БИР БҮРКҮМ

  •   Сейсмология институтунун маалыматы боюнча, 2016-жылы өлкөдө ЖЕР ТИТИРӨӨЛӨР аз болот. Бирок 2017-жылдын аягынан 2020-жылга чейин бир канча күчтүү зилзалалар катталышы толук ыктымал. 
  •   Президент АЛМАЗБЕК АТАМБАЕВ ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендер үчүн он мекемеге 7 миллион 117 миӊ сомдук жардам көрсөттү. 
  •   Өкмөт Бишкек шаарындагы ЖАӊЫ КОНУШТАРДЫН тургундары үйүн жана жер тилкесин мыйзамдаштыра ала турган мыйзам долбоорун даярдап жатат. Документ Жогорку Кеӊешке ушул айда алып келиниши күтүлүүдө.
  •   ЖОЛДОШУН ЖИЛИКТЕП САЛГАН Айдай Субанованын акыл-эсинин жайын текшерүү үчүн “Кызыл-Жар” психиатриялык ооруканага которгону жатышат. Тиешелүү жыйынтык 1 айдан кийин чыгат. 
  •   Кыргызстанда 795 АКСАКАЛДАР СОТУ бар жана анда 4380 адам иш алып барат. Өткөн жылы аксакалдар соту 8 миӊдей ишти караган. 
  •   Өлкөдө 70 миӊден ашуун адам ПСИХИКАЛЫК оорулар менен жабыркайт. 10 миӊге чукулу жыл сайын дарыланып турушат. 
  •   Финансы министри Адылбек Касымалиевдин айтымында, жакын арада ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды караган ата-энелерге ЭМГЕК АКЫ төлөнө баштайт. 
  •   Жогорку Кеӊештин экс-депутаты Нурлан Төрөбековдун ЖАСАЛМА ДИПЛОМУ боюнча кылмыш иши сотко жөнөтүлгөнүн Башкы прокуратура маалымдады.

Эльвира Караева
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 683, 4-декабрь-10-декабрь, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан