ИЗДЕЙМ СЕНИ

«ГҮЛСИНАНЫ ИЗДЕП ЖҮРӨМ»
– 1986-жылы Чүй облусунун Фрунзе совхозунда туулган Гүлсина аттуу кызды издейм. Биз 2003-жылы Бишкек шаарындагы Кызыл-Аскер аймагынан таанышканбыз. Ал ошол жерде «Шоро» сатып иштечү. Ал убакта азыркыдай уюлдук телефон деген жок эле. Ошол жылы мен автокырсыкка кабылып, ооруканага жатып калганда Гүлсина келип кеткен. Ошол боюнча көргөн жокмун. Гүлсина, мени эстесеӊ кабарлаш.

Алмаз Болотов, Стокгольм, Швеция
тел.: +46735851773, bolotov8686@bk.ru

«БАТИРДЕ БИРГЕ ЖАШАГАН ҮЙ-БҮЛӨНҮИЗДЕЙБИЗ»
– 2014-жылы Москва шаарында 1 батирде чогуу жашаган Талант Асанбеков жана келинчеги Бактылуу Акматбекованы (Бакы эже) издейбиз. Нурислам аттуу уулу бар. Алар «Токтогул районунун Шопок айылынанбыз» деп калышчу. Ынтымактуу жашачубуз, жакшы адамдар менен мамилебизди улагыбыз келет.

Бектур жана Гүлбарчын, тел.: 0555 01 08 09

«ОРУНБҮБҮ БЕРДИКЕЕВА, КАЙДАСЫӉ?»
– Өзгөн районуна караштуу Эркин-Тоо айылынын тургуну Орунбүбү Бердикееваны издейм. Ал экөөбүз 1976-78-жылдары Жалал-Абад шаарындагы медициналык окуу жайдын МЛ10А тайпасында чогуу окуганбыз. Эгер окуп калсаӊ байланыш.

Алай районунан Запаркан Кариева,
тел.: 0779 662 259

«КУРСТАШЫМ МАХАМАТТЫ ИЗДЕЙМ»
– 1990-жылы Бишкек шаарындагы Политехникалык институтунун механика факультетин аяктаган курсташым Махамат Жунусовду издейм. Ал Ош облусунун Кара-Суу шаарынан болот. Махаматты билгендер болсо кабарлап койгула.

Тыныбек Ажыкеев, тел.: 0772 899 746

С из качандыр бир кездеги жакын адамыӊызды издеп, бирок таппай жүргөн болсоӊуз, анда Главпочтамт, а/я 2031 дарегине же koom@super.kg электрондук почтасына кат жазыӊыз.
Эскертүү! Катта маалымат берген адамдын дареги же телефон номери так көр сө түлүүгө тийиш.
Байланыш телефону: (0312) 32-33-28

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 682, 27-ноябрь-3-декабрь, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан