«Жол кырсыгынан каза тапкан күйөөм менен кызым түшүмө көп кирет, аларды сагынам, көргүм келет... Алардын сүрөттөрүн телмире тиктегенден башка аргам жок. Күйөөмдүн өлгөнүн билсем да, анын жоголгон телефон номерине чалып тыӊшай берем»,- деген Мээрим Самудинова аттуу каарманыбыз редакциябызга баш бакты. Анын тагдырын уккан соӊ окуяны иликтеп көрүүнү эп көрдүк.
«АЙДООЧУ БИЗДИ КАРАКТАП ЖАТКАНЫН КӨРГӨМ»
2015-жылдын 13-май күнү кечки саат 6 чамасында Адылжан Халмурзин аттуу Фольксваген Пассат унаасынын айдоочусу Бишкек-Торугарт жолунун 104-чакырымында катуу ылдамдыкта келе жатып унаасын башкара албай калган. Жыйынтыгында жолдун каршылаш тилкесине чыгып Ауди 100 үлгүсүндөгү унааны сүзгөн. Окуя болгон жерден 6 киши каза таап, 4 киши жаракат алган.
Жогорудагы окуядан соӊ 2-топтогу майып болуп калган каарманыбыз Мээрим сотторго нааразы экендигин айтат:
– Жолдошум Медер Доконов менен 2012-жылы баш кошуп, 2013-жылы Элиза аттуу кыздуу болгонбуз. Ысык-Көл облусунун Чоӊ Сары-Ой айылында жашачубуз. Соода менен алектенчүбүз. Банктан 6 айга 80 миӊ сом насыя алып, анын 50 миӊ сомуна Токмоктон товар алып Чолпон-Атага сатканы баратканбыз. Жаныбызга жүргүнчүлөрдү салып алган элек. Аӊгыча бир машина келип биздин унааны туура капталынан сүздү. Ошол жерден эсимди жоготтум. Көзүмдү ачсам, бир киши бизге жардам беримиш болуп жолдошумдун чөнтөктөрүн аӊтарып жатканын көрдүм. Ал киши бизди сүзгөн унаанын айдоочусу экен.
Кийин жолдошумдун кымбат уюлдук телефону, менин күмүш сөйкө-шакектерим, сатканы алып бараткан товарларыбыз, мындан тышкары капчыгымда товар алгандан арткан 20 миӊ сом каракталганын билдик. Кайрадан өзүмдү жоготуп, Кемин райондук ооруканасынан дарыгерлер кашымды тигип жатышканда ойгондум. 1 күн ал жакта жатып, анан Бишкек шаарындагы №4-ооруканага которушуп, ал жакта 29 күн дарыландым. Буту-колум сынып, жаак, башымдан оор жаракат алган экем. Ооруканадан туугандарым «жолдошуӊ менен кызыӊ ооруканада дарыланып жатышат» деп коюшкан. Үйгө чыгып келгенден кийин гана алардын каза болушканын билдим.
Бизди сүзгөн айдоочунун туугандары басып келишпеген соӊ акыры тергөөчүгө: «Эмнеге кечирим сурап келишпейт? Кызым менен жолдошумду өлтүргөндөр, мени майып кылгандар кандай адамдар экенин көрүшүм керек» дедим. Эртеси 3 аял менен күнөөкөр айдоочунун келинчеги «куран окутабыз» дешип майда-чүйдөлөрүн көтөрүп келишти. Ал кезде баспай коляскада отурчумун. Айдоочунун аялы: «Кызыӊ менен күйөөӊдүн ажалы жеткен экен, күйөөм сүзбөсө башка жактан деле баары бир өлмөк. Сен болсо жаш экенсиӊ, башка бирөөнү таап тийип кетесиӊ. Алдагы коляскадан тургуӊ келсе, күйөөмдү каматпа. Ал иштеп, дарыланууӊа жардам берет. Каматчу болсоӊ бир тыйын да бербейбиз. Биздин 5 балабыз бар, ошолордун убалын ойло!» деди. «Күйөөм экөөбүз банктан насыя алган элек, аны төлөөчү убакыт келди, төлөшкүлө» десем, «Биз бул жакка тосмо арыз жаз деп суранып келген жерибиз жок, куран окутуп келдик. Төлөбөйбүз, билгениӊди кылып ал» дешип кыйкырып башташты. Чыдабай кетип аларды үйдөн кууп чыктым. Айтпаган сөздүн баарын айтышып «өзүӊдөн көр» деп чыгып кетишти. Ошол боюнча байланышкан жок.
«СОТ ЖАБЫРЛАНУУЧУЛАРДЫ КАТЫШТЫРБАЙ ӨКҮМ ЧЫГАРДЫ»
– Сот отуруму болбой, шылтоолор менен улам жылдырылып жатты. Акыры 22-сентябрда болду. Айдоочу Адылжан күнөөсүн моюнуна алды, бирок жактоочусу жок келип сот иши 3-ноябрга жылган. Ал күнү Кеминге барсам, сот 17-ноябрга жылып кетиптир. «Эмне болду?» десем, «Соттун катчысы окуусуна кетип келбей калды. Ошол үчүн жылды» дешкен. Коридорго чыксам катчысы окууга кетпестен ошол жерде жүрүптүр.
Судья Нурманбет Эшалиев мас болуп бир кишини колтуктап кетип баратыптыр. Ага жолугуп сүйлөшсөм «Мага доо арыз бер, материалдык, моралдык чыгымдарыӊдын бардыгын өндүрүп берем» деди. Мен ага чейин 10 күн дарыланайын деп ооруканага экинчи ирет жатып чыккам. Сот болот деп эч ким телефон чалган да жок, айткан да жок. 18-ноябрь күнү мага биздин машинада келатып жаракат алган Чолпон деген келин телефон чалып: «12-ноябрда сот отуруму болуптур. Бизди да чакырышкан эмес. Айдоочуну 8 жылга жатак абакка кесиптир» деди. 19-ноябрда соттун өкүмү менен таанышайын деп барсам, күйөөмдү жол эрежесин бузган дешип, айдоочуну «5 баласын бага турган жалгыз эркек» деп 8 жыл жатак абакка кесиптир.
Өкүмдө болсо соттун курамындагылардын арасына менин жактоочумдун да аты-жөнүн кошуп коюшуптур. Жактоочум болсо сотко катышмак түгүл сот болорун уккан да эмес. Жабырлануучу тарап соттун өкүмүнө нааразы болсо 10 күндүн ичинде кайра арыз менен кайрылыш керек экен. А биз билбей, 7 күнүбүз өтүп кетиптир. Эптеп жетишип арыз жазып алып барсам, Кемин райондук сотунун кызматкерлери «биз мындай жол кырсыктарын карабайбыз» деп арызымды араӊ зорго кабыл алышты. Ал эми судья Эшалиевге жолугайын десем, ал «өкүм чыккан, бар кет!» деп иш бөлмөсүнөн кууп чыкты.
Ушунча кан төгүлгөндөн кийин айдоочу оор жаза алыш керек эле. Бирок сот адилетсиздик кылды. Мындан тышкары тергөө иштеринде мүчүлүштүктөр кетти. Адылжанга карактоо беренеси менен да иш козголушу керек болчу. Азыр ооруканага бат-бат каттайм. Көрүүм начарлап, дайыма башым айланып, таяксыз баса албай калдым. Дарылануума, күйөөм менен кызымды жерге берүүдө бир топ чыгымдар кетти. Мага алдыда дагы операция жасалыш керек, ага да акча керек. Материалдык жана моралдык чыгымдарымды төлөп бергендин ордуна күнөөлүү айдоочу соттордун, милиция кызматкерлеринин оозун акча менен жаап, бизге «билгениӊерди кылып алгыла» деп коюшту.
Бул жол кырсыгынан Ауди унаасынын жүргүнчүсү 29 жаштагы Чолпон Алапаева жана анын 1жарым жашар уулу жаракат алган. Андан тышкары жабырлануучу ушул эле жол кырсыгынан апасынан жана 6 жаштагы уулунан ажыраган. Жолукканыбызда, ал уулуна 3 ирет операция жасалганын, күнөөлүү айдоочунун аялы 2 операцияга кеткен каражатты төлөп бергендигин айтты. Бирок анын өзүнүн дарылануусуна жардам берген эмес жана аны да 12-ноябрдагы сот отурумуна чакырышкан эмес.
«КҮЙӨӨМ АТАЙЫН КЫЛГАН ЖОК»
Андан соӊ жол кырсыгына себепкер Адылжан Халмурзиндин жубайы Зарина менен байланышканыбызда, ал буларды айтып берди:
– Кырсык болгон учурда жолдошум соо болчу, жабырлануучуларды атайын сүзгөн жок. Биздин унаадан да 1 жигит каза тапты, өзүбүздүн 19 жаштагы кызыбыз жаракат алды. Каза болгондордун үй-бүлөсүнө колубуздан келишинче жардам кылдык. Ал эми жаракат алгандардын ооруканасына, дары-дармегине, операция жасоого акчалай жардам бердик. Жараткан шыпаа берип бүгүнкү күндө сиздерге кайрылган Мээрим жакшы болуп, басып калды. Жабырлануучулардын ичинен бир гана ал биз берген жардамдарга ыраазы болбой, күйөөмдү каматууга аракет кылып жатат. Учурда бизден материалдык чыгым үчүн 950 миӊ сом жана моралдык чыгым үчүн 10 миллион сом талап кылууда. Күйөөмдү 4-июнь күнү СИЗОго камашкан, дале камакта. Мен болсо 5 балам менен жалгыз калдым. Ал акчаны таап берүүгө күчүм жетпейт. Баарынан жаманы Мээрим күйөөмдү каракчылыкка айыптап жатканы адамгерчиликке жатпайт. Кишилер өлүп, жаракат алып жатышса, күйөөмдүн шашпай барып аларды карактап жатканына кантип эрки жетсин? Анын абалы деле жакшы эмес, камакта жатып микроинсультка кабылып, жүрөк оорукчан болуп калды.
«АЙДООЧУ МЫЙЗАМ ЧЕГИНДЕ ЖАЗА АЛДЫ»
Андан соӊ Кемин райондук сотунун төрагасы Нурманбет Эшалиевге жолугуп, төмөнкүдөй жооп алдык:
– Бул иш каралып, 12-ноябрда өкүм чыккан. Жабырлануучулар сот отурумуна чакырылып, суралышкан. Кийинки отурумга келсе да, келбесе да ошол суракта берген көрсөтмөлөрү протоколдо тийиштүү документтерге тиркелет. Жабырлануучулардын бардыгы чакырылган, бири келбей калса соттук отурумду токтотуп салууга жол берилбейт. Өкүмүмө нааразы болгон жабырлануучулар облустук сотко арыз жазышкан. Ошол себептен мен чыгарган өкүм күчүнө кире элек. 6 киши өлүп жатса айдоочу жазасыз калбайт. Мыйзам чегинде жазасын тартты, бирок кандай өкүм чыгарганымды күчүнө кирмейинче айтууга укугум жок. Учурда күнөөлүү айдоочу СИЗОдо камакта. Ал эми мен тууралуу Мээрим Самудинованын айткандары курулай жалаа. Өзүм судья болсом, анан иш учурунда кантип мас болуп отурмак элем?
Асхат Субанбеков
koom@super.kg