Жан дүйнөдөн жаӊыланууну талап кылып, көп нерселерден үмүттөндүргөн жаӊы жыл босогодо турат. Маймыл жылы кимдин кандай тилектерин ишке ашырууга убада берет да, эмнеден сактанууну эскертет? Бул табышмактарга жандырмактар 2016-жылдын астротөлгөсүндө.
КОЙ (21.03-20.04)КОЙ-ЧЫЧКАН
Бул жылы ойлобогон жактан жаӊы киреше булагын таап, пайдага маарыйсыз. Буга эски үй-бүлөлүк катнаш жана ички ачылбай жаткан мүмкүнчүлүгүӊүз себепкер болот. Апрелде романтикалык сезимдер, ал эми июлда чыгармачылык үстөмдүк кылат. Жайдын акырында жаӊы ишке которуласыз. Августта айлык акы кыскарат же чыгашаӊыз өсөт. Үйдө балдарды тарбиялоого салым кошуп, майда нерселер үчүн уруш чыгарбасаӊыз эле жеке жашооӊуз таттуу болот.КОЙ-УЙ
Көзгө көрүнүктүү чоӊ нерсе алууну максат кылып тырышып акча чогултпасаӊыз, тапканыӊыздын мааниси болбойт. Пайда үчүн жакындарыӊызды «аттап» кетүүгө жетпеӊиз. Жашооӊузга жаӊы өзгөрүүлөр кирип, жаман адаттардан кутулууга тырышасыз. Кошумча курста окуп, жаӊы адистик алып, иш жаӊыртууӊуз да ыктымал. Сиз үчүн бактылуулуктун формуласы – сүйүктүүӊүздөн, үйдөгүлөрдөн көп нерсени талап кылбоо болмокчу.КОЙ-ЖОЛБОРС
Карьерада секирик жасайсыз. Бул үчүн жашаган жериӊизди алмаштырууӊуз ыктымал. Бирок сиздин айыӊыздан бирөөлөр азап тартып калбашын эске алыӊыз. Жыл башында кырсык тооруп, андан ички туюмуӊуз жана достордун көмөгү менен чыгасыз. Жыл ортосунда чөнтөк абдан жукарып, көп нерселерден баш тартууга туура келет. Абал күзгө таяп абдан оӊолот. Жеке жашооӊуз жазында калыпка түшүп, балалуу болууну пландооӊуз мүмкүн. КОЙ-КОЁН
Бул жыл ишкерлик жана каржылык жаатта ийгиликти убада кылат. Бирок бир шарт менен: бир орунда отурбоо, күчтү үнөмдөө жана чогуу иштешкендер менен жакшы мамилени сактоо. Бойдоктор сейилдеби, поезд менен жол жүрүүдөбү, айтор, керектүү адамды же жүрөгүнүн ээсин таба алышат. Үй-бүлөлүүлөр көӊүл ачууга караганда үй-бүлө артык экенин сезишет. Жайында чогуу эс алууну пландоолору мүмкүн. Жашоо шартты оӊдоо үчүн үйүӊүзгө кошумча бөлмө курасыз, же жылуулук системин алмаштырасыз. КОЙ-БАЛЫК
Түрдүү кырдаалдан чыгууда эмоцияны эмес, дипломаттык мамилени колдонсоӊуз гана баары сиздин пайдага чечилет. Далыга канжар урулбашы үчүн досторду абайлап тандоо зарыл. Каржы жаатында аздан өсүү болуп турат, бирок керексиз нерселерге жумшай берсеӊиз, акча чогулбайт. Үй-бүлөлүүлөр жашыруун кыска роман түзө коюп, артында уяты уктатпай жүрүүлөрү ыктымал. Таянар тоо болуп бере турган ишенимдүү адамдарга тагдыр күздө туш кылат. КОЙ-ЖЫЛАН
Иште жана каржы жаатында туруктуу, тынч жыл болот. Канчалык иштесеӊиз, ошончолук тиштейсиз. Жакшылап мээнеттенсеӊиз, чакан кыймылсыз мүлк алууга мүмкүнчүлүк чыгат. Эске түйүп коюӊуз, акча табуу максатында карасанатайлык кылып бирөөлөрдү алдабоо керек. Арты соттук териштирүүгө чейин жетиши ыктымал. Жубайлар менен сүйлөшкөн кыз-жигиттердин ортосунда майда түшүнбөстүк болгону менен, чоӊ от тутанбайт. Дайынсыз кеткен тууганыӊыз же досуӊуздун табылары күтүлүүдө.КОЙ-ЖЫЛКЫ
Маймыл жыл сизди тынч отургузуп чай ичирбейт. Көп күч жумшалуучу милдеттер жыл башында эле башыӊызга үйүлөт. Чыдамкайлыкты көрсөтүп, иштин көзүн таап, кирешени күрөп алуу өзүӊүздөн көз каранды. Чоӊ максаттарга басым жасап, майдаланбоо кажет. Жыл ортосунда чет элге чыгуу же көл жээгинде эс алуу тилегиӊиз ишке ашат. Жакындарыӊыз үй-бүлө очогунун жылуулугун сактоого көмөктөшөт.КОЙ-КОЙ
Ички туюмуӊузду угуӊуз, ал сизге туура чечим кабыл алууга көмөктөшөт. Андан тышкары кимге эмне деп сүйлөп, кантип жагышты өздөштүрсөӊүз, ишиӊиз алдыга жылат. Кээ бирлердин жашоосунда бурулуш күтүлүп, башка шаарга (чет өлкөгө) иштөөгө кетет же жүрөгүн тартуулаган адам менен түбөлүк кол кармашат. Күз өзү менен кошо жакшы киреше ала келет. Аны пайдалуу ишке салыӊыз.КОЙ-МАЙМЫЛ
Сиз жылдыздардын сүймөнчүгүсүз. Бирок бул жылы сиздин душмандарыӊыз да табылат. Алар – жеӊил ойлуулук жана шалаакылык. Аталгандар сизди ойлонулбаган иштерге түртүп, жыйынтыгы бузулган келишим, пайдадан куру калууга жеткириши мүмкүн. Андыктан «жети өлчөп бир кес» дегенди туу тутуӊуз. Жыл ичи сүйүүдөн, жылуу мамиледен жолдуу болосуз. Карьераӊыз жайдан тарта өргө жылат. КОЙ-ТООК
Маймыл жыл жаӊы иш баштагандарды, бизнесмендерди колдойт. Тобокелчилик өзүн актап, уучуӊузду акчага толтурат. Болгону кетирген каталарды оӊдоп, кайталабай жүрүп отуруу зарыл. Жеке жашооӊузга кийлигишип, сизди теӊ салмактан чыгаргандардан кол үзүӊүз. Ошондо үй-бүлөӊүзгө бейпилдик орноп, камыр-жумур жашайсыз. Күздүн башы чоӊ максатыӊызга жеткизет.КОЙ-ИТ
Чыгармачылыкты жана өзүӊүздү ар жактан өнүктүрүүгө мүмкүндүк берүүчү жыл. Ишиӊизди көп акча алып келүүчү башка ишке алмаштырасыз же кызматтан көтөрүлөсүз. Жай ортолоп түгөйлөрдүн мамилеси чырт үзүлүп кетчү абалга жетет. Мындан «баары мен айткандай болот» дегенден кайтуу, сөз көтөрүмдүүлүк сактап каларын эске алыӊыз. КОЙ-ДОӉУЗ
Нике шакегин тагынуу, балалуу болуу, тайгак кечүүдө кол сунчу досторго ээ болуу... Мунун баарын сизге маймыл жылы даярдоодо. Капчыктын да чоӊун камдай берсеӊиз болот. Эскертүүчү жагдай: башкалардын сиздин баёо мүнөзүӊүздөн пайдаланып кетүүсүнө жол бербеӊиз. Турак жайды ыӊгайлуу кылып оӊдоп алуу тилегиӊиз да ишке ашат. БУКАЧАР (21.04-20.05)
БУКАЧАР-ЧЫЧКАН
Алгач үй-бүлө тылын чыӊдап, анан болгон күчтү жумушка, жаӊы ыкмаларды өздөштүрүүгө, идеяларды өнүктүрүүгө арноо керектелет. Чөнтөгүӊүз да калыӊдайт. Июлда кызыкчылыкты коргойм деп чоӊ ката кетирип жибербөөгө тырышыӊыз. Сизди кемчиликтериӊиз менен кошо сүйгөн адамга ишеним артып, колдобосоӊуз, мамилелер жаздын аягында туюкка камалат. Стресстерден толуп кетүү, карызга акча берип ала албай калуу коркунучу бар. БУКАЧАР-УЙ
Көбөйүү жана киреше кирчү жыл. Алып айтсак, мал, айлык акы, достор көбөйөт, бизнес өркүндөйт, үй-бүлөгө толуктоолор кирет. Бала төрөлбөсө да, туугандардын баласын убактылуу асырооӊуз мүмкүн. Сизди акчаӊыз үчүн пайдаланып, убактылуу роман түзгүсү келгендер чыгат. Ойлонуп иш кылыӊыз. Ооруганда маани бербей жүрүп өтүштүрүп жиберсеӊиз, операция столуна жатып каласыз.БУКАЧАР-ЖОЛБОРС
Тобокелчиликке салып, жакшылыкка үмүттөнүүгө көнгөн сизди маймыл жылы ойлонулбаган иштерге барууга тыюу салат. Болбосо каржылык жактан жоготууга учурайсыз. Жылдын ортосунда жаӊы сүйүүгө кабылууӊуз мүмкүн. Жеке жашоодогу маселелер ишиӊизге тоскоол болбошу үчүн терс эмоцияны үйгө ташып келбеӊиз. Кызматтан көтөрүлүүгө тааныштар салым кошот.БУКАЧАР-КОЁН
Жыл башында иш менен жеке жашоону бир алып кетүү кыйынга турат. Иште жетекчилик, үйдө жубайыӊыз... Андыктан от менен суунун ортосунда ыӊгайын таап, ар күндү так пландап жашоого көнөсүз. Жыл ортосунда тапкан маӊдай териӊиздин акчасына эсте каларлык эс алууга жетишесиз. Үйдөгүлөргө бапыратып акча алып келүү убагы – жаз жана күз. Автоунаа, там сатып алууну августка белгилеӊиз.БУКАЧАР-БАЛЫК
Башкы катачылыкты – иште жана жеке мамиледе жеке кызыкчылыкты башкалардан бийик коюуну кетирбөө кажет. Болбосо сизди стресстер, урушуп-табышуулар күтөт. Жашоодогу ордуӊузду, максатыӊызды анализдеп кайра карап чыксаӊыз ашыкча болбойт. Көзүӊүз жетпеген ишке акча салбаӊыз. Июнь-июль айларында жан дүйнөӊүздө гармония орноп, махабат көлүн кечесиз. Жыл этеги сюрпризи жок тынч өтөт. БУКАЧАР-ЖЫЛАН
Тереӊде катылып жаткан ички мүмкүнчүлүктөрүӊүз ачылып, каржылык ийгиликке жетишесиз. Бирок «баарын мен жасадым» деп төш каккылай берсеӊиз, жалгыз каларыӊыз бышык. Чөйрөӊүздөн сизди сыйлап-барктаган адамдар менен катташа баштайсыз. Балдарыӊыздын жашоосуна аралашып, жубайыӊызга мээрим төгүү менен чын бакытты сезүү өз колуӊузда. БУКАЧАР-ЖЫЛКЫ
Жыл башында жүрөгүӊүздөгү өйүгөн маселеден кутуласыз. Мисалы, карыздарды берип же келечеги жок мамилеге чекит коюп... Кашкөйлүк кылсаӊыз, чет элге чыгып иштеп келүү тилегиӊиз ишке ашат. Таарынышкан туугандарга кол сунуӊуз, алардын пайдасын көрөсүз. Сүйүктүүсүнүн колун сураганга даабай жүргөндөр өзүнөн мурун башкалар илип кетерин унутушпасын.БУКАЧАР-КОЙ
Жыл башында «Өзүӊдү сүй!» девизин туу тутуп каласыз. Көбүрөөк эс алып, жакын адамдар менен убакыт өткөзүп дегендей. Бул кийин ишке чоӊ кайрат менен киришүүгө түрткү берет. Курч акылыӊыз жаӊы идея, долбоор үчүн демөөрчүлөрдү таап, кирешенин көбөйүшүнө жеткизет. Жан биргеӊиздин терс жоругу ажырашууга дейре ойлонтушу мүмкүн. БУКАЧАР-МАЙМЫЛ
Сиз өзүӊүздү жаӊы нерселерден сынап көрүүнү сүйгөн жансыз, маймыл жылы сиздин мунуӊузду колдойт. Орун которуулардан, тааныш эмес ишти колго алуудан коркпоӊуз. Жыйынтыгы шампан ачып майрамдоого жеткирет. Ири суммадагы акча үзүлбөсүн үчүн бүгүнкү күндү эртеӊкиге калтырбоо керек. Үй-бүлөлүк жашоодо кээде «от алып» тетирленип кеткениӊиз болбосо, баары сыдыргыга салгандай эле өтөт. БУКАЧАР-ТООК
Өткөн жылы иште ыӊгайлуу орун ээлөөгө жеткенсиз. Эми аны башкалар алтын берем десе да алмаштырбооӊуз кажет. Аброй, атак топтоого болгон аракетиӊиз коомдук иштерге да аралашууга жеткирет. Жыл бою ишенүүгө боло турган адамдарга жакын жүрүӊүз. Бул ашыкча чыгым болуудан, нерв коротуудан сактайт. БУКАЧАР-ИТ
Бул жыл сизге бир топ сюрприз даярдоодо. Жалгыз бойлор үйүнө түбөлүктүү кожейке киргизишет. Кызматкерлердин барктуу креслого жетүүгө чамасы бар. Болгону мыкты идея, долбоорду башкаларга тарттырып жибербөөлөрү кажет. Калгандарды күтүүсүз жерден акчалуу болуу, баштаган курулушту бүтүү сыяктуу көрүнүштөр күтөт. БУКАЧАР-ДОӉУЗ
Чыныгы бекем үй-бүлөлүк чеп курууга жетишсеӊиз гана карьера жана каржылык жаатта чоӊ жетишкендиктерди багынтасыз. Жаздын аягында болбогон шылтоолордун арты менен үй-бүлөдө казан-аякты кагыштыруунун алдын алуу зарыл. Акыл эмгегин кара күч эмгеги менен кезектештирип алып жүрүү ден соолуктун бир калыпта болуусуна жеткирерин унутпаӊыз. Элдин көмөгүнөн баш тартпаӊыз. ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)
ЭГИЗДЕР-ЧЫЧКАН
Жаздын этегинде окуялардын айлампасында калып, күч да, каржы да көбүрөөк жумшайсыз. Жыйынтыгында иш чөйрөӊүздү алмаштырууӊуз ыктымал. Жеке жашоодо жан биргеӊиздин чечкиндүү аракетин күтпөй, рулду өзүӊүз колго алыӊыз. Үйдөгүлөрдүн сизге болгон ишеничин кетирбөө үчүн эч нерсени, өзгөчө олуттуу пландарды жашырбоо зарыл. Күз – малды көбөйтүүгө, кыймылсыз мүлк сатып алууга шарт түзөт. ЭГИЗДЕР-УЙ
Жашооӊуздун жагымдуу тилкеси башталат. Максатыӊыз канчалык айкын болсо, ага жетүүгө ошончолук мүмкүнчүлүк болот. Бирөөлөрдүн таттуу тилине кирип, бөөдө курмандык болуп калууга жана бирге иштешкендердин сизди колдонуп кетүүсүнө жол койбоӊуз. Жылдын башы майда жакшы жаӊылыктары, жылдын ортосу үйдө ымыркайдын төрөлүшүн жана чөнтөгүӊүздүн кампайышын камсыздайт. Күздө туугандардын башын кошуп, той бересиз. ЭГИЗДЕР-ЖОЛБОРС
Бардык тараптан гүлдөөгө жана туруктуулукка өжөрлүк, интригаларга аралашпоо жеткирерин жадыӊызга түйүӊүз. Жыл өзүӊүзгө гана ишенүүгө чакырат. Уккан сунуш, жаӊылыктарды чыпкадан өткөрүп туруп, колдобосоӊуз, «күйүп» каласыз. Балдар кыялын көргөзүп, көп чырдашат. Аларды алаксытуу, билимин өстүрүү үчүн ийримдерге бериӊиз. «Эки тоонун чөбүн эӊсеген кийик ачка калат» болбой жан биргеӊиздин көӊүлүн калтырбаӊыз, болбосо эки ажырым жолго түшүп каласыз. ЭГИЗДЕР-КОЁН
Жыл сизди энергия, креативдүү идеялар менен камсыздайт. Чуркап, жаӊы ыкмалар менен иштесеӊиз моралдык жана материалдык канааттануу аласыз. Спортто, коммерциялык тендерде утуп чыгуу мүмкүнчүлүгүӊүз бар. Жылдын ортосунда туулган жериӊизге көбүрөөк каттоо менен өмүрдүн маӊызын түшүнүп, жашоо образын өзгөртөсүз. «Сүйүктүү болгуӊ келсе, башканын сезимин баалай бил» дегенди бир кырдаалдан улам жакшы түшүнөсүз. ЭГИЗДЕР-БАЛЫК
Жыл ар нерсени таразалап, туура жана бат чечим чыгаруу жаатында сынактан өткөрөт. Андыктан 3 нерсеге: ички үндүн шыбырына, күйүмдүү адамдардын кеӊешине, тажрыйбаӊызга таяныӊыз. Жылдын биринчи жарымында адамдык баалуулуктар жашооӊуздун маӊызын ээлейт. Туугандардын колдоосунун арты менен киреше кирет. Жылдын экинчи жарымы тилек кылган жерлерге барууга, кыдырууга жол ачат. ЭГИЗДЕР-ЖЫЛАН
Жашоо тактикасын өзгөртүп, ийгиликтерге карап түздөнүӊүз. Жыл башында кырдаал «колумдан келбейт» деген ишке киришүүгө аргасыз кылат. Жан дүйнө эркиндигин, романтиканы март айы тартуулайт. Жайында теӊ салмактан чыгарчу окуяга кез келесиз. Жүрөгүӊүзгө жакын адамды көзөмөлдөп, кызгана берсеӊиз күздү жалгыз тосуп каласыз. Октябрь – жакшылыктарды белгилөөчү, чет элге оӊой чыгуучу ай. ЭГИЗДЕР-ЖЫЛКЫ
Жеке жашооӊуздагы маселелерди камырдан кыл сууругандай чечкениӊиз менен, каржы жааты бирде өйдө, бирде төмөн болот. Демек, үнөмдөп, зарыл дегендерди гана албасаӊыз бирди эки кыла албай кыйналасыз. Жаздын аягында алыскы туугандардын ооруп же кырсыктап калуусу иштен алаксытат. Жайында тааныштар бир иштерден чоӊ олжо арттырууга салым кошот. Кышка жакын келечектүү ишке өтүүӊүз ыктымал. Кошумча адистикке ээ болуу келечекке кам көрүү экенин жадыӊызга түйүп, мүмкүн бул жаатта аракет кыласыз. ЭГИЗДЕР-КОЙ
Чубактын кунундай чубалып энергияӊызды соруп келе жаткан ишке, чууга чекит коюп, жан дүйнөӊүз тынч алат. Үйдөгүлөр менен чогуу үй-бүлөлүк бюджеттин туруктуу болушун камсыз кылууга жетишесиз. Сүйүү өтүп кетти дегениӊиз менен, сезимдер жанданып, алмашкыс сүйүктүүгө айлана аласыз. Үнөмчүл жана өзүмчүл болом деп эски достон кол жууп калбаӊыз. Иште жаӊычылдык жаралат жана сизге бут тоскон адам иштен кетип, эркин дем алып каласыз. ЭГИЗДЕР-МАЙМЫЛ
Бир орунда турбай улам өсүү, квалификацияны жогорулатууга умтулуу гана ойдогудай ишке илинүүгө жеткирет. Аракетиӊиз текке кетпей жыл уучуӊузга толо акча карматат. Жыл ичиндеги жаӊы таасирлер, жаӊы хоббинин арты менен көп нерселерди өздөштүрүүгө жетесиз. Алардын керектүүлөрүн балдарга да үйрөтөсүз. Үйдө майда нерсеге тырчып, жубайыӊызга көрсөтмө бере берип тажатсаӊыз, эрегишүүнү жаратып, сыйдан кеттим дей бериӊиз. ЭГИЗДЕР-ТООК
Таяктын бир учун басып алсаӊ, экинчи учу башыӊа тиет дегенди эске алып, бирөөлөргө кастык, жамандык кылбай жашоо сунушталат. Кыйындыкта кол сунган адамдардын жакшылыгын кайтарыӊыз. Жыл ичинде ишкер тааныштар чогуу иштешүүгө кол сунуп, каржы жаатыӊыз көӊүл тындырарлык болот. Үй ичин кайра пландап кооздоо, сүйүүдөн бактылуу болуу сыяктуу тилектериӊиздин орундалышына кам санабасаӊыз болот. ЭГИЗДЕР-ИТ
Чоӊ максатка жетүү үчүн чалынып, мүдүрүлгөнүӊүзгө карабай алдыга көшөрлөнө умтулуӊуз. Ошондо жемишин татасыз. Ал эми жеке жашооӊузга чоӊ роль ойной турган адам чөйрөӊүздөн табылып, таӊ калтырат. Февралда үйгө керектүү буюмдарды алууга бир топ акча коройт. Сизге анча тиешеси жок иштерге мурдуӊузду тыгып, мартта соттук териштирүүгө жетүүӊүз ыктымал. Июлда кошумча акча булагы табылат. Сентябрь – командировка, башкалардын тажрыйбасын үйрөнүү айы. Кан тамыр жана тери ооруларынан өзгөчө жайында сактануу кажет.ЭГИЗДЕР-ДОӉУЗ
Бой көтөрүп, менменсинүү, башкалардан өзүн артык көрүү... Мындай терс адаттарды жеӊип, чөйрөдөгүлөр менен ынтымакташа иштесеӊиз гана ийгиликтердин эшиги кеӊири ачылат. Февралда банктан насыя акча алуу, алыстагы жакындарыӊызды тосуп, коноктоо түйшүгү бар. Июнда маанилүү жолугушууларга барып, анын жыйынтыгында чөйрөӊүз чет элдиктер менен кеӊейиши ыктымал. Октябрда үй же машина алуу мүмкүндүгү чыкмакчы. «Эмне кылсам?» деп ойлонбой, колдонуп калыӊыз. Кыз узатуу, келин алуу сыяктуу жакшылыктар сизди ушул айларда күтөт. Ноябрь-декабрда фортуна сизге жылмайып, кирешени көп сузуп, сүйүүнүн жаӊы толкунунда сүзөсүз. БӨЙӨН (22.06-22.07)
БӨЙӨН-ЧЫЧКАН
Жыл башында байкабай бир себептерден улам чыр, интригалардын каарманы болуп чыга келесиз. Атайын жасабаганыӊызды айтып, кечирим суроо менен кастардын санын өстүрбөй коё аласыз. Көбүрөөк акча кайдан келерин так аныктап, ошого жараша иш кылып кыйналбай жашап, карьера да жасап аласыз. Нервдик чыӊалуулардын арты менен үй-бүлөлүк мамилени жарга такап, кайра калыпка келтирүүгө күч жумшооӊуз ыктымал. БӨЙӨН-УЙ
Чыныгы жашоонун даамын татасыз. Бирок алгач мурунку жылдан калган маселелерди чечүү керектелет. Кээ бир иштерди нөлдөн баштап, жогорку деӊгээлге көтөрүү менен бакубат жашоону камсыздайсыз. Эскертүүчү нерсе, буга бирөөлөрдү алдоо менен жетпөө кажет. Ата-энелерге көбүрөөк кам көрүп, батасын алуу жагы ойлонтот. Чыгармачылык менен алектенгендердин сынактарда утуу мүмкүнчүлүгү бар. БӨЙӨН-ЖОЛБОРС
Тапканыӊыз ойлонбой жашоого жетет. Бирок каржы жаатында иштерди ишенимдүү адамга тапшырбасаӊыз, кашыктап чогулткан байлыгыӊыздан кол жууп каласыз. Түркүн окуяларга кабылууну самоо каныӊызда болгон күндө да тобокелдикке барбоо кажет. Жашооӊузга из калтырар арзууга августта жолугууӊуз ыктымал. Мурунку иштеген достор менен кол үзбөй туруӊуз, карьера жасоодо пайдасы тиет. БӨЙӨН-КОЁН
Маймыл жылы сизге «Жыл жеӊил болбойт. Бирок көӊүлдүү болот!» деп убада кылат. Сиздин кырдаалга жараша бат ыӊгайлашып, тез чечим кабыл алууӊуз, өзгөрүүлөрдөн коркпогонуӊуз ар тараптан бийиктиктерди багынтууга жеткирет. Февралда кыйынчылыктан улам жөлөк-таяк болчу адам издейсиз. Мартта жетекчилик күтүүсүздөн жаӊы долбоорго киришүүгө же чет элге командировкага чыгып келүүгө ишеним артат. Жыл аягын сүйүнүчтүү кабар менен аяктайсыз. БӨЙӨН-БАЛЫК
Айлык акыӊыз өсөт. Айрымдар эриктирген креслосун кызыктуу ишке айырбаштап, кыялын орундатат. Кээ бирлер турак жайын башка жакшысына алмаштырышып, көчүүлөрү мүмкүн. Жаӊы буюмдар үйүӊүздөн орун алышы үчүн эскилерден кол жууӊуз. Боорукер жана кайрымдуулугуӊуз 10 эселеп кайтып, чөйрөӊүздө аброюӊуз жогорулайт. Жайдын ортосу менен кеч күздө үйүӊүздө тойлор орун алмакчы. БӨЙӨН-ЖЫЛАН
Жыл башында билим, тажрыйбаӊыз жана акылгөйлүгүӊүз көп адамдарды өзүнө тартат. Кеӊеш алып, уга билиӊиз, ишенимдүүлөрүнө таяныӊыз. Бирок популярдуулук өзүӊүздү бош коё берүүгө себеп эмес, андыктан аракет үстүндө гана болуӊуз. Кирешени көбөйтүү жолун талбай издеӊиз. Бойдоктор эл мактаган адамдын жүрөгүн багынтууга аттанып, оӊ жооп ала алышат. БӨЙӨН-ЖЫЛКЫ
Суктанарлык перспектива күтүүдө. Ыӊгайлуу учурду, керектүү адамдын тилин таба билсеӊиз, акчаӊыз үзүлбөй келип турат. Балдардын талантын ачуу максатында керектүү адистердин колуна тапшырыӊыз. Чөйрөдөгүлөр менен кошо коомдук ишке аралашып, атыӊыз чыгышы да ыктымал. БӨЙӨН-КОЙ
Жыл башында эле ийгилик кушу коштоп, ал мунусун калган айларда да жазбайт. Бул адегенде эле достор сизге керектүү учурда жардамга келип, кыйын кырдаалдан сууруп чыгарып кеткенде билинет. Жагымдуу сюрприздер, лотереядан утушка ээ болуу, сүйүктүүӊүздүн мээрими да сүйүндүрмөкчү. Үйдү уурулардан, өрттөн сактоону эскертебиз.БӨЙӨН-МАЙМЫЛ
Жылдын башталышында эле жашооӊузга кире турган майда жана чоӊ өзгөрүүлөрдүн болуусуна карабай жыл ийгиликтүү болот. Жашоо толкунунда теӊ салмакты сактап, жарык, пайдалуу, кирешелүү тарапты издеӊиз. Кээ бирлердин үйүндө ымыркайдын үнү жаӊырса, кээ бирлерди баш кошууга жеткирүүчү таанышуулар күтөт.БӨЙӨН-ТООК
Маймыл жылынан көптү үмүттөнгөнүӊүз менен жыл «аппетитиӊизди» ооздуктоону сунуштайт. Анткени ийгиликке жетүү үчүн тикенектүү жолду басып өтүү керектелет. Бул жакындарыӊыздын бир каалоосун аткаруу менен экинчисине көз жумууга жеткирет. Жеке мамиледе оройлук, алдоо сыяктуу терс адаттардан алыс болбосоӊуз, сүйүктүүӊүздөн убактылуу кол үзүп каласыз. БӨЙӨН-ИТ
Сиздин 2016-жылдагы кыймылдаткыч күчүӊүз – сүйүү, көшөрүп иштөө, тактык болмокчу. Булар муктаж нерселерди убагында алууга, үй салууга жеткирет. Бирок керектүү адамдарды өтүнүч, суроо-талаптарыӊыз менен иренжитип албаӊыз. Азгырыктуу сүйүүдөн башыӊыз айланып, чыгымга туш болуу коркунучу бар.БӨЙӨН-ДОӉУЗ
Өткөн жылкы жашоо, иштөө ыргагыӊызды басаӊдатып алган сизге жылдын башы кыйынчылыкты тартуулайт. Андыктан жаӊы ишти баштоо идеясын 2 айга артка жылдырууга туура келет. Башкалардын идеясын өнүктүрүп, колдонуп кетүүдөн, көбүрөөк пайда чыкчу ишке которулуудан жүрөксүнбөӊүз. Каржы жааты жай, күз бою бир калыпта болмокчу.
(Арстан, бийкеч, тараза, чаян белгисинин алдында туулгандардын 2016-жылга карата астротөлгөсү эмки саныбызда)
Канымжан Усупбекова
kenesh@super.kg