Өлкөдө жыл башынан бери 61 ЖАШ БАЛА ЗОРДУКТАЛДЫ. Окуялардын 98 пайызында кордук көрсөткөн адам мас болгон. Бул тууралуу ИИМдин өкүлү Адилбек Абдраимов билдирди.
Башкы прокуратура экс-спикер АХМАТБЕК КЕЛДИБЕКОВДУН иши боюнча Биринчи Май райондук соту чыгарган өкүмдү жокко чыгаруу арызы менен Бишкек шаардык сотуна кайрылды.
Мамлекеттик каттоо кызматынын башчысы ТАЙЫРБЕК САРПАШЕВ Кыргызстанга кирген бардык чет жердиктерди биометрикалык каттоодон өткөрүүнү сунуш кылууда.
Өкмөт башчы Темир Сариев бардык мектептерде ВИДЕОКӨЗӨМӨЛ ЖҮРГҮЗҮҮ ҮЧҮН камера орнотууга каражат табууну акимдер менен айыл башчыларына тапшырды.
ОРУСИЯДАГЫ кыргыз жарандарынын ар бир үчүнчүсү аталган өлкөдө туруктуу негизде жашап калгысы келет. Бул тууралуу орусиялык эксперт Андрей Якимов сурамжылоонун жыйынтыгына таянып билдирди.
Стратегиялык изилдөөлөр улуттук институтунун директору Талант Султановдун айтымында, өлкөдө АЯЛДАР эркектерге караганда 8 жылга көбүрөөк жашайт. Аялдар орточо 75 жаш өмүр сүрсө, эркектерде бул көрсөткүч 67 жашты түзөт.
УЛУТТУК БАНК ипотекалык жана башка насыяларды доллар менен берүүгө тыюу салууну сунуштап жатат.
ТИГҮҮЧҮЛӨРДҮН продукциясын сатуу көлөмү 10 эсеге кыскарды. Бул тууралуу «Союзтекстиль» ассоциациясынын өкүлү Любовь Ардамина билдирди.
Ички иштер министринин орун басары Курсан Асановдун айтымында, өлкө жарандарынын колунда 7 миӊден ашуун травматикалык ТАПАНЧА бар.
«Бүтүн Кыргызстан-Эмгек» партиясына КҮРӨӨГӨ коюлган 5 миллион сом кайтарылып берилет. БШКнын маалыматы боюнча, Жогорку Кеӊешке өтпөй калса да, 5 пайыздан кем эмес добуш алган партияга күрөөсү кайтарылат.
Өлкөдөгү сурамжылоого катышкан ар бир онунчу аял 18 ЖАШКА ЖЕТПЕЙ турмушка чыкканын айтышты. Бул тууралуу «БУУ-Кыргызстандагы аялдар» маалымдады.
26-ноябрда ДОЛЛАРДЫН сатыктагы баасы 79 сомго чейин көтөрүлүп, рекорд кайрадан жаӊыланды.
Өкмөт 17-18-ноябрь күндөрү Ош облусунда ЖЕР ТИТИРӨӨДӨН жабыркагандарга 200 миӊ сомдон ссуда берилерин билдирди.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
temirov76
2015-12-01 19:49:19
Бажы союзуна кирсек тигуучулорго шарт жакшырып,продукция сатуу кобойот деп кыйкырып атбады беле,бул жерде кайра кыскарды деп турат го?
+1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.