Атамбаев: «2100-ЖЫЛЫ КЫРГЫЗСТАНДЫН МӨӉГҮЛӨРҮ ЖЕР КАРТАСЫНАН ТАПТАКЫР ЖОГОЛУП КЕТИШИ ЫКТЫМАЛ»
Президент Алмазбек Атамбаев 30-ноябрь-1-декабрь күндөрү Францияда иш сапары менен болуп, климаттын өзгөрүшү боюнча БУУ өткөргөн конференцияга катышты. Мамлекет башчы өз сөзүндө климаттын өзгөрүшү Кыргызстанга да терс таасирин тийгизип жатканына токтолду: «Климаттын өзгөрүшүнүн терс кесепеттери биздин өлкөбүздү дагы кыйгап өткөн жок. Борбор Азияда таза суунун калыптанышынын аймагы болуп эсептелген мөӊгүлөрдүн тез эрип баратканы өзгөчө тынчсыздандырууда. Божомолдор боюнча, 2025-жылы Кыргызстандагы мөӊгүлөрдүн жалпы аянты орточо эсеп менен 30-40 пайызга кыскарышы ыктымал. Анын натыйжасында Борбордук Азиянын дарыяларында суу 25-30 пайызга азайышы мүмкүн. 2100-жылы Кыргызстандын мөӊгүлөрү Жер картасынан таптакыр жоголуп кетиши ыктымал. Ошондуктан биздин өлкөбүз климаттын өзгөрүшү боюнча маселелерди өлкөнү өнүктүрүүнүн стратегиялык программаларына киргизүү боюнча жигердүү иш жүргүзүп жатат». Президент гидроэнергетиканы өнүктүрүү туруктуу өнүгүүнүн жана дүйнөдө экологиялык жактан зыяндуу өнөр жай чыгындыларын олуттуу кыскартуунун маанилүү багыты болуп саналарына ишенерин айтты.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
Gulnaz.GS
2015-12-09 15:20:52
Башканы кыйратып Эми ошол калды эле
0
admin_superstan
2015-12-14 10:43:06
Ssinz7, сайт кыргыз тилдүү болгондуктан, кыргызча жазууну сунуштайм!
0
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.