«Аталар керээзи» тасмасын көргөн көрүүчүнүн эсинде кичинекей Тимур кантип калбасын? Анын тасмада Изабелге гүл берип, башкалардан кызганып сүйгөнү жылмаюу тартуулайт. Балакай азыр зыӊкыйган жигит болуп, борбордогу окуу жайлардын биринде окуйт. Ал аталган тасмага кандайча тартылып калгандыгы тууралуу айтып берди.
Толук аты жөнү – Нурсеит Апсаматов
Туулган жылы, күнү – 1995-жыл, 2-апрель
Туулган жери – Аксы районунун Кербен шаары
Билими – КЭУнун финансы-кредит факультетинин студенти
Үй-бүлөлүк абалы – Бойдок
– Нурсеит, «Аталар керээзи» тасмасына кандайча тартылып калдыӊ эле?
– Мен ал учурда Бишкек шаарындагы Көк-Жар кичи районундагы №2-мектепте 2-класста окучумун. Кино тартып жаткан топ мектепке келип биздин класстагы балдарды күлдүрүп, ырдатып көрүштү. Мага «ыйла» дегенинен калп болсо да ыйламыш болуп койдум. Эртеси күнү «Кыргызфильмге келгиле» дешти. Барсак, сынакка мен курактуу 250 бала келиптир. Ал жерден дагы режиссёрлордун берген тапшырмасын аткарып бердим. Эки күндөн кийин апама телефон чалып, мени тартышарын айтышкан.
– 8 жашта болсоӊ, режиссёрду бир топ эле кыйнасаӊ керек?
– Жаӊы тартылып баштаганда камерадан аябай сүрдөгөм. Көзүм жумулуп кетсе, чоӊураак ачылса дагы кайра тартышып бир кадрга 17-18 дубль менен түшкөм. Тасмадагы баш каарман Изабелдин (Наташа Ренье) балтаны тартып кулап түшкөн жеринде күлө албай койгом. Тартуучу топтогулар күлкүлүү окуяларды айтышат, же менин күлгөнүм окшошпойт. Акыры актёрлордун бирөө жатып алып таманымдан кытыгылап күлдүрүп, камерага белимден өйдө тартышкан.
Дагы бир жолу Нурбек байке (Нурбек Эген) орусчалап «боком встань» десе, бокту кара деп түшүнүп тооккананын жанындагы кыкты карап тура бериптирмин. Мындай кылыктарым менен тасма тарткан топту көп жолу күлдүрдүм.
– Ыйлаган эпизоддорду кантип тартышкан? Көзүӊө пияз сүйкөшүппү?
– Тасма тартылып бүткөнчө апам мени карап жүрдү. Көлгө түшкөндү аябай жакшы көрчүмүн да. Менин ыйлашыма апамдын, режиссёрдун «көлгө түшпөйсүӊ, сени калтырып коёбуз» деген сөздөрү себеп болчу. Бул сөздөрдү уккандан кийин көзүмдөн жаш агып, тартылып бүткөндөн кийин дагы токтоно албай 2 сааттай өксүп отурчумун. Бир ирет адаттагыдай токтоно албай ыйлап отурсам, Болот Тентимишов «ыйлаба» деп бир кесим коон бергени эсимде. Мен актёрлордун ичинен Бопуш байкеге (Марат Жанталиев) аябай жакын болчумун. Ал тамашалуу сөздөрдү айтып күлдүрүп, такыр зериктирчү эмес. Дайыма ичинде 100 грамм угут бардай жүрчү (күлүп).
– Тимурдун дарыканага келип «аптекарь, там человек умирает» деп айткан сөзү көпчүлүктүн эсинде калган. Ушул эпизодго да токтолсоӊ...
– Анда орус тилин жакшы билчү эмесмин. Бул сөздү жатташ үчүн канча күн убара болгом. Дарыканага кирип презерватив сурап, Изабелге берген жерим бар го. Мен анда ал нерсе эмне экенин билчү эмесмин. Азыр ошол жерин көргөндө аябай уялам.
– Кино элге көрсөтүлгөндөн кийин мектепте, көчөдө сени Тимур деп таанып калыштыбы?
– Мектепте, коомдук унаага түшкөндө, көчөдөн көргөндөр «Тимурсуӊбу?» деп сурай беришчү. Бирок автограф берип, кыздардын сүйүктүүсүнө айланган деле жокмун (күлүп).
– Азыр фильмди көргөндө эмнелер эсиӊе түшөт?
–Франциялык актриса Наташа Ренье, анын кызы, атактуу актёрлор менен бир пансионатта үч ай жашаган күндөр эске түшөт. Изабелди кинодо гана сүйүп, кызганбастан, балалык баёо сезим менен чыныгы жашоодо да жактырып калгам. Ошол окуяларды эстеп жылмайып калам.
– Канча гонорар алгансыӊ?
– 1000 доллар алгам. Ата-энем велосипед сатып берип, калганын үй-бүлөбүздүн керегине жумшашкан.
– Кийин тасмага тартыл деген сунуш түшкөн жокпу?
– Бир-эки тасманын сынагына барсам, «бизге ошол кездеги Тимур керек болчу, азыр чоӊоюп калыптырсыӊ» деп албай коюшкан.
– Демек, азыр деле тасмага тартылгыӊ келет турбайбы?
– Эгер сунуш түшсө, чын дилимден барып тартылмакмын.
Султан Төрөбеков
star@super.kg