Архив
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар
Akbuura gazeta

БИШКЕКТЕ МИЛИЦИЯ КЫЗМАТКЕРИН АТЫП КЕТИШТИ. Маркумдун атасы: «УУЛУМДУ КАЛБЫР КЫЛЫП САЛЫШЫПТЫР»

№682 27-ноябрь-3-декабрь, 2015-ж


19-ноябрда Бишкек шаарынын 8-кичирайонунда милиция кызматкери белгисиз жарандар тарабынан атып өлтүрүлдү. Маркум болгону 26 жашта болгон. Аймактык милиция кызматкерин атып өлтүрүүгө эмне себеп болду, окуя тууралуу иликтөө төмөндө.

«ШЕКТҮҮЛӨР ТАБЫЛА ЭЛЕК»
Маркум Актилек Абдубалиев кызмат кылган Бишкек шаардык Октябрь РИИБинин башчысынын орун басары Канатбек Досов 18-ноябрь күнү «Ууру» аттуу операция башталып, аймактык тескөөчүлөргө тапшырма берилгенин айтат.
– Бишкек шаарынын 8-кичирайонунун жашоочулары бир нече ирет бизге кайрылып, «2 велосипед ар кайсы үйдүн алдында, ар башка подъездде туруп калып жатат. Бирок алардын ээлерин көрбөйбүз, текшерип бергиле» дешкен.
19-ноябрда Актилек Абдубалиев өзүнө бөлүнгөн аймакты кыдырып жүрсө, 38-үйдүн жанынан велосипед тээп алган, рюкзак асынган 2 жаш жигит чыгып калат. Бирөөнү кармап, ордунан жылбай туруусун буйруп, кесиптешине телефон чалып чакырат. Бул учурда экинчиси келип тапанча менен 5-6 ирет атып жиберген. Ал окуя болгон жерден каза болду. Кылмышка шектүүлөр ошол жерден из жашырып кетишкен.
Ошол эле күнү окуя боюнча ыкчам топ шектүү делген жарандарга таандык 2 велосипедди шаардын 7-кичирайонунан табышты. Бул боюнча «укук коргоо кызматкеринин өмүрүнө кол салуу» беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, кылмышкерлерди издөө иштери жүрүп жатат. Эгер көргөн-билгендер шектүүлөрдүн кайда экендиги тууралуу маалымат беришсе, ИИМ 1 миллион сом сыйлык ыйгарарын жарыялады. Анонимдүүлүккө кепилдик берилет.
ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришкендей, маркумдун үй-бүлөсүнө кесиптештери тарабынан жалпы 800 миӊ сомдой жардам көрсөтүлгөн. Ошондой эле президенттин фондунан 100 миӊ сом каражат бөлүндү.

«БАЛАМДЫ ҮЙЛӨНТӨЙҮН ДЕП ЖАТКАМ»
Актилек Абдубалиевдин атасы Асан Исабаев «уулумду дасыккан кылмышкерлер эле аткан» деген пикирде.
– Актилек балдарымдын эӊ улуусу болчу. 21-ноябрда акыркы сапарга узаттым. Ким эле уулун жерге берип калам деп ойлосун? Тескерисинче, качан келинчек алып келип кубантат деп күтүп жүргөм. Болбосо жыл жаӊырганда дароо үйлөнтүп салууну ойлонуп жатканбыз. Актилек 1989-жылы туулган. Кызмат жолун 2012-жылы Ош ОИИБинде баштап, Бишкекке которулганына 7 ай болгон. Ишине так, мээнеткеч, бизге кол кабыш кылам деп жаны тынчу эмес. Жалал-Абадга, үйгө май айында келип кеткен. Акыркы жолу көргөнүбүз ошол болду.
Баламды Макаров тапанчасы менен калбыр кылып аткылап салышыптыр. Жерге жыгылганда өлүү-тирүүсүн текшерип, башка дагы эки ирет атышыптыр, акмактар. Булар профессионал кылмышкерлер болгон деп ойлойм. Өздөрү шектүү немелер болсо, курал алып жүрүшсө, анан эмдигиче колго түшө элек болушса, демек, коркунучтуу эле кылмышкерлер да. Алар башка жарандарга зыян келтирбейт деп эч ким кепилдик бербейт.
Бала 40ка чыкса да, ата-эне үчүн бала бойдон калат. Мен наристемден айрылдым. Он гүлүнүн бири ачыла элек, турмуштун ширесин тата элек болчу. Ал таптаза боюнча бизди таштап кетти. Артында иниси, карындашы жана апасы болуп сыздап кала бердик.

«МУУЗДАП, ӨРТТӨП КӨМҮП САЛГАН УЧУРЛАР БОЛОТ»
ИИМдин басма сөз кызматынын кызматкери Эрнис Осмонбаев «милиция кызматкерлеринин өмүрүнүн ар бир мүнөтү кылдын кырында турат. Бирок бул көрүнүштү эч ким этибарга албайт жана баалай бербейт» дейт.
– Коомдогу коопсуздук, тынчтык, тартипти милиция кызматкерлери жөнгө салып турат. Бирок алардын эмгегин баалай билип, ылайыгы келсе жардам бере койгон адамдар өтө аз. Кайсыл бир себептерден улам милицияга болгон элдин ишеними солгундап кетти. Бирок милициясыз коомдо ири башаламандык жараларын баары эле этибарга ала бербейт.
Иш учурунда көз жумган кызматкерлердин дээрлик бардыгы кылмышкерлер тарабынан каза табышат. Кесиптештерибизди ырайымсыздык менен өлтүргөн фактылар кагаздан мурун жадыбызда сакталуу. Милицияга тиш кайрап калган кылмышкерлер аларды атып, бычактап, башын жанчып, мууздап, тирүүлөй өрттөп өзгөчө мыкаачылык менен өлтүрүп, көмүп да кеткендери бар. Өздөрү укук коргоо кызматында эмгектенишкени менен, өздөрүнүн укуктары корголбой калган жагдайлар четтен чыгат.

Окуя 8-кичирайондогу 38 жана 40-үйдүн ортосунда болгон.

Шектүүлөрдүн фотороботу түзүлүп, изделүүдө. Ал эми велосипеддери коӊшу кичирайондон табылды.

Актилек Абдубалиев үй-бүлөдө эӊ улуусу болчу.

Маалымат үчүн:

Гүлжан Асанкожоева
koom@super.kg


Милиция кызматкери дасыккан кылмышкерлердин огунан ажал таптыбы?

Автор: Бекжан Рыскулов
Оператор: Темир Абиров

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  -2 
Комментарийлер(22)
Super TV
27.11.2015. 23:53 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
29
Катталган:
19-11-2011
Соӊку аракети:
16-08-2018 14:53
Жынысы:
Белгисиз
+19
Кыргыздын дагы бир кыраан жигитинен айрылдык! Жаткан жери жайлуу болсун! Кылмышкерлер кармалат деп терен ишенебиз! Ата-энесине, бир туугандарына кудай сабыр берсин!
Super TV
28.11.2015. 20:52 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
660
Катталган:
20-04-2014
Соӊку аракети:
10-04-2017 12:23
Жынысы:
Белгисиз
+8
Кайрат тилейм ата-энесине.
30.11.2015. 09:21 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
19
Катталган:
13-07-2015
Соӊку аракети:
23-08-2016 08:14
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
+4
Кудайым уйбулосуно сабырдуулук берсин. Атасынын айткандарына кошулам. Кылмышкерлер тажрыбалууго дейм.
30.11.2015. 09:27 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
119
Катталган:
15-04-2015
Соӊку аракети:
21-09-2018 08:54
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
JallivuD
+3
Кыргыздар бирибиздин гошубузду бирибиз жеп тынат окшойбуз. байкуш жаш эле жигит экен эле. уй-булоосуно кыйын болду
02.12.2015. 10:45 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
16
Катталган:
09-09-2015
Соӊку аракети:
17-10-2017 13:19
Жынысы:
Белгисиз
+6
aiturgasha,гош эмес эт! Тилибизди ондойлу. P.S. Озум дагы Оштукмун.
30.11.2015. 13:06 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
276
Катталган:
15-09-2015
Соӊку аракети:
18-09-2018 18:11
Жынысы:
Белгисиз
+2
Аллахым сабыр берсин уй-булосуно. Баланын куйуту жаман деп калышат эле чон энелерибиз
30.11.2015. 14:22 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
58
Катталган:
03-06-2013
Соӊку аракети:
12-10-2016 22:16
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Талас
+4
omka100514,кыргыздар гош жебейт.
02.12.2015. 10:46 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
16
Катталган:
09-09-2015
Соӊку аракети:
17-10-2017 13:19
Жынысы:
Белгисиз
0
shiko,туура, эт жейт
30.11.2015. 13:19 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
6
Катталган:
22-05-2014
Соӊку аракети:
10-09-2018 11:33
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Турция Анталия
+10
Ар домго,коомдук жайларга видеонаблюдения коюш керек.Ушундай учурдэларда кармалат кылмышкерлер
Медиа-портал
30.11.2015. 14:21 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
0
Катталган:
29-11-2015
Соӊку аракети:
15-07-2016 12:46
Жынысы:
Белгисиз
+3
Эх Тилек кандай жакшы бала эле жаткан жери жайлу, карангы гору жарык болсун!
30.11.2015. 15:00 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
289
Катталган:
03-12-2014
Соӊку аракети:
07-07-2016 10:18
Жынысы:
Белгисиз
+2
уй булосу учун эн чон жоготуу болду.Жакындарына сабыр берсин Кудайым.((((
01.12.2015. 08:59 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
8
Катталган:
10-12-2011
Соӊку аракети:
31-08-2016 16:46
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
0
Арты кайрылуу болсун!Замандаштар кандай дейсинер Бизде адам олтургондорго олум жазасын гана берсе киши олтуруу азаят беле? мен милиция кызматкерлерин сыйлайм жана тушуном. ар дайым иштеринде ийгилик гана болуп, аман болушсун. Анткени алар да бироонун баласы, атасы, жубайы, байкеси, ининси туурабы????
01.12.2015. 13:27 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
106
Катталган:
22-07-2014
Соӊку аракети:
21-09-2018 01:18
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Ош
+4
Террористер деп турмодон качкандарды укмуш издешип Ит айткандай атып,бир паста эле таап жатышты эле.Кана бул баланы аткандарды дагы ошондой издебейсинерби?
01.12.2015. 23:41 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
3
Катталган:
30-11-2015
Соӊку аракети:
14-08-2018 18:03
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жаткан жери жайлуу болсун. Ата-энесине сабыр берсин.
02.12.2015. 13:25 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
2
Катталган:
01-09-2014
Соӊку аракети:
12-07-2018 04:34
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Борбор
0
Уй булосуно сабыр берсин чоон жоготуу болуптур,жалпы чогулуп текшеришсе милиция кызматкерлери кылмышкерлерди деп ойлойм.
02.12.2015. 16:09 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
72
Катталган:
11-01-2014
Соӊку аракети:
14-09-2018 23:23
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы адамдардын омуру кыска болот деген чын окшойт жаткан жери жайлуу топурагы торко болсун ата энесине сабырдуулук тилейм
02.12.2015. 16:47 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
12
Катталган:
18-11-2015
Соӊку аракети:
29-06-2018 12:53
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
0
Ото Окунучтуу...Жаны жаннаттан оорун алсын.Бардык жакындарына сабыр берсин.
03.12.2015. 18:32 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
50
Катталган:
08-12-2014
Соӊку аракети:
05-01-2017 19:43
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Успешный леди !
+1
Ата-энесине сабыр тилейм, жаткан жери жайлуу карангы жери жарык,кылган куноолору болсо Алладан кечиришин тилеймин! Закон ду турдо кылмыш керлер таабылып оз жазасын аласын. Жап жаш баланы атып жок кылды.
04.12.2015. 05:49 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
89
Катталган:
19-06-2015
Соӊку аракети:
30-12-2016 22:24
Жынысы:
Белгисиз
0
Наша саткандар болсо керек. Ошол велосипед токтогон подъезддердин жашоочуларын тинтиш керек, ошол райондо сообщниктери болбогондо кылмышкерлер ал районго бармак эмес
04.12.2015. 05:50 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
89
Катталган:
19-06-2015
Соӊку аракети:
30-12-2016 22:24
Жынысы:
Белгисиз
+2
Маркум милиционер шериги жок жургону эмнеси, ар бир онуккон олкодо менттердин напарниги болот прикрывать этип турчу. Уят эле начальниктерине.
06.12.2015. 11:39 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
432
Катталган:
19-02-2013
Соӊку аракети:
21-09-2018 08:56
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Мекеним Кыргызстан
0
жакындарын сабр берсин жаткан жери жайлуу болсун
06.12.2015. 14:47 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
7
Катталган:
16-11-2015
Соӊку аракети:
09-09-2018 11:35
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Нарын
0
жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун. Акмактардын жазасы н Алла ОЗУ берсин. Ата-энесине биртуугандарына Кайрат тилейм.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
21193;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2018 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: