуна себепкер».

Гүлжамал Бөрүкулова
star@super.kg
Сүрөттөр Мыктыбек Мукаевдин өздүк архивинен алынды

 Кыстарылган видео 
Мыкы: "Comedy Баттлдын" кийинки сезонуна барам"
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (14)
A3A
2015-11-30 10:19:29
Красавчик!!!
Уй торосо да кой соёбуз , кой сойсок да кой соёбуз деген тамашасы аябай жагат да
+2
Adi.Avazbekov
2015-11-30 13:03:10
Emnesi bolso da iigilik. Rossiada kyrgyz degendi bilbegender bar degenine iwene berbedim. Moskvada kocho chyksan ele jarymy kyrgyz bolup jatsa kandai bilbeit ele.
0
Gulmirahon
2015-12-04 15:05:34
Adi.Avazbekov,
balkim bashka mamleketten kelgen katyshuuchulardy aitkandyr.
0
Leti
2015-11-30 13:40:26
Туура айткан айылдык шаардык деп болунбойле койолу....
+1
hanisa
2015-11-30 16:25:10
Ийгилик сага
0
MuslimNur95
2015-11-30 17:33:44
Akim Karasaev nege tamashowdo oynoboyt?
0
piramida
2015-11-30 20:16:06
Барсан бар бирок кемчиликтерди айтканы емес мактаганы бар,а так карызыбызды айтканында Кыргызстан и озун деле шылдын болдун.
+3
piramida
2015-11-30 20:19:16
Менин комментерим неге кетпей жатат админ.
0
admin_superstan
2015-12-01 12:47:18
piramida, саламатсызбы!
Комментарийлериңиз жарыяланып жатат. Жакшылап көңүл бурууну сунуштайм.
+1
altyshka_23
2015-12-01 21:35:00
Ошол оздорун кыйын сезген шаардыктар сен багындырган ийгиликтерди багындырышсынчы коройлу
+1
edelveis0088
2015-12-02 11:23:05
акыркы айткан созуно 100% кошулам азаматсын
0
ASELENOK
2015-12-02 21:20:11
Бул баланар кыргызга окшобойт го
0
Ledi89
2015-12-03 22:43:49
Ийгилик каалаймын кыргызстандын атынан кулдуруп таанылып атасын. Комедии батылда отуш ото эле кыйын арким дин колунан келе бербейт кулдуруш. Копчулукгу орустардын оздору деле чыгып эле кулап калышат. Алга!
0
tursunbaev2004
2015-12-05 16:31:39
Кыргызстанды сенсиз эле эки жолку революциядан кийин Орустарын эмес бут дуйно таанып калды
0
№ 682, 27-ноябрь-3-декабрь, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан