АТА-БАЛА ҮЙ-БҮЛӨНҮ ӨЛҮМДӨН САКТАП КАЛДЫ

«Ал түнү жубайымды сапарга узатуу үчүн «Манас» аэропортуна бара жатканбыз. Аӊгыча «Рухий Мурас» жаӊы конушу тарапта үй өрттөнүп жатканын көрүп калдык. Унааны дароо ошол тарапка бурдум. Түндө үй өрттөнүп жатса, андагы адамдардын өмүрүн ойлодук...»

«ӨЗ УБАГЫНДА ОШОЛ ЖЕРДЕ БОЛУП КАЛЫПТЫРБЫЗ»
23-ноябрь күнү таӊкы саат 4 чамасында Жаныбек Токбаев, жубайы жана уулу Максат менен «Манас» аэропортуна бара жатышкан. Жолдон «Рухий Мурас» конушундагы бир үйдүн өрттөнүп жатканын көрүп калышат. Окуя тууралуу Жаныбек Токбаев төмөнкүлөрдү айтып берди:
– Өрттү көрөрүбүз менен унаамды үй тарапка буруп, жеткенче шаштык. Түндө там күйүп жатса, ээси уктап жатса керек деген ой келди. Барсак, үйдүн чатыры күйүп жатыптыр. Дарбазасы бек, такылдатсак эч ким ачпайт. Балам дарбазасынан ашып өтүп ичинен ачты. Свет өчүк, үйдүн эшиги ичинен кулпуланып тургандыктан аны араӊ ачтык. Үйдүн ичин түтүн каптай баштаптыр. Кирип барсак, кичинекей бала көзүмө урунду. Аны дароо шейшепке ороп сыртка алып чыктым. Андан соӊ калгандарын ойготуп, эшикке чыгарганга үлгүрдүк. Бир аздан кийин тамдын чатыры кулады. Дагы бир аз убакыт кечигип калсак эмне болмок ким билет? Өз убагында дал ошол жерде болуп калыптырбыз. «Тез жардам», милиция, өрт өчүрүүчүлөрдү чакырып коюп, учакка кечигип калбайлы деп аэропортко жөнөдүк.

«ОЙЛОНГОНГО ДА УБАКЫТ БОЛГОН ЖОК»
«Ал түнү мындай окуяга кабылабыз деп ойлогон эмесмин»,- дейт башкы каармандардын бири Максат Жаныбек уулу.
– Үй абдан эле катуу күйүп жатыптыр. Мындайда ойлонгонго да убакыт болгон жок. Үй бек болгондуктан, дарбазаны ашып түшүп эле кирип бардык. Үйдүн ичиндегилер уктап жатышкан го деп ойлогом. Көрсө, иске ууланып калышыптыр. Аларды бетке 1-2 ирет катуу чапканда араӊ эсине келишти. Үй толугу менен 10 мүнөткө жетпей күйүп бүтүп калды. Жалпы 5 адам бар болчу. Бардыгын сыртка чыгарганга үлгүрдүк. Үй ээлери ыраазычылыгын билдирип, эртеси бизди түлөөгө да чакырышты.

«БАРДЫГЫ АМАН КАЛГАНЫНА СҮЙҮНҮП ОТУРАБЫЗ»
Ал эми үй ээси Амангелди Абдылдаев бул күнү Ысык-Көлгө иштери менен кеткен. Ал үйсүз калса да, үй-бүлөсү аман калганына сүйүнүүдө.
– Кырсык каш-кабактын ортосунда турбайбы. Үйдө уулум, келиним, неберем, кызым жана иним бар болчу. Бардыгы аман калганына сүйүнүп отурабыз. Эч ким жабыр тарткан жок. Жаныбек менен Максат мырзага ыраазычылыгыбызды билдирип бүтө элекпиз. Эртеси түлөө өткөрүп, аларды да чакырдык. Үйдү салганыбызга 3 эле жыл болгон. Там толугу менен күйүп кетип, дубалдары гана калды. Дагы жакшы, бир канча баалуу буюмдарды, керектүү документтерди алып чыкканга үлгүрүшүптүр. От жакчу меш өрттүн негизги себеби болсо керек. Коӊшу-колоӊ, тааныган-тааныбаганы деле жардам берип, «өрттөн кийин өркүндөйсүӊөр» деп көӊүл айтып жатышат.
Учурда туугандардыкында жашап жатабыз. Негизгиси башыбыз аман калды, эми тамды эптеп тургузуп аларбыз.

«Ал учурда адамдарды аман алып чыгуу биз үчүн милдет эле»
деп белгилеген Жаныбек мырза ИИМ кызматкери болсо, уулу Максат Бишкек шаардык прокуратурасында жардамчы болуп иштейт. Эч жалтанбай, алоолонуп күйүп жаткан тамдын ичиндеги адамдарды куткарган Максаттын эрдиги – атасынын тарбиясы. Өрттөнүп жаткан белгисиз үйдөн адамдарды куткарууга ар ким эле белсенбейт. Коомчулукта мындай баатырлардын болушу адамдарды жакшылыкка гана шыктандырат.

Урматтуу окурман, эгерде сиз ушул сыяктуу коомчулукта талкуу жаратчу окуяга күбө болсоӊуз, SUPER.KG порталынын «Элдик кабар» рубрикасына WhatsApp аркылуу +996557473939 номерине өз кабарыӊызды жөнөтө аласыз.

Адилет Керимбек уулу
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (25)
zhayna
2015-12-08 10:34:40
Азаматтар!!! Эл уулдары. Арабызда жакшы адамдар кобойо берсин. Адамдар кайтара албаган жакшылыктарды Кудай мин эселеп кайтарсын.
+2
Eureka
2015-12-08 11:56:47
Алла ыраазы болсун. Рахмат, Жаныбек мырза! Уулунузга чыныгы жигиттик тарбия берипсиз.Ой ушунчалык кубанып жатам, ушул заманда да жакшы адамдардын барына. Супер инфо ушундай жакшы жанылыктарды жазгылачы
+6
Afina
2015-12-08 12:25:01
Алла ыраазы болсун!
+2
AygulSumaya
2015-12-08 12:32:48
Алла ыраазы болсун
+2
sharolli
2015-12-09 11:03:20
Алла ыраазы болсун Менда ыраазылык айтам хотя 2жакты тен тааныбасамда!
+2
Gulnaz.GS
2015-12-09 15:26:56
Молодцы
+3
Arslan12
2015-12-09 15:58:17
Эрдик, азаматсынар.
+2
Lumia-800
2015-12-09 18:31:10
Себепкер кылып койгон жаратканга да рахмат.
+1
Ledi89
2015-12-09 20:07:14
Алла ыраазы болсун, ушундай жакшы адамдар кобойсун. Эн негизгизи аламдар тируу калыптыр. Сыйлыка татыктуу Алла курук койбойт!
+1
Sagidko88
2015-12-10 20:55:58
Алла ыраазы болсун! эр журок экенсиздер
0
sterva
2015-12-10 21:23:20
Жакшы адамдар бар экени кубандырат
0
begai93
2015-12-13 04:34:33
Молодец!!! Алла ыраазы болсун!
0
bolotbai3
2015-12-13 06:44:23
Алла раазы болсун,5 адамды сактап калыптыр.Тынч аман болгула ылайым.
0
cholpontolgongylyn
2016-01-02 19:15:23
Алла раазы болсун,адамдык эн жогорку сапат деп ойлойм.Аэропортко баратышып самалетко кеч калышын да ойлобой орт болуп жаткан уйго карай бурганы озу эле канча алкышка татыктуу,ал эми беш адамды сактап калганы чоон эле сыйлыка тете да.Чондорубуз ушундай адамдарды сыйлабаса анда...(((
0
Abutyan0
2016-01-05 17:07:51
Аллахтаала себепкер кылган турбайбы. Чыныгы мусульнан ушандай болот. Аллах раазы болсун,эки дуйнодо бактулуу болгула
0
№ 683, 4-декабрь-10-декабрь, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан