«Кыргызстан сулуусу», «Бишкек сулуусу» жана башка сулуулук сынактарын уюштуруп жүргөн Рыскүл Намазбекованын айланасында чырлуу окуя жаралды. Буга чейин ачык айтылбаса да сулуулук сынактарындагы уюштуруучулардын акча талап кылуусу, бири-бирин коркутуулар боюнча кептер айтылып калчу. Ошондой маселе эми гана ачык айтылып кызуу талкуу жаратууда.
«Бишкек сулуусу-2015» сынагынын тандоо турунун катышуучусу Дарья аттуу кыз Намазбекованын көшөгө артында кылып жаткан иштерин айтып чыкты. Дарья: «Кыздар ойлонгула, кимдин жашы 18ге жете элек болсо, кайсы бир себептен улам сынакка катышуудан баш тартсаӊар, келишим боюнча ата-энеӊер 300 доллар төлөп бериши керек болот. Анын үстүнө уюштуруучулар жашы жете элек кыздарга эч кандай келишимге кол койдурууга акысы жок. Баасы 400-450 сомдук 30-35 билетти элге сатып, ар бир кыз 16 миӊ сом алып келиши керек. Сатылбаса, өзүӊдүн чөнтөгүӊдөн ошол акчаны бересиӊ. Ойлонгула...»,- деп кыздарга өз кеӊешин берген. Муну ал катышуучулардын WhatsApp`тагы тайпасына жазган. Рыскүл Намазбекова ачуу менен жооп кылып, «Эмне мыйзамдуу, эмне мыйзамсыз экенин сага көрсөтөм. Сен кимсиӊ?! Сюрприздерди күтө бер» деген коркутууларды жөнөткөн. Жыйынтыгында алардын жазышуусу интернет булактарына тарап кетти.
Бул иштин канчалык чындыгы бар деген суроо менен эки тарапка кайрылууну туура көрдүк. Өз оюн WhatsApp`та билдирүүдөн коркпогон Дарья менен байланышуу мүмкүн болбоду. Ал эми Рыскүл Намазбекова «алгач Дарья менен болгон келишпестикти чечишип алайын, анан комментарий берем» деген. Эртеси ага кайрадан байланышсак, чалуубузга жооп бербей «сиз тарапка айтылган сөздөрдүн канчалык деӊгээлде чындыгы бар?» деген сурообузду жоопсуз калтырды. Телефондогу жазышууларда маселенин жөн жайы айдан ачык көрүнүп турган соӊ жооп кайтарууга сөз таппады окшойт.