ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ (7-декабрдан 13-декабрга чейин)

КОЙ (21.03-20.04)
Өз алдынча, көз карандысыз болуп, пландарды ишке ашырууга киришиӊиз. Жеке сырларыӊыз элге билинбейт деп ишенбеӊиз. Жактырган адамыӊызды жашырганыӊыз менен, сезимиӊиз элге, тигил адамга да айкын болуп чыга келет. Андыктан чечкиндүү болуп, өзү менен түз сүйлөшкөнүӊүз жакшы. Аптанын ортосу ири соода, апта аягы туугандардын ал-абалын суроого ылайыктуу.

БУКАЧАР (21.04-20.05)
Аптанын биринчи жарымында өз мүмкүнчүлүгүӊүздү ашыкча баалоо менен кесиптик репутацияӊызга доо келтирип алууӊуз мүмкүн. Аптанын экинчи жарымында карыздардан кутулуу, өнөктөштөр менен пайдалуу ишке киришүү күтөт.
Сүйүүсүн тапкандар кылык-жоруктарын оӊдобосо, араздашууга кез келип, мамилени калыпка келтирүү кыйындайт. Акчаны бекем катпасаӊыз, үйдөн деле уурдатып жиберүүӊүз ыктымал.

ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)
Өзгөрүүлөргө даярданыӊыз, өзгөчө план, идеяӊыз жашооӊузду башка нукка бура баштамакчы. Үйүӊүздө орной баштаган гармонияны жосунсуз алып жүрүүӊүз менен бузбаӊыз. Апта ортосунда ойлонулбаган ишке аралашпай, өзүӊүздү токтоо кармооӊуз кажет. Дем алыш күндү балдарга арнап, аларды эс алдырып, керектүүлөрүн сатып бересиз.

БӨЙӨН (22.06-22.07)
Чечкинсиздикти, күмөн саноону унутуп, демилгелүү болуӊуз. Күтүүсүз киреше кирүүсү, ошол эле маалда майда окуялардан чыгаша да чыгып кетүүсү ыктымал. Аптанын башында бирөөлөрдүн жакшылыгын белгилөөгө катышасыз. Апта ортосу туугандардын маселесин чечишүү менен өтөт. Аптанын аягында бирөөлөрдүн таасирине кирип, сүйүктүүӊүз менен чырдашууга жетпеӊиз.

АРСТАН (23.07-23.08)
Окуяларга бай апта. Ийгиликтерди багынтууга курч акыл жана тапкычтык жардамга келет. Ушунуӊуз менен чөйрөдөгүлөрдү суктанууга жеткиресиз. Шейшембиде каалооӊуз менен чөнтөгүӊүздүн абалы дал келбей, бир топ кыжалат кылат. Жума күнү чогуу иштешкендер улам кыйкым таап, кежигеӊизди куруштурат. Сөзүн көтөрө албасаӊыз, эмоцияга алдырбай жай кыйытып айтыӊыз.

БИЙКЕЧ (24.08-23.09)
Аптадагы кыйынчылыктан коркпоӊуз. Бул болгону кезектеги майда сыноо. Активдүүлүктү көрсөтүп, ишти так бүткөрүп, ашыкча чыгымдарды кыскартыӊыз. Жеке жашоодо мамилелерди териштирбей туруӊуз, кызуу кандуулук менен баарын талкалап алып жүрбөӊүз. Бейшембиде шашылыш иштер менен бир жактарга барууга туура келет. Ишембиде үйдү жылуулоо, кышкыга отун-суу камдоо менен алектенесиз.

ТАРАЗА (24.09-23.10)
Баары сиз каалагандай боло бербей, бир топ нервиӊиз кетет. Намыс кылып бирөөлөрдүн сунган жардамынан баш тартсаӊыз, өзүӊүзгө эле кыйын. Аптада чыгаша чыкканы менен, орду бат эле жабылат. Жашоодогу ордуӊуз, балдарга берген тарбияӊыздын тууралыгы тууралуу ой жүгүртүп, жаӊычылдык киргизүүнү самооӊуз мүмкүн. Апта акырында коӊшулар менен бир маселени талкуулайсыз.

ЧАЯН (24.10-22.11)
Ишти башкы орунга койсоӊуз гана жакшы жыйынтыкка жетишесиз. Талаш-тартыштын алдын алып, сүйлөгөн сөзгө баам салуу оӊ. Ошондой эле «боор ооруса боорго тебет» дегенди эске алып, жакшылыкты түшүнүп, кайтара алган адамга гана жасаӊыз. Үйдөгүлөр менен биримдик, түшүнүшүү бир окуядан соӊ чыӊдалат.
Сапарга чыгарда автоунааӊызды текшертип албасаӊыз, жолдо калуу коркунучу бар.

ЖААЧЫ (23.11-21.12)
Чыгармачылыкты арттыруунун убактысы келди. Өткөрүп жибербей, шыктана киришиӊиз. Жакындарыӊыздын кубанычын жакшы кечки тамак уюштуруу, чакан белек берүү менен бөлүшүүӊүз ыктымал. Бойдоктор жыйынтыгында кымбат болуп чыга турган адам менен таанышып, гардеробун жаӊыртышат. Мамилени акырындап өркүндөтүү керектигин жадыӊызга түйүӊүз.

ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)
Кыймылсыз мүлк жаатындагы документтерди бүткөрүү, үй эмеректерин которуштуруп жайгаштыруу көйгөйлөрү чыгат. Убагында эс алууну ойлоӊуз, болбосо чарчап-чаалыгуу жашооӊузга тескери таасир тийгизе баштайт. Кайсы бир иштен пайда өндүрүү планыӊыз бышып жетилсе, киришиӊиз. Сиз менен тааныштарыӊыздын ортосунда чечилчү маселе боюнча бир келишимге келесиздер.

СУУ КУЯР (21.01-19.02)
Адамдар менен көбүрөөк баарлашып, чөйрөдөгүлөр менен жаӊылыктарды бөлүшөсүз. Диетага отургусу жана ички органдарын тазалагысы келгендерге ыӊгайлуу убакыт. Материалдык маселени чечүүгө ата-энеӊиз кол сунат. Бир жактан кайтканда кеч калбаӊыз, тоноочуларга кабылууӊуз мүмкүн. Бир тууганыӊыз келечекте ишке ашырчу сунуштары менен бөлүшөт.

БАЛЫК (20.02-20.03)
Энергияӊызды керексиз багытка коротпой, маанилүү дегендерге гана жумшаӊыз. Жемелөө, өз талабыӊызды коюу үй-бүлөнү сактоодо
курал эместигин эске алсаӊыз эле баары жайында болот. Шейшембиде коноктор эшигиӊизди какса, бейшембиде базар кыдырасыз. Жекшембиге эч нерсе пландабаӊыз, эркин график менен жашаӊыз.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 683, 4-декабрь-10-декабрь, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан