Рысбек Жантөрөев, куудул: «ТАЕНЕМ МЕНИ АЯЛДАРДЫН МОНЧОСУНА КИРГИЗГИСИ КЕЛЧҮ»

Балалык кез кандай шартта, кайсы убакта, кандай абалда өтпөсүн эсиӊде түбөлүк сакталат. Баёо мүнөз менен өткөн бейкапар күндөрдү канча жылдан кийин эстебе, жүзүӊдө баары бир жылмаюу пайда болот. Мына ушундай түрдүү кызык окуяга толгон балалыгын куудул Рысбек Жантөрөев эскерип отурду.

Толук аты-жөнү – Жантөрөев Рысбек Аскарович
Туулган жылы, күнү – 1974-жыл, 31-май
Туулган жери – Жалал-Абад облусу, Базар-Коргон району, Бешик-Жон айылы
Билими – Барпы Алыкулов атындагы Маданият техникумунун элдик аспаптар факультетин аяктаган
Үй-бүлөлүү, 1 уул, 1 кыздын атасы

«БИР ТУУГАНДАН БӨЛӨК ӨСКӨН БАЛАЛЫК»
– Балдар бапырап үйдө чогуу ойноп чоӊоюшат го. Менин балалыгым андай болгон жок. Биз 10 бир тууганбыз, 5 кыз, 5 эркек. Ата-энем 4 жашымда Шыдыр деген айылда
жашаган таенемдин колуна беришкен. Көрсө, таятам, 2 таякем согушка кеткен бойдон кайтып келишпептир. Мага чейин анын колуна агаларымды, эжелеримди да беришиптир. Бирок алар жалгыз жүргөнгө көнө албай үйгө келе беришчү экен.
Таенемдин колуна биринчи барган күнүм эсимде. Анда ал ооруп жаткан болчу. Мени алдап таштап кетишти. Аны сакайтмакчы болуп кичинекей чайнекти көтөрүп алып суу алып келип кайнатып, күрүч бышырып, айран кошуп аралаштырып ооруп калган таенеме бердим. Аны жеп бир аз жакшы болуп калган эле.

«ТАЕНЕМДИН КӨЗҮ ӨТКҮЧӨ ЖАНЫНДА БОЛДУМ»
– Башында ата-энемди, бир туугандарымды сагынып куса болуп жүрдүм. Таенем мени бир туугандарынан алыстап кетпесин деп дем алыш күндөрү ата-энемдин үйүнө жиберчү. Ал күндү зарыгып күтчүмүн. Үйгө барганда атам «кемпир баккан кетмен болбойт» деп тилдеп калчу. Себеби жалгыз жүрүп «эгоист» болуп калыптырмын. Апам болсо эч кимге көрсөтпөй акча катып берет. Өз үйүмө 10 күндөн ашык жүрө албай кетип калчумун. Таенем «бул дагы чоӊойгондо кетип калса керек» деп багып жүрүптүр. Бирок мен көнүп калгандыктан таенемдин көзү өткүчө жанында болдум.

«ТҮЙҮНЧӨККӨ КАТЫЛГАН 5 СОМ»
– Таенем айылда коомдук иштерди аткарган абройлуу киши эле. Сабак окубасам аябай урушчу. Балдар ойногону келип калса, «бул силерге окшоп бекерчи эмес, сабак окуйт» деп кубалап жиберчү. Мектепти аяктап, Жалал-Абад шаарындагы техникумга тапшырдым. Таенемдин пенсиясы 30 сом. Анын 5 сомун мага катып коёт. Дем алыш сайын кабар алганы барганда түйүлгөн бет аарчысын чечип, анын ичиндеги кагазды, кагаздын ичинде целлофанга оролгон, мага деп катып жүргөн баягы 5 сомду алып чыкса, анысы да нымдашып калчу (күлүп).

«КӨРСӨ, ТАЕНЕМ ТАЕЖЕМ ЭКЕН»
– Таенем өз апамдын эӊ улуу эжеси экенин эс тартканда билдим. Ага «сизди апа дейинчи» десем, ал «жок, өзүӊдүн апаӊ аман болсун» деп болбой койгон. Башка балдардай ашынган тентек болгон жокмун. «Балдар уруп коёт, уурулук кылып сага оодарып салышат, көчөгө чыкпа, балдар менен ойнобо» деп балдарга көп кошчу эмес.
Жарыктык киши боорду эзген киши эле. Мончого чогуу барып калганда «мени менен чогуу кир» деп аялдардын мончосуна кирүүгө мажбурлачу. Анда 5-6-класста окуган өспүрүм баламын. Мен «апа, коюӊуз» деп көшөрүп жатып эркектердикине кирип кетчүмүн. Убакыттын өтүшү менен аны өз апамдай жакшы көрүп калдым. Таенем «келинимдин колунан чай ичсем экен» деген тилегине жетпей, 1997-жылы 97 жашында дүйнө салды.

«ОРУС МУГАЛИМИБИЗДИ АЛДАП...»
– Так илимдерге кызыгуум аз болуп, кыргыз тили жана адабияты өӊдүү сабактарды жакшы көрүп окучумун. Ырларды көркөм окуганды жакшы көрөр элем. Орус тили сабагынан берген мугалим эжейлер «здравствуйте!» деп кирип, сабагын кыргызча өтүп, «до свидания!» деп кетип калышчу (күлүп). Ал эжейлер шаардан келишкен да, менин көзүмө өзгөчө көрүнүшчү. Эсимде, техникумда окуп жүргөндө орус адабияты сабагынан орус улутундагы эже берчү. Ал «окуганыӊарды кыргызча айта бергиле» деп уруксат берген. Биз доскага чыгып алып «Александр Сергеевич Пушкин» деп темасын айтабыз да, кыргызча жомок токуп сүйлөп тура берчүбүз. Аны уккан группалаштар ыкшып калышчу.
Аскерде кызмат өтөгүм келди. Анткени кыздар аскерге барбаган жигиттерди карашчу эмес. Бирок таенем жалгыз балам деген жүйөө менен 27 жашка чейин армияга кабыл алдыргыс кылып документти эбак бүтүрүп коюптур. Кенедей балдар менен аскердик милдетти өтөөдөн уялып, ошол бойдон барбай калдым.

"Таенем "келинимдин колунан чай ичсем экен" деген тилегине жетпей көзү өттү. Жубайым Анара мени бардык жактан колдоп турат".

"Мектепке бара элек кез. 6 жашта болсом керек. Сүйүктүү таенем Буажар менен".

Динара Абдыкадырова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (5)
aikol87
2015-12-07 15:54:34
Бактылуу болунуздар.
0
zara-919
2015-12-07 17:16:55
интерьвю ото кыска болуп калыптыр. бат эле бутуп калбадыбы....
+2
Izdeim_seni.
2015-12-08 09:50:28
Ким бул?
-4
M.a.r.s.e.l
2015-12-08 13:53:35
Мончосун айтпайле койбойбу
+4
Ledi89
2015-12-09 19:33:16
Кыска нуска болуптур,жубайыныз менен бактылуу болун. Акыркы учурда сахнага чыкпай калды жакшы кулдурчу эле.
0
№ 683, 4-декабрь-10-декабрь, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан