
Жогорку Кеӊештин депутаттарынын артыкчылыктардан баш тартуу боюнча маселеси, эл өкүлдөрүнүн кызматтык унаадан гана баш тартууга духу жеткендиги коомчулуктун кескин сын-пикирлерине кабылган. Ишин баштабай жатып элдин каарына калган VI чакырылыштын депутаттары түштөн кийин болсо да кабыл алган чечимдерин өзгөртмөй болушууда. Алсак, КСДП фракциясы кеӊешчини калтырып, жардамчыдан баш тартууну чечти.
Фракция башчысы
Чыныбай Турсунбеков коомчулуктун кескин сындарынан улам мындай чечимге келгендиктерин моюнга алгысы келбей,
«добуш берүүдө техникалык катачылыктар болуп кетти» деп кутулду. Фракциянын бул чечими башка фракциялардын өкүлдөрүн нааразы кылды. Алсак, «Бир болчу»
Мыктыбек Абдылдаев парламенттин спикери
Асылбек Жээнбековдун өтүнүч үгүтүнөн улам жардамчыларды калтырууга макул болуп добуш беришкенин, эми түштөн кийин КСДП фракциясы чечимин өзгөртүп, аларды жаман абалда калтырганын айтат.
«Төрага бизди ыӊгайсыз абалга калтырды. Добуш берүүгө чейин ал бизге келип «жардамчы алгыла, ансыз кантип иштейсиӊер?» деп жаткан. Биз спикерди угуп добуш бергенбиз. Фракциясы болсо айткан сөзүнөн танган чечим кабыл алды. Мындайда төраганын кадыр-баркы нөлгө түшөт»,- деди Мыктыбек Абдылдаев.
Бул аралыкта «Республика-Ата Журт» фракциясынан эл өкүлү
Мирлан Жээнчороев демилгелеп чыккан депутаттардын бардык артыкчылыктарын жоюу тууралуу мыйзам долбоору коомчулуктун талкуусуна чыкты.