Быйылкы жылы кыргыз футболу бир эмес, бир канча тепкичке көтөрүлгөнү талашсыз. Азия чөлкөмүндөгү тандап алуу оюндарында улуттук курамабыз учурдагы Азия чемпиону Австралия менен теӊ тайлашып, күчтүү команда эсептелген Иорданияны жеӊип алды. Бул оюндарда өзүнүн көрүнүктүү оюну менен айырмаланып, маанилүү голдорду жараткан 22-катар санындагы футболчу Антон Землянухинди өзгөчө белгилесе болот. Ал кыргыз футболунун келечеги катары күйөрмандардын башкы сүймөнчүгүнө айланды.
Аты-жөнү – Землянухин Антон Александрович
Туулган жери – Чүй облусу, Кара-Балта шаары
Амплуасы – Жарым коргоочу, чабуулчу
Жетишкендиктери – Кыргызстандын күмүш медалчысы, кубок ээси («Абдыш-Ата», 2009-жыл), Кыргызстандын мыкты чабуулчусу (2009-жыл), Казакстан чемпиондугунун коло байге ээси («Актөбө», 2013-жыл), Кыргызстан улуттук курамасынын мыкты бомбардири (17 оюнда 7 гол)
Учурда – «Раднички» (Сербия) клубунда ойнойт.Трансфердик баасы- 350 миӊ евро (transfermarkt.de боюнча)
Жашы- 26
Бою- 175 см
Салмагы- 68 кг
– Салам, Антон! Алгач кепти футболго кандайча келип калганыӊыздан баштасак...
– Салам! Футбол талаасын алгач Кара-Балтада аттагам. Анда алгачкы машыктыруучуларым Александр Давыдов жана Александр Резин эле. Апам мени жетелеп
келип, менден улуу тайпага кошуп койду. Ал кезде канча жашта экеним деле так эсимде жок. Ошол жерден футболдун «А» тамгасын таанып, үйрөнө баштагам.
– Кыргызстанда сиздин атыӊызды Канттын «Абдыш-Ата» футболдук клубунун формасында таанышты окшойт...
– Ооба, алгачкы олуттуу футболдук клубум «Абдыш-Ата» болду. Ал клубда ойной баштаганда 17 гана жашта элем. Бирок ал клубда бир жыл толук өткөзгүчө чет өлкөгө кетүүгө варианттар чыкты. Жаш футболчу үчүн чет өлкөдө ойноо туура чечим болчу. Ошол кезде Түркиянын «Гиресунспор» командасы менен 5 жылга келишим түзүлгөн. Ал клуб өлкөнүн 1-дивизионунда эле. Бул командада 3 жыл толугу менен ойноп, тажрыйба топтодум. Бирок бир катар келишпестиктерден улам ал жактан кетүүгө туура келип, 2009-жылды кайрадан «Абдыш-Ата» клубунда өткөрдүм.
– Казакстандын да бир канча командаларында ойногонуӊуз белгилүү...
– Казакстанда жалпы 4 командада ойнодум. Алгач «Тараз» футбол клубуна 21 жашымда кошулуп, машыктыруучу мени дароо негизги оюнчу катары тааныштырды. Тараз шаары Кыргызстанга жакын болгону да мага жакшы болду. Ал сезондо жалпы 34 оюнга катышып, 7 жолу айырмаланууга жетиштим. Кийин жаракатымдан улам ойной албай, кайрадан «Абдыш-Атага» келдим. 2012-жылы «Актөбө» клубунда ойнодум. Ошол эле жылы Казакстандын жарандыгын алууга макул болууга туура келди. Анткени бул жагдай менен ойноого оӊой эле. Бирок ал кезде Кыргызстандын улуттук курамдын тизмесинде элем. Кийин «Кайрат», «Кайсар» командаларында ойнодум. 2015-жылдын башынан бери Сербиянын Ниш шаарынын «Раднички» клубунда өнөрүмдү тартуулап келем.
– Аталган командада ойноо сиз үчүн татаал болгон жокпу? Башка өлкө, тили да башка дегендей...
– Башында тил билбегендиктен аябай эле кыйналдым. Команданын бир нече футболчулары орусча билчү, ошолор менен гана сүйлөшчүмүн. Оюн талаасында чогуу ойноо кыжалаттыкты жаратчу. Анткени футбол командалык оюн, баары бири-бирин түшүнүүнү талап кылат. Эми көнүп калдым. Серб тилин түшүнө баштаганым менен, жакшы сүйлөй албайм.
– Эми Кыргызстандын улуттук курамасы жөнүндө сөз кылсак. Башкы машыктыруучу Александр Крестининдин алдында командабыз бир кыйла жогорку тепкичке көтөрүлдү десек болот...
– Ооба, чындыгында улуттук курамабыздын оюну бир кыйла жакшырды. Буга Футбол федерациясынын салымы чоӊ. Аларга ыраазычылык билдирүү керек. Бир эле улуттук курама эмес, бардык жаштагы курама командаларга көӊүл бурулуп жаткандыгы кубандырат. Машыктыруучубуз да өз салымын кошуп жатат. Анын машыгууларга болгон өзгөчө мамилеси жыйынтык берип жатат деп ойлойм.
– Азиянын дөө-шаа командалары менен ойноо кандай таасир калтырды?
– Австралиядан 2 жолу жеӊилип калсак, Иордания менен ойноп 4 упай ала алдык. Күчтүү командалар менен ойноо дайыма кызыктуу жана унутулгус сезимдерди калтырат. Ошондо гана өзүӊдүн деӊгээлиӊди сезе аласыӊ. Мындай мыктылар менен көбүрөөк беттешкенди каалайт элем.
– Бул квалификацияда сиздин улуттук курамдагы оюнуӊуз көпчүлүктүн назарын бурду...
– Менин оюнум тууралуу сыртынан карагандарга билинсе керек. Бирок күйөрмандардын колдоосу өзгөчө болуп жатты. Ал эле эмес, Сербиядагы футбол сүйүүчүлөр да Кыргызстандагы оюнумду көрүп, колдоп жатышканы таӊ калтырбай койгон жок. Эӊ негизгиси, менин оюнум командага жыйынтык алып келүүсү керек. Ошондо гана мен үчүн жана командага унутулгус таасир калтырат.
– Сербия чемпиондугунан күчтүүрөөк жерде ойноого даярмын деп айта аласызбы?
– Сербиянын чемпиондугу башка Европа өлкөлөрүнө салыштырмалуу орточо деп айтса болот. Башка жактан сунуштар түшсө карап чыгууга даярмын. Күчтүү чемпиондуктарда өзүмдү сынап көрүүгө эмнеге болбосун?
– Үй-бүлөлүү экениӊизди билем. Алар жөнүндө айта кетпейсизби?
– Үй-бүлөм – менин жашоом. Жубайымдын аты Юлианна. Кызымдын аты Нелли. Аларды абдан жакшы көрөм. Бир сөз менен айтканда, «супер» үй-бүлөм бар.
– Акыркы суроомду футболчуга эмес, күйөрманга берейин. Кайсы командага күйөрмандык кыласыз?
– «Барселона»!
– Маек куруп бергениӊизге ыраазычылык билдирем!
Адилет Керимбек уулу
sport@super.kg