Ксения Собчак... Бул сары чачтуу 2000-жылдардын поп-символун кимдер гана билбейт? Ал бүгүн болгону 34 жашта, бирок соӊку 11 жылдан бери эл оозунда. Ар бир кадамы чатак болгон Собчак Бишкекте мастер-класс өткөрөт деген кабар чыгары менен кыргызстандык интернет колдонуучулар түрдүү комментарийлерди жазып жатышты. Анын персонасына кайдигер караган адам болгон жок. Оттон алып сууга, суудан алып отко салган посттор Собчактын бир гана атактуулугун арттырат эмеспи.
Филармониянын чоӊ залына 20-35 жаштын тегерегиндеги кыз-кыркындын басымдуу топтолгону буга далил. Бош орун дээрлик калган жок. Билет деле арзан эмес, алды 100 доллардан сатылды. Кимдир бирөө «Дом-2» реалити-шоу программасынын жылдызын көрүүгө, ыӊгайы келсе селфи сүрөткө чогуу түшүүгө келсе, кээ бирлери Собчактын баш айланткан ийгилик сырын билүү үчүн жооп издегендер болуп чыкты. Бырс эте күлөттүрсүз, атүгүл залдан өзүн Тимати сезгиси келип жүргөн бир эркек «Ксения, кел, мени менен бийле» деп чыгып, сүйүүсүн билдирүүгө да жетишти. Мендей журналистке окшоп Собчактын акыркы 5 жылдагы ишмердүүлүгүн, айрыкча «Сноб» журналына жарыяланган бизнес тууралуу маектери, «Дождь» телеканалындагы долбоорлору, орус саясатындагы тайманбас жарандык позициясына суктанып келгендер четтен чыкты. Интернет колдонуучуларынын «Собчак блондинка», «Жок, Собчак блондинка эмес» деп кыргын болгону филармониянын залынан, Ксенияны туурагысы келгендердин жоон тобунан эле сезилип турду.
«Силерге акыл үйрөтөйүн деп келген жокмун, мастер-класс өткөрүүмдүн маӊызы карьералык жолум жөнүндө, ийгиликти кантип багындырганым тууралуу айтып берүү болуп саналат»,- деп баштады сөзүн билими боюнча журналист эмес, дипломат жана саясат таануучу Собчак.
Ток-шоу программалардан топтогон тажрыйбасыбы же 24 саат бою эл көзүндө болууга машыгып бүткөнбү, Ксения сөзүнүн биринчи сүйлөмүнөн эле аудиторияны харизмасы жана сөзгө чечендиги менен багындырды. Мастер-классынын биринчи бөлүгү Собчактын куйкум сөздөрү менен коштолуп, лекциясы зериктирген жок. Адам кесип тандоодо аны жактырарына жана ал иш колунан келерине карашы маанилүү экенин айтты. «Дүкөн кыдырууну сүйөсүӊбү, даамдуу тамак жасайсыӊбы, интернетте отурганды жакшы көрөсүӊбү – мунун баары иш. Ийгиликтүү карьера сен тажабай кылган иш менен гана болот»,- деди Собчак. Ксения өзүнө жаккан сапаты менен да бөлүштү. «Мен кемчиликтеримди жоюуга аракет кылам, катачылыктарды моюнга алуу керек. Өзүм менен иштей алган адаммын. Адамдын өзүн-өзү кынаптап куруусу – бул эӊ оор, бирок ыраазы кыла турган иш. «Starbucks» кофейнясынын негиздөөчүсү ишин ачардан мурун 97 банкка кирип насыя сураган. Элестеткиле, 97 банк, 97 жолу идеясы тууралуу айтып берүү. Анын бизнес долбооруна 98-банкта гана ишеним артышып, насыя беришкен. Эч качан көзүӊүз жетип турган ишиӊизди орто жолго таштабаӊыз», - деп айтты Собчак.
Мастер-класстын калган бөлүгү суроо-жооп иретинде жандуу өттү. Эки сааттык иш-чарадан чыгып, дароо баарына жетишкен атактуу боло калуу абсурд. Бирок ийгиликтин ысык-суугуна күйүп, азыр да талыкпай иштеп, келечектен далайды үмүттөндүргөн Ксения Собчактын карьералык жолу көпчүлүктүн кыжырын кайнатканы менен, ага карап сыймыктанган адамдардын санын көбөйтө алды.
Эльвира Караева
koom@super.kg