«Бешкемпир», «Маймыл», «Селкинчек» тасмаларында баш каармандын ролун жараткан кичинекей актёр эсиӊиздерде болсо керек? Бул тасмалардын режиссёру – Актан Арым Кубаттын уулу Мирлан Абдыкалыков. Ата жолун жолдогон режиссёр менен болгон маекти төмөнкү макаладан окуӊуз.
Туулган жылы, күнү – 1982-жыл, 3-июль
Туулган жери – Чүй облусуна караштуу Сокулук районунун Күн-Туу айылы
Билими – Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.
Үй-бүлөлүү, эки кыздын атасы.
– Саламатсызбы, Мирлан? «Сүтак» аттуу автордук тасмаӊыз сизге ийгилик алып келди. Бул фильм сиздин режиссёр катары дебюттук эмгегиӊизби?
– Саламатчылык. Бул фильмге чейин документалдуу, кыска метраждуу тасмаларды тарткам.
– Аталган тасмага атаӊыз кандай баа берди?
– Фильмди тартып бүткөндөн кийин атама көрсөтүп, алдынан өтөйүн деп ойлодум. Анткени анын ою мен үчүн маанилүү болчу. Биринчи күнү көрүп бүтүп колумду бекем кысып, «дагы бир жолу көрөм» деп кетип калды. Эртеси күнү дагы көрүп куттуктаганда «Оскар» алып көргөн эмесмин, бирок ошол сыйлыкты алгандай эле кубандым. Ал дайыма «мээнет жалпак, дөөлөт тоголок, барга көппө, жокко чөкпө, манчыркап кетпе» деген кеӊешин берип турат.
– Киночулар арасында «Мирлан Абдыкалыковдун тасмаларын атасы тартып берип жүрөт» деген кептер болуп жатат...
– Мындай суу кечпеген сөздөрдү укканда күлүп эле коём. Кинону Ысык-Көл облусунун Чоӊ-Ашуу деген ашуусунда тарттык. Ал жакка атам басып барган жок.
– Июль айынан тарта «Сүтак» тасмасы менен Чехия, Орусия, Казакстан, Франция, Индия, Египет жана башка өлкөлөрдө кинофестивалдарга катышып, бир катар наамдарды алдыӊыз...
– Ар өлкөдө ар кандай кабыл алышты. Кинонун тилин түшүнгөн мамлекеттер «жакшы кино тартыпсыӊ» деп куттукташса, айрым жерлерде «кинону түшүнбөй калдык» дегендер болду. Мисалы, Египетте тасманы жакшы кабылдашкан жок. Атама, жубайыма интернеттен «жакшы кабылдаган жок» десем, «беш кол теӊ эмес» деп көӊүлүмдү көтөрүп коюшту.
– Кыргызстанда автордук фильм прокаттан актабайт дешет. Каражатын кайдан алдыӊыз?
– Бул эмгек жеке меники эмес, команданын иши. Тасманын жарык көрүшүнө салым кошкон бардык адамдарга ыраазычылык билдирем. Фильмдин продюсери Садык Шер-Нияз чоӊ демөөрчүлүк кылды. Мындан тышкары Төлөндү Тойчубаев, апам өз салымдарын кошушту.
– Бул кесипти аркалап калышыӊызга атаӊыз түрткү болсо керек?
– Мектепти аяктагандан кийин үй-бүлөбүздө кайсы кесиптин ээси болорум талкууга алынды. Кино тармагына тапшырайын десем, ал учурда Кыргызстанда бул тармак солгундап турган учур эле. Чет мамлекетке шартка байланыштуу окууга тапшыра албадым. Атам «журналистика адистигине тапшыр. Биринчиден, жогорку билим аласыӊ. Экинчиден, гезит-журнал, радио, телекомпанияларда дайыма жумуш болот» деген кеӊешин берди. Студент кезимден тартып эле телекомпаниялардын биринде практика өтөп, иштей баштадым. Бирок жан дүйнөм киного тартып туруп алды.
2004-жылы жогорку окуу жайды бүтүргөндөн кийин студия ачып, клип, видеороликтерди тарта баштадым. Ошол жылы оператор Хасан Кыдыралиевдин чакыруусу менен Казакстанга барып, режиссёрдун ассистенти болуп бир катар тасмаларды тарттык.
– Сиз «Бешкемпир», «Маймыл», «Селкинчек» тасмаларында баш каармандардын ролун жараткансыз. Кийин киного тартылууга мүмкүнчүлүк
болдубу?
– Жакында эле бир режиссёрдон сунуш түштү. Мен ага «так убактысын айтыӊыз, тартылып берейин» дедим. Себеби ал учурда Ысык-Көлдө кино тартып жүргөн болчумун. Мени манчыркап кеткен го деп ойлоду окшойт, убактысын айткан жок.
– «Бешкемпир» тасмасына актриса Альбина Имашева сиздин тандооӊуз менен тартылган экен. Жактыруу сезими болду беле?
– Ал учурда 14 жашта болсом керек. Жигит болгондон кийин кыздардын сулуулугуна карагам го. Альбинаны «Сүтак» тасмасына тартайын деп ойлогом, бирок Көркөм кеӊештен өтпөй калды.
– Кеп нугун өзүӊүздүн үй-бүлөӊүзгө бурсак. Сизди министрдин күйөө баласы дешет го...
– Жубайымдын аты Алтынай. Ортобузда 2 кызыбыз бар. Биз «Кыргызфильмдин» имаратынан таанышканбыз. Атам менен Төлөндү Тойчубаев «Ой Арт» деген студия ачышып, Алтынай ошол жерде продюсер болуп иштеп калды. Жылдызыбыз келишип, 2007-жылы күркүрөтүп кафе-ресторанга той бербей эле кыргыздын салты менен баш коштук. Үйдө той болуп жатканда атамдын бир досу «Мирлан, кыйын экенсиӊ, министрдин кызын алып алдыӊ» деди. Ишене албай жүрдүм. Бир күнү Алтынайдан «сенин атаӊ министрби?» деп сурасам, «билбейсиӊби? Ал 1996-98-жылдары каржы министри болгон» деп айтты. Аялым министрдин кызы экенин үйлөнгөндөн кийин билдим.
– Балалыгыӊыз тууралуу айтсаӊыз, режиссёрдун уулу эрке, тентек беле?
– Аябай тентектик деле кылган жокмун. Тескерисинче, апама жардам болсун деп сабактан кийин Күн-Туу айылынан Ак-Өргөө конушуна чейин жөө кыдырып «айран, сүт!» деп кыйкырып сатып, 10 литрлик идишти түгөтүп кетчүмүн. Мени көптөр шаарда чоӊойгон бала деп ойлошот. Мал кайтарып, короо тазалап, бак тигип, аны бутап чоӊойгон айылдын эле баласымын. Атам тарткан кинолорго тартылып калгандыктан мектепте Бешкемпир, университетте Маймыл атыгып жүрдүм.
– Маегиӊизге рахмат!
Султан Төрөбеков
star@super.kg