«КҮЙӨӨМ МЕНИ МОСКВАДАН КЫРГЫЗСТАНГА ЖӨНӨТҮП, БАШКАГА ҮЙЛӨНҮП АЛДЫ»

Жашоодо түркүн кырдаалдагы тагдырлар кездешет. Арасынан 24 жаштагы Динара аттуу келиндин тагдыры өзгөчө көӊүлдү бурду. «3 айлык кызымдын башында суусу бар болуп төрөлүп, эшикке чыга албай жатам. Канатым кыркылып кайгырып турам. Жолдошум мени Москвадан Кыргызстанга жөнөтүп жиберип, көп өтпөй башкага үйлөнүп алды» дегенинен ага жолугуу үчүн Сокулукка жол тарттым.

«БИЗ АЖЫРАШКАН ЭМЕСПИЗ»
«Төркүнүмдүкүндө турам. Бул жакка төрөп, тыӊыйын деп келгем»,- деген Динара Жээнбекова 1 жашар кызын горшокко тоскон соӊ ички бөлмөгө кирип кыӊкыстап ыйлап жаткан 3 айлык кызын колуна алып тагдырын баяндап отурду.
– Жолдошум Кыялбек Исмаилов экөөбүз 2012-жылы Москвадан таанышканбыз. Ошондон көп өтпөй эле анын документтери туура эмес болгондуктан депортация болуп Кыргызстанга келе берди. Экөөбүз телефон аркылуу кабарлашып, сүйлөшүп турчубуз. Ал мага «келбейсиӊби, үйлөнөлү. Апам мага кыз таап койдум деп жатат. Мен ага сүйлөшкөн кызым бар деп болбой жатам» деди. 2013-жылы май айында мен да Кыргызстанга келип, 1 айдан кийин экөөбүз баш коштук.
Келин болуп келгенде башка үйгө көнүп кетиш оор экен. Кайнененин каарынан жакшы эле запкы жедим. Мен деле жакшы келин болдум деп айтпайм. Каяша айткан күндөрүм болгон. Тирүү жан болгондон кийин сүйлөйт экенсиӊ да. Анын үстүнө кош бойлуу да болуп калдым.
Мен төрөгөндөн кийин документтерин кайра жасап, Кыялбек атын Айбекке, Исмаилов деген фамилиясын Мухтаржанов деп атасынын атына алмаштырды да, Москвага кетти. Кызымды 8 ай болгондо төркүнүмө таштадым да, күйөөмдүн артынан Москвага жөнөдүм.
Ал жактан тапкан айлыгымдан «апама салайын, кантсе да биздин кызды багып жатпайбы. Сүтүнүн 1 коробкасы эле 1000 сом турат экен» десем, «чыккан кыз чийден сырткары» дейт. Сен биздин киши болгондон кийин төркүнүӊө эмес, менин үй-бүлөмө жумшашыӊ керек» деп уруш чыгарчу. Быйыл экөөбүздүн ортобузда «ушинтип уруш-талаш менен жашагандан көрө ажырашалы» деген пикир болгон. Бирок Кыялбек «нике күбөлүк тура берсин. Мен аны жокко чыгарууга макул эмесмин» деп койгон. Көп өтпөй экинчи кызыбыз боюма бүтүп калды. Айла жок Кыргызстанга кайттым.
Кайнежем, кайын сиӊдим үчөө келип аэропорттон аябай жакшы узатышкан. Күн мурунтан мени базарга алып чыгып кийинтишти. Кыргызстанга келгенде Өзгөнгө, кайын журтумдун үйүнө бардым. Кийин ден соолугум жакшы болбой жатканда кайненем «апаӊдыкына барып төрөп, тыӊып кел» деп мени Бишкекке жөнөттү. Анан төрөгөнүмө 3 ай боло электе эле күйөөмдүн башкага үйлөнүп алганын угуп жатпаймынбы?!
Кабарды мындайча уктум. Кечинде интернетке кирсем, Москвада биз менен бир батирде чогуу жашаган эже «сен эч нерседен кабарсыз жатсаӊ, бул жакта күйөөӊ башкага үйлөнүп жатат. Эртеӊ тою болот» дебеспи. Ишениш кыйын болду. Дароо Кыялбекке чалдым. Ал караманча танып койду. Тигил эжеге кайра жаздым. Эже «өзүнөн 2 жаш улуу, аты Нуржамал. Москванын Люблино районунда базарда иштеген кыз экен» деди. Ошондо Москвада иштеген таежем, таажеӊем, бир тууган эжем үчөөнө айтып, сүрүштүрө баштадык. Акыркы мүнөттөргө чейин ишенген жокмун. Кантип эле? Бул жакта мен болбосом да канынан жаралган 2 кызы турат го?

«ТУУГАНДАРЫБЫЗ ТОЙДУН ҮСТҮНӨН ЧЫГЫШТЫ»
Маекти андан ары бөлөсү Гүлира айым менен уладым.
– Той өтчү кафенин дарегин билиш кыйын болду. Жеӊем Кыялбекке чалып, «биз сенин келинчегиӊдин курбулары болобуз. Тойго чакырылдык эле, даректи билбей жатабыз» десе айтып бериптир. Москванын Волгоград проспектисинде жайгашкан «Гранат» деген кафеге бардык дейт. Апам менен жеӊемди алар жакшы деле таанышпайт. Караса кадимкидей эле 2 жаштын орду төрдө, үлпөт көйнөкчөн келинчек, курбу кыз, күйөө жолдош, айлана-тегерек гүлгө чулганып жасалгаланган экен. Апам дасторконго отурбай эле тамадага барып, «мен жакын тууганы болом, эртеӊ шашылыш Кыргызстанга кетип жаттым эле. Каалоо-тилегимди айтып кете берейинчи» десе, ал апамды расмий түрдө жарыялап чыгарыптыр да. Эл алдына чыгып каалоо-тилегин айтып, аягында чыдабай кетип, «кызыбызды 2 кызы менен таштап коюп бул жакта той кыларыӊды бизге деле кабарлап койсоӊ болмок экен. Каранар-карманарыӊ ошол 2 кыз болуп калсын, башка бала көрбөй кал!» десе, коноктордун баары ооздорун ачып отуруп калышыптыр. Ошол маалда Кыялбектин эжелери келип апам менен жеӊемди жулмалашып кафенин сыртына чыгарып коюшуптур.
Анан полиция кызматкерлерин чакырышыптыр. Ошол жерден Динаранын эжеси полицияга Кыялбектин аты-жөнү башка экенин, ал депортация болуп, атын алмаштырып кайра Орусияга келгенин айтып салган экен. Полиция кызматкерлери карап турмакпы, «күйөө баланын» документтерин алып, аймактык милицияга чакырып кетишиптир. Андан ары той кандай болгонун элестеткиле.
Ага жасалма документ менен Орусиянын аймагында жүргөнү боюнча күнөө тагылып, иши 10 күндүн ичинде каралмак. Орусияда мыйзам иштейт. Биринчи ал жактын тартиби менен жооп берсин, анан көрө жатарбыз. Апамдарды кафеден түртүп чыгарышканда баары теӊ «билген жериӊерге барып, каалаганыӊарды кылгыла, колуӊардан эч нерсе келбейт» дешиптир. Биз билгенибизди кылып жатабыз, соттошобуз, жооп бердиребиз.

«БИЗ ӨЗ АРА КЕЛИШИП АЖЫРАШКАНБЫЗ»
Мындан соӊ Кыялбек Исмаиловго байланышып, бул маалыматтарды алдык.
– Эгер Динарага өзүм жолугуп, «сен менин ата-эне, бир туугандарымды эч качан сыйлаган эмессиӊ. Каяша айтып, аларды дайыма капа кылчусуӊ» десем, ал деле моюнуна алат. Ооба, таежеси, таажеӊеси, эжеси үчөө келип, өткөрүп жаткан чакан тоюмду бузуп кетишкени чындык. Алар мындай кадамга ич күйдүлүктөн улам барышты. Ошол жерден бизден 30 миӊ рубль талап кылышты. Экинчи турмушумду курганга чейин Динара менен сүйлөшүп, ага аны менен мындан ары жашай албасымды түшүндүргөм. Ал макул болгон. Болгону ортодо нике күбөлүгүбүз гана кармап турган. Эгерде менин мурда депортация болгонумду билдиришпесе, бул жактан иштеп, мыйзамдын негизинде кыздарыма алимент төлөп турмакмын. Ансыз деле кыздарыма буга чейин акча салып турчумун. Азыр бул жакта ишим каралып жатат.
Эки жактын оюн окуп жыйынтыкты өзүӊүз чыгарарсыз, окурман. Көӊүл сүйбөгөн адам менен бири жашагысы келбесе, экинчиси күйгөндүгүнөн ар түрдүү кадамдарга барып жатканын байкасаӊыз керек. Ортодо жашоонун даамын татмак тургай, тили чыга элек 2 кыздын убалын ойлогондор аз. Балдардын алдында жоопкерчиликтүү болууга качан үйрөнөбүз деги?

"Мен да 2 жыл мурун ак көйнөк кийип, бакытка балкып Кыялбекке баш кошком".

"Азыр менин ордумду башка бирөө толуктап турганы ызаландырат".

Гүлжан Асанкожоева
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (198)
jamal1993
2015-12-12 12:25:01
Туура эмес кылгансыз,сиз жакшы болсонуз куйоонуз сизден кетмек эмес,менин апам менен атам мына 70ке чыгышты экоо казырда бири бирин алыска кетирбей барбайсын жанымда бол деп турушат
-1
razana_kg
2015-12-12 17:12:43
Эн жаман нерсе уй булоосу бар баланы бузуп тийген.
0
ali74
2015-12-12 20:48:53
экоондо тен куноо бар го
-1
windows.kg
2015-12-12 21:17:00
Эркек да сендей болобу Кыялбек тигиндей мындай дейсинер эми карагыла кайсы кыз озунон 2 жаш кичуу никеси бар андан калса 2 кызы бар балага турмушка чыгууга руксат берет. Биринчи аялына айтарым эми 2 кызды жакшылап тарбияла анан Кыргызда Эшектен жыгылсан пеийилинден кор деген соз бар аны да унутпа.
0
menmindeimin
2015-12-12 21:35:11
Буга окшогон еркекти сылабаган жэ барган жэрин сыйлабаган азыркы биздин шылуун, ажылдаган келиндер ушентип боодо ымыркайлардын убалына калып атасыз калтырып жургондор коп эгер ал озу сонун болсо емнеге баланынАта енеси акмак бекен кайрадан ага келинчек алыр бермек беле тилинен корду да чала болот мындай ажаан келиндерге
0
Beka1986
2015-12-13 00:22:06
Жакшы иш болбоптур
0
begai93
2015-12-13 04:27:59
Жаманле позор кылгангоо )))) молодец карап жатканча тоюн буздуруп ичиндегисин кичине чыгарып алыптыр! Тойдогулар эмне болушту экен аа.... бирок эми этият бол даа очошуп калбаса эле
0
Alyashka
2015-12-13 07:21:51
Беш кол тен эмес да,балким эки адамдан тен куноо кетет,бирок ошол куноонун кесепетинен ортодо балдар эле кыйналат,балага атанын да эненин да мээрими керек,кандай жаман болбосун атасын сагынып бук болушат, тируулой жетим кылбай балдары учун ата болуш керек эле,,Динар эже Иншаллах баары жакшы болот, бул кундорунуз да отот,кыздарынызга.озунузго Кудайым ден соолук берсин...
0
Nuranna_93_kg
2015-12-13 12:56:57
Чужое семья темный лес.Бир нерсе деш кыйын,эки жак тен сабырдуулук мн чечип алышса жакшы болмок.Анан озун озу уят кылып коомчулукка жарыялап эмне кылат дейм да жеке жашоосун?
+1
aku
2015-12-13 16:54:22
Тиги баланын иши чечилиптирби депорт болду да э,эми москвадагы аялы не болот? Кийинки санда да чыгабы?
+1
Sardana
2015-12-13 23:15:01
Андай уй-булоолордун бузулушуна Москва куноолу эмес деп ойлойм.Ар кимдин башы озундо,ойлонуш керек.Уй-булоо,ата-эне,балага ар кимибиз жооптуу экенибизди да унутпайлы.Москва бизден барган ар бир адамды бирдей эле кучак жайып тосуп алып жатпайбы.Эн башкысы ыйманыбызды жоготпойлу,озубузду тарбиялайлычы.Сизге айтарым Динара сабырдуу болунуз.

0
marsirena
2015-12-20 14:18:28
Азыр эркектерди да, аялдар да жоопкерсиз. Ошон учун толтура балдар ата энесиз чоноюп журот азыркы убакта. Каждый думает только о себе. Он женился, свадьбу ещё сделал. Она скоро свалит в Россию. А байкуш кыздары ар кимден туртку жеп чоноюшат
0
Svoboda83
2016-01-18 18:32:05
Кайынэне каяша кайтарба оз энендей кор бирок кеебир кайын энелер оздору куноолуу болушат беш кол тен эмес не болсода эне да кайынэнене кандай мамиле кылсан келининден ошол мамилени кутосун ошон учун каяша айтбай сабыр кыл ата-эненден кандай тарбия алсан барган жеринде да талаада да ошол бойунча журосун деп ойлойм мен,бул кыздарга да балдарга да тийешелуу
0
Svoboda83
2016-01-18 18:42:54
Кантип оз канынан жаралган балдарды ташташып тируулой жетим кылышат эркектерда аялдарда,бала деген эч куноосуз периштего
0
Yrys87
2016-01-25 20:40:08
Мындай тагдыр бир гана буларда емес ондоп саналып жатат... Уй булоо кураарда аны эмне максат менен куруп жатканыбызды ойлобогонубуз аябай окунучтуу болуп жатат...
0
№ 683, 4-декабрь-10-декабрь, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан