Кайсы жашта төрөө туура? Карьера жасап, жашоо-тиричиликти оӊдоп алгандан кийинби же кулундай туйлап турган ойноок кездеби? Жаш курак курсактагы баланын ден соолугуна кандай таасирин тийгизет? Гинекологдор жана окумуштуулар бул жаатта изилдөө жүргүзүшүп, ар кандай курактагы төрөттүн оӊ жана терс жактарын аныктап чыгышкан. Анда сиз да маалымдар болуӊуз.
ЭСКЕ ТУТ!
Аял балалуу болууга даяр экендигин шарттоочу факторлор:
Психологиялык жактан даярдык
Физиологиялык жактан даярдык
Материалдык жактан даярдык
Ден соолугунун абалы
Баланы багып, тарбиялоого көп убакыт бөлүүгө даярдык.
Аял аталгандардын баарына даяр болсо, кош бойлуулугу жана төрөт жакшы өтүп, баласын жакшы бага алат. Эгер жарым-жартылай даяр болсо, анда кыйынчылыктар күтүлөт.
16-20 ЖАШКА ЧЕЙИНЖаш организм күчкө толуп турган кез. Курсактагы балага терс таасирин тийгизүүчү өнөкөт оорулар жарала элек. Баласы өзү менен кошо чоӊоюп калат. Ушул куракта эркек балдардын төрөлүүсүнө эӊ көп мүмкүнчүлүк бар.
Кыздардын жыныстык органдары өсүп жетиле элек болушу мүмкүн. Жамбаштары абдан кууш болсо, операция жолу менен төрөөгө туура келет. Жатындын булчуӊ катмарлары өсүп жетилбеген жана организминде прогестерон гормону талаптагыдай болбогон кыз-келиндердин бойдон түшүүсү көп болушу мүмкүн. 16-17 жаштагылардын төрөт учурунда жатыны айрылуу (жарылуу) коркунучу бар.
Пландалбаган кош бойлуулукта ичин жашырып, ичтеги бала да, өзү да азап чегет. Болочок эне материалдык жактан көз каранды болсо, анда акча тартыштыгынан кыйналат. Өтө жаш төрөгөндөр өзү али бала болгон соӊ баласын талаптагыдай карап-бага албай, көп оорутушат. Стресстерге жана төрөткө чейинки депрессияларга чалдыгуудан айрымдардын балдары кекеч туулушу ыктымал. Окуусунан жана карьера жасоодон өксүйт.
20-30 ЖАШКА ЧЕЙИНБойдо болтурууга жана төрөөгө идеалдуу курак. Организм өсүп-жетилген жана бекем. Төрөттөн кийин бат калыпка келет. Психологиялык даярдык да жакшы. Андыктан кош бойлуу кезде жана төрөттөн кийин коюлуучу талаптарды жакшы аткарат. Төрөттөн соӊ өзүн жана баласын карап-бага алат, жумуш табуу кыйын эмес. Материалдык абалы да канча бир деӊгээлде турукташкан.
Изилдөөлөр 20-27 жашка чейинки энелерден кийин мыкты спортчу болууга мүмкүнчүлүгү бар денеси чымыр, ал эми 27-35 жаш курактагылардан таланттуу, дени сак, акылдуу, ал тургай гений балдар көбүрөөк төрөлөрүн көрсөткөн. 30 жашка жакындаганда организмде өнөкөт оорулардын саны өсө баштайт. Ошол себептен керектүү анализдерди көбүрөөк тапшырууга туура келет.
Эгер аял 25 жашка чейин өзүн окууга жана карьерага арнаган болсо, анда аларды жарты жолго таштай албай, балалуу болууну кийинкиге жылдырат.
30-40 ЖАШКА ЧЕЙИНАял үй-бүлө күтүүгө жана балалуу болууга өтө жооптуу карап калган кез. Врачтардын көрсөтмөлөрүн убагында аткарат. Материалдык базасы камдуу жана эртеӊки күнүнө ишенимдүү. Бала багып тарбиялоо жаатында тажрыйбага бай. Өзүнүн жана баласынын ден соолугуна кам көрө алат.
Организминде эстроген гормонунун деӊгээли азаят. Бул гормондун бойго бүтүүгө жана жүрөк-кан тамыр, бөйрөк, боордун иштешине да тиешеси бар. Андыктан бойго бүтүү мүмкүнчүлүгү азаят. Аялдын колу-буту шишип, заарасында белок чыга башташы мүмкүн. Булар операция жолу менен төрөөгө же баланын ичтен өлүп калуусуна дейре жеткириши ыктымал. 35 жаштан кийин балдардын тукум куучулук оорулар менен ооруп төрөлүү коркунучу жаралат.
40 ЖАШТАН КИЙИНБуга чейин төрөп жүргөн болсо, энелик милдетти 5 колундай билет. Наристесинин ар тараптан өнүгүшүнө кам көрөт. Балдары ымыркайды карап-багууга жардамдашат. Кеч кош бойлуулук климаксты артка жылдырат.
Дени сак бала төрөө мүмкүнчүлүгү бар. Бирок курсактагы баланын тукум куучулук оорулар жана Даун синдрому (психикалык оору) менен төрөлүп калуу коркунучу да өсөт. Ушул себептүү бойго болгуча жана төрөгөнгө чейин врачтардан кеӊеш алып, көзөмөлдө болуусу шарт. Ден соолук, энергия жаш кездегидей болбогондуктан жардамдашар адам болбосо, баланы өз алдынча багуу кыйын. Бала чоӊойгон сайын аны материалдык жактан камсыздоо оорлошу ыктымал.
СОӊКУ СӨЗ ОРДУНА ЖЕ ЭӉ ИДЕАЛДУУ КУРАК КАЙСЫ?
Гинеколог жана окумуштуулар изилдөөлөрүнөн төрөп, бала багып-тарбиялоого эӊ ыӊгайлуу курак 20-35 жаш деген жыйынтык чыгарышкан. Бирок ата-эне чын дилинен кааласа, балалуу болууга 17 жаш да, 45 жаш да кеч эмес. Анткени жашоодо баладан ашкан бакыт жок эмеспи.
Дагы айтып кетчү нерсе, генийлер атасынын жашына карап да төрөлөт дешет. Ал боюнча кийинчерээк сөз кылабыз.
Кызыктуу
КАЙСЫ ГЕНИЙДИ АПАСЫ КАНЧА ЖАШЫНДА ТӨРӨГӨН?
Владимир Ульяновду (Ленин) апасы 35 жашында, Карл Марксты 31, Уильям Шекспирди 27, Фридрих Шиллерди 27, Альберт Эйнштейнди 21, Исаак Ньютонду 19, Константин Циолковскийди 25 жашында жарыкка алып келишкен.
Канымжан Усупбекова
kenesh@super.kg