Келгиле, балдар, бул жолу таттуу жана пайдалуу бутерброд жасайлы. Ал үчүн бизге булочка, бир аз каймак май, лимон ширеси, алмурут жана жер жаӊгак керектелет.
1. Булочканы экиге бөлүп, бир бөлүгүнө каймак май сүйкөйбүз. Алмурутту да ортосунан кесип, кабыгын аарчып, уругунан тазалап алабыз. Алмурут карарып кетпеши үчүн лимон ширесинен чачып коёбуз.
2. Жер жаӊгактын данын тазалап, алмурутка сайып кирпинин ийнелерин, алмуруттун уругунан кирпинин көзүн, оозун жасайбыз.
3. Кирпи бутерброду даяр, калганын өз фантазияӊарга жараша кооздоп алып жей берсеӊер болот.
Замира Рахманбердиева
balakai@super.kg