23-ноябрь күнү ырчы ГҮЛЗАТ БАЙЗАКОВА уулу Камбардын үйлөнүү тоюн өткөрдү.
«Түрквизион» эл аралык музыкалык сынагынын Кыргызстандагы тандоо турунда ырчы ЖИЙДЕШ жеӊүүчү аталып, Түркиянын Стамбул шаарында өтүүчү сынакка жолдомо алды. Ал эми «Бала Түрквизионго» 12 жаштагы Айдин Нурдинов катышат.
Ырчылар АЗАМАТ САРЫБАЕВ жана НУРАЙЫМ АЗЫКБАЕВА К.Артыковдун «Кыялдануу» аттуу ырын дуэт кылып ырдап чыгууга даярданышууда.
4-декабрда композитор, Кыргыз Эл артисти МУРАТБЕК БЕГАЛИЕВДИН 60 жылдык юбилейине карата жеке концерти болуп өтөт.
ЭЛТР телеканалынын 10 жылдыгына карата 6-7-декабрда Султан Ибраев атындагы Ош улуттук драма театрында атайын программадагы шоу-концерт болуп өтөт.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
azureya19
2015-12-01 07:17:09
Султан Ибраимов атындагы эмес беле Ош улуттук драма театры?
+2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.