«Супер-Инфо» гезитинин тандоосу боюнча «Заманыбыздын супер ырчы мырзасы» наамынын ээси Мирбек Атабеков уулдуу болду. 21-ноябрь күнү ырчынын жубайы Мээрим АКШнын Филадельфия шаарында көз жарды. Бул тууралуу Мээрим менен Мирбек Инстаграмдагы жеке баракчаларында кабарлашып, күйөрмандарын кубантышты. Көптөн күткөн наристесин Мээрим ата-энесинин кашында жарыкка алып келүүнү туура көргөн. Мирбек да жубайынын жанында болуу үчүн Америкага жөнөп кеткен. Учурда эне-баланын акыбалы жакшы экенин жана төрөт үйүнөн чыгышканын кабарлашты.