ДЕПУТАТТАР ТОЙОТА КАМРИНИ ТОГОТПОЙ КАЛЫШТЫ
Шайлоо маалындагы эйфория кетип, турмуштун катаал реалийлерине туш болдук. Кечээ, 25-ноябрда, Жогорку Кеӊеш депутаттык корпус үчүн эӊ маанилүү маселени карады. Депутаттардын артыкчылыктарын жоюу же калтыруу маселесин. Шайлоо алдында эл менен жолугушууларда «депутаттык артыкчылыктарды жоёбуз» деп бардыгы айтышкан. Айрымдары, мисалы, Бабанов менен Ташиев баштаган «Республика-Ата Журт» бул убаданы ураан катары пайдаланган эле. Атүгүл мандат алып ишке киришкен эле күндөрү КСДП, «Ата Мекен», «Республика-Ата Журт» фракциялары депутаттык артыкчылыктардан баш тарта тургандыгын расмий жарыялашкан. Убадалар адаттагыдай эле трибуналарга чөгүп кала берди. Чыныгы реалдуулукка эми келип, бет пардалар сыйрылып күбүлүп түшө баштады. Депутаттар баары түгөл кызматтык унаадан гана баш тартыша алат экен. Калган артыкчылыктардан, айдоочу, күйүүчү май, батир, эки жардамчыдан баш тартууга эрктери жетпеди. Лексус 570, Тойота Ленд Крузерлерде жүрүп көнүп калышкан азаматтарды 2007-жылы чыгарылган кызматтык жупуну Тойота Камрилер канааттандырбады көрүнөт.
Жардамчысыз иштөө маселесине келгенде гана Бабановдун командасы бирдей добуш бере алышты. Бирок 28 добуш жалпы картинаны өзгөртө алган жок.
«Мамлекет бизди кызматтык батир менен камсыз кылсын» деп талап кылгандар 76га жетти. Кызыгы, булардын катарында КСДП фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбеков, «Өнүгүүнүн» лидери Бакыт Төрөбаев, «Кыргызстандын» лидери Канат Исаев, Бишкектин мурунку башчысы Иса Өмүркулов, спикер Асылбек Жээнбеков, мурдагы премьер-министрлер Игорь Чудинов, Кубанычбек Жумалиев бар.
Эски Тойота Камрилерден баш тартууга макул болгон депутаттар KG сериясындагы мамлекеттик номурлардан баш тарта алышкан жок. Депутаттык корпус жалпы эл менен
бирдей жол кыймылы боюнча эрежелерди сактоого даяр эмес экен.
«БИЗДИ КАРАЛАГАНДАР ТУУРА КЫЛЫШАТ»
Төрага Асылбек Жээнбековдун пикири боюнча, элге убада берилсе бериле берсин, бюджетти оптималдаштыруу да зарыл, бирок депутаттарды артыкчылыктардан арылтууга болбойт. «Элдин алдында убада бердик эле деп сүйлөй берүүгө болбойт. Элге берген убада менен Жогорку Кеӊештин ишинин эффективдүүлүгүн сактап калуунун айырмасы чоӊ. Депутат мыйзам чыгарып эле отурбайт, эл өкүлү катары иштейт, мыйзамдардын аткарылышына көзөмөлдүк кылат. Чыгымдардын баарын кыскартып салсак, депутаттык ишибизди толук аткара албай калабыз, бул бүтүндөй системге зыянын тийгизет»,- деди спикер. Жөнөкөй кеп менен айтканда, салык төлөөчүлөрдүн эсебинен күйүүчү май берилбей калса, депутат начар иштей баштайт экен. Айылда мектепте мугалим болуп иштеген адам дагы депутат сыяктуу эле маанилүү ишти аркалай турганы, бирок ал мамлекеттен батир, унаасына күйүүчү май талап кылбай эле айына 6000-12 000 сом айлык акыга иштеп жатканын бул күнү жыйындар залында эске алган киши болбоду.
«Бир болдун» лидери Алтынбек Сулайманов «ушундай аракеттерибиз үчүн бизди журналисттер сындап, каралап жатышат. Туура кылышат. Бизге ырас болот» деди.
Эльвира Караева
politika@super.kg