Учурда чоӊдорду эле эмес, жаш балдарды да гаджетсиз элестетүү кыйын. Балдардын электрондук техникаларга, гаджеттерге тартылуусун психологдор «ичкиликке жана баӊгизатка берилүүгө барабар» дешет. Мындай илдеттен баланы кантип алыстатууга болот? Психологдордун кеӊешине кулак салалы.
ГАДЖЕТТЕРДИН ОӉ ЖАНА ТЕРС ЖАКТАРЫ
Аӊ-сезиминин, дүйнө таанымынын өсүүсүнө жардамы тиет. Анткени техниканын өнүккөн заманында балдар үчүн атайын оюндар иштелип чыккан. Алар аркылуу таанып-билүү, көрүп эстеп калуу, тапкычтык жөндөмү өсөт.
Ар кандай үйрөтүүчү программалар аркылуу сүрөт тартканды, санаганды, жазганды үйрөнүшөт.
Өз алдынчалыкка, керектүү нерсесин өзү издеп таап окууга үйрөнөт. Мисалы, спорттук көнүгүүлөрдү көрүп өзү жасайт. Жактырган музыкасын угат, мультфильм көрөт.
Ар кандай оюндарды ойноп убактысын көӊүлдүү өткөрөт.
Бала алыска кетпей, белгилүү бир жерде отурат. Кайда жүрдү экен деп издеп убара тартпайсыз.Эӊ эле коркунучтуусу – бул электромагниттик нурлануу. Гаджеттерди көпкө колдонууда электромагниттик нурлануу өз зыянын тийгизбей койбойт. Европа кеӊешинин парламенттик ассамблеясынын отчётунда мындай нурлануу мээнин шишигин, рак оорусун жаратары жазылган.
Экран алдында көпкө отурган бала көздүн кургап кетүү синдромуна кабылышы толук мүмкүн. Кечке бир нерсени тиктеп тирмийип отуруудан көздүн кареги кургай баштайт да, кычышууну жаратат. Көзүн кир колу менен ушалаган бала конъюнктивит (көз оорусу) оорусуна кабылары турган кеп. Бала экранга өтө жакын отургандыктан көздүн булчуӊдарына күч келип, кийин алыс аралыктан көрүү сезиминен айрылат.
Гаджеттерде көпкө отуруу иммунитетти төмөндөтөт. Ошондой эле кыймыл-аракет дээрлик аз болгондуктан дене түзүлүштүн өсүшүнө өз кедергисин тийгизбей койбойт. Мисалы, омуртка кыйшык өсүшү мүмкүн. Көпкө отуруу өзгөчө жаш балдар үчүн кооптуу. Анткени алардын сөөктөрү өсүү стадиясында болот.
Мээ менен колдун координациясы жоголот. Мисалы, кийин топту түз ыргыта албай калышы мүмкүн.
Кечке башты ылдый салып отуруудан экинчи ээк пайда болуп, бети салаӊдайт.
Баш ооруну жаратат. Анткени кечке башты салаӊдатып үӊүлүп отурууда желкенин булчуӊдарына күч келет. Мындан улам кан айлануу процесси жайлап, мээге кычкылтектин жетиши жайлайт.
Планшет, смартфондордо кечке оюн ойногон балада жандуу пикир алышуу жок болгондуктан сөз байлыгы өспөйт.
КАНЧА УБАКЫТ ЖЕТИШТҮҮ?
• 4-5 жаш – 15 мүнөт
• 6 жаш – 20 мүнөт
• 7-9 жаш – 30 мүнөт
• 10-12 жаш – 40 мүнөт
• 13-14 жаш – 50 мүнөттөн
(Күнүнө 3-4 жолу)
Эгер бул көрсөтүлгөн убакыттан көпкө отурууга туура келсе, анда ортосунда 10 мүнөт тыныгуу жасоо керек. Чоӊ киши да 1 сааттан ашык отурбашы шарт.
КАНТИП АЛЫСТАТУУ КЕРЕК?
Үлгү болуӊуз!
Бала тарбияны ата-энеден, улуулардан алат. Андыктан биринчи кезекте өзүӊүз балага үлгү болуӊуз. Балаӊызга айтчу, үйрөтчү кеп-кеӊештериӊизди, эрежелерди анализдеп чыгып, аларды өзүӊүз да сактаганга аракет жасаӊыз.
Урушпаӊыз!
Компьютер, планшет, смартфон сыяктуу нерселерди колдонуу убактысына сөзсүз чектөө коюӊуз. «Сага колдонууга болбойт!» деп колунан дароо жулуп алганыӊыз, биротоло тыюу салганыӊыз туура эмес. Мындай кадам балада агрессивдүүлүктү, кемсинтүүнү жаратат. Андан көрө акырын түшүндүрүү иштерин баштаӊыз.
Дос болуӊуз!
Видео оюндарды чогуу ойноӊуз. Ойноп жаткан учурда «сен шамдагай, тапкыч турбайсыӊбы...» деп кубаттап туруӊуз. Бала реалдуу жашоодо да ошондой болууга аракеттенет. Пикир алышуу менен ортодогу мамиле чыӊалат.
Көз салыӊыз!
Балаӊыз кандай жанрдагы оюн ойноодо, кандай музыка угуп жатат баарына көз салып, текшерип туруӊуз.
Эске алыӊыз!
Монитор менен көздүн ортосундагы аралык 60-70 сантиметр болушун эске алыӊыз. Ойноп жаткан учурда гаджеттер электр тогуна сайылбашын эске түйүӊүз. Мындан сырткары бөлмөгө жарык жакшы тийиши зарыл. Жарык экранга жана баланын көзүнө түз тийбеши шарт.
Талкуулаӊыз!
Балаӊыз кайсы бир иш-чарадан же майрамдан келгенде «кандай өттү?» деп сурарыӊыз турган кеп. Ошондой эле ар бир сеанстан кийин кандай оюн же программа экенин сурап, чогуу талкуулаӊыздар. Бул баланын өз оюн билдирүүгө үйрөтөт.
Алаксытыӊыз!
Алаксытуу үчүн аны кызыктыра турган пайдалуу нерселерди ойлоп табыӊыз. Чогуу топ ойноӊуз, сүрөт тартып, пластилинден жаныбарлардын сөлөкөтүн жасаӊыз, таза абада сейилдеп келиӊиз.
Кеӊеш алыӊыз!
Эгер сиздин аракетиӊизден майнап чыкпаса, кеч боло электе психотерапевт, психологдорго кайрылыӊыз. Гаджеттерге өтө берилүүнүн арты жакшылыкка алып барбашы турган кеп. Анткени адистер гаджетоманияны ичкиликке жана баӊгизатына берилүүгө барабар деп эскертип келишет.
Дамира Арстанова
kenesh@super.kg