Бир күнү жалбырак бутактан үзүлүп, төбөсү менен жерге сайыларда шамал учуруп кетти. Бийикте ойкуп-кайкып, кооздукка көзү талыганча суктанды. Асман кезген жалбырактын саякаты оюндагыдай болуп жатты. Ал тургай бир убакта анын башы-көзүнө карабай булгап кетчү канаттуу куштар аалам кезип бараткан жалбыракка: «Биз жүргөн бийиктикте жалбырак эмне кылып жүрөт?» деген тейде таӊ кала чурулдашты. Жалбырак аларды карап да койгон жок.
– Мен тээтиги кичинекей айылдан учуп чыккан космонавтмын. Карагылачы, баарыӊардан бийик учуп баратам!- деп каткырды.
Чабалекейдин тобу жанынан өттү. Алаксыбады. Анткени тигилердин катарында өзү да учуп жүргөн. Ичи күйгөн шамал эч кимди теӊсинбеген жалбырактын желин чыгарайын деген ойдо:
– Э, жалбырак, сен көктө сайран куруп жүргөнүӊө көп эле тыӊсына бербе! Жерге кайтчу учур келет,- деп алда немени эскерткендей жүзүнөн аяр сылады. – Мен болбосом сен бул бийиктикке жетмек эмессиӊ! Уктуӊбу, мактанчаак жалбырак!
– Кошуна, ыя, кошуна! Ичиӊ күйсө туз жала! Сени түрткүнчүк кылбай өзүм деле учуп кеткени жаткам. Эмне мынча ызырындыӊ?- деди кеп жебес жалбырак, тыӊсына.
– Сен жүргөн бийиктикке саргайткан күздү күтпөй илгери эле учуп чыксам болмок экен. Бир орунда дирилдеп жата берсем бүгүнкүдөй жыргал күндү көрбөй өтмөк экенмин. Андан көрө сен экөөбүз кошуналарча ынтымакта жашайлы. Бири-бирибизди таарынтпайлы. Сен ушуга макулсуӊбу?- деп текеберлене унчукту мактанган жалбырак. Бардык жандуунун жан отун аӊтар-теӊтер кылган шамал чычалап кетти.
– Сен мага кошуна эмессиӊ!- деди каардуу сары ооз жалбыракка ачуусу келип. Алды-артыӊды да ойлой жүр, мактанчаак «космонавт»!
Жалбырак бирдеме деп оозун ачканча, шамал жалбыракты сүйлөтө койбой өпкөгө муштады. Үшүттү. Үшүгөн тулку-боюн башкара албаган жалбырак күтүлбөгөн жерден
төмөн карай кулады. Көп өтпөй башы менен жерге сайылды.
Көктөн түшкөн жалбырак түнү үшүп чыкты. Таӊ да атты. Көксөөсү канбаган жалбырак «дагы качан учар экем?» деп көктү теше тиктеп жата берди. Анын аалам кезүүсүнө шамал себеп болгонун түк эстеп да койбоду. Күн менен түн алмашкан сайын өӊү кара күрөӊ тартып, жүзүн үзүк-үзүк бырыш басты. Көп нерседен үмүт этип, аалам кезгиси келген жалбырак өмүрдүн күзү бүтүп, кыш келгенин туйбай калды. Ошентип мактанчаак жалбырак алгачкы кардын астында кала берди.
Жапарали Осмонкулов
Замира Рахманбердиева
balakai@super.kg