24-ноябрь күнү Түркия менен Сирия чектешкен аймактан «Ислам мамлекети» террордук уюму менен күрөшүп жаткан орусиялык Су-24 аскердик учагы түркиялык F-16 учагынын аба ракетасы тарабынан атылып, Сириянын аймагына кулады. Учакта болгон 2 учкуч секирип кетүүгө үлгүрүшкөн. Алардын бири каза тапса, экинчиси тирүү калды. Түркиялык маалымат булактары учак аба мейкиндигин бузганы үчүн атылганын билдиришүүдө. Ошол эле күнү Орусия президенти Владимир Путин Орусиянын учагы 6 миӊ метр бийиктикте Түркиянын аймагынан 1 чакырым алыстыкта учуп баратканда атылганын, бул окуя орус-түрк мамилелерине олуттуу кесепеттерди алып келерин айтты. Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров болсо мекендештерин Түркияга баруудан баш тартууга чакырды. Ал ортодо расмий Вашингтон да «учак Сириянын аймагынан атылган» деген эки өлкөнү кайраштырган пикирин билдирүүгө жетишти. Бул окуя боюнча түрк лидери Режеп Тайип Эрдоган Түркия өз өлкөсүнүн аба мейкиндигин коргогонун жана мындай окуя келип чыкпашы үчүн көп ирет Орусияга эскертүү берилгенин билдирди. Жыйынтыгында 26-ноябрь күнү Түркиядан Сирияга гуманитардык жардам алып бараткан оор жүк ташуучу унааларга орусиялык учактар тарабынан чабуул жасалып, 7 киши набыт болуп, 10 киши жаракат алды.
Бул окуя Кыргызстанды да кыйгап өткөн жок. Жогорку Кеӊештин 26-ноябрдагы жыйынында депутаттар Орусия менен Түркиянын ортосундагы абалга кыргыз бийлиги кандай реакция кыларына кызыгышты. Ал эми Президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Сапар Исаков: «Бүгүнкү күндөгү шарттарда бул окуя абалды ого бетер курчутат. Түрк тарап кескин аракеттерге барбай, чыдамкай болушу керек эле. Бардык көйгөйлөр сүйлөшүү менен гана чечилиши керек»,- деди. «Эки дөө кармашса, ортодо чымын өлөт» демекчи, эмнеси болсо да тынчтык болушун каалагандар интернет айдыӊында да басымдуулук кылып жаткан чагы.
Асхат Субанбеков
koom@super.kg