ӨЛКӨБҮЗГӨ КУБАНЫЧ ТАРТУУЛАГАН МИЛЛИОНУНЧУ ЖАРАНДАР

«Ар бир перзент жарык дүйнөгө өз ырыскысы менен келет» деп айтылат. Ал эми жакында эле Кыргызстандын 6 миллионунчу жараны болуп төрөлгөн ымыркай бүтүндөй өлкөгө ырыскы, кубаныч алып келгенсиди. Андыктан гезитибиздин бул санында калктын санын көбөйтүүгө өзгөчө салым кошкон энелерди жана миллионунчу болуп төрөлгөндөрдү тааныштырууну туура көрдүк.

4 МИЛЛИОНУНЧУ КАНЫКЕЙ КАЙЫПОВА

Туулган жылы, күнү – 1985-жыл, 27-май
Туулган жери – Ош облусу, Кара-Суу району, Савай айылы
Төрөлгөндөгү салмагы – 3 килограмм 100 грамм
Төрөлгөндөгү бою – 50 сантиметр
Ысымын койгон – Ошол кездеги Ош облустук обкомдун 1-катчысы Ренат Кулматов
Үй-бүлөдө 4 бир тууган

КАНДАЙ ҮЙ-БҮЛӨДӨ ТӨРӨЛГӨН?
Каныкей чабандардын жардамчылары болуп эмгектенген үй-бүлөдө төрөлгөн. Атасы Таштан Кайыпов 2-топтогу майып, учурда пенсияда. Ал эми апасы Турдукан Солтоева үй кожейкеси.

ӨКМӨТТӨН КАНДАЙ ЖАРДАМ АЛГАН?
Каныкей төрөлгөндө өкмөт турак жай жана автоунаа убада кылышкан. Бирок ал убада ооздон чыккан жел боюнча кала берген. Качан гана Каныкей 17 жашка чыкканда журналисттердин кийлигишүүсү менен өкмөттөн 6 сотых жер тилкеси бөлүнүп, Ош шаарындагы медициналык колледжде бюджеттик негизде окууга шарт түзүлгөн. 2015-жылы 6 миллионунчу жаран жарык дүйнөгө келген соӊ 30-ноябрь күнү өкмөт башчы Темир Сариев Каныкей менен жолугушуп, ага 50 миӊ сом акчалай жардам көрсөттү.

«КЫЗЫМДЫН 4 БУТУ ЖЕ 4 КУЛАГЫ БАР ОКШОЙТ ДЕП ОЙЛОГОМ»
Каныкейдин апасы Турдукан Солтоева кызы төрөлгөндөгү сезимдери тууралуу төмөнкүлөрдү айтып берди:
– Каныкейди толготуп, Кара-Суу райондук төрөтканага жетерим менен төрөдүм. 5 мүнөт өтпөй эле ошол жерде жүргөндөр «сенин кызыӊ 4 миллионунчу болуптур» деп топурап калышты. Жашмын, анын үстүнө тоодо жашап миллион деген сөздү укпаган жаным эмне деп жатышкандарына түшүнгөн жокмун. Ичимден «Кудай сактай көр, кызымдын буту же кулагы төртөөбү, эмнеси болсо да дени сак, адамга окшош кыз төрөсөм экен» деп тиленип жаттым. Аӊгыча төрөтканада жаткан бир аял «4 миллионунчуну мен төрөйүн деп жүрсөм, сен эмнеге кезекке карабай келип тууп саласыӊ?» деп мени сабап кетти. Бир аздан соӊ кайненем менен абысыным сырттагы терезенин түбүнө чакыртышыптыр. Балконго чыксам «Сенин ичиӊ чоӊ эле. Көрсө, курсагыӊ толо бала турбайбы. Балдарыӊ мышыктай бекен же андан чоӊураакпы? Төртөөсүнүн теӊ жаны барбы?» деп сурай башташса, «чын эле түрү суук, элден башкача 4 бала төрөдүмбү?» деп мышыктардын баштарын элестетип алып өзүмдү жаман сезгем.
Төрөтканадан чыгарда Калыс деген сельсовет эже кызымдын күбөлүгүн, бир гүл берип, унаасына салып кетти. Ошондо кызыма жок дегенде 1 коляска берип коюшса болмок деп ыза болуп, ыйлагым келген.

«ЖАКЫНДА ТӨРӨЙМ»
Ал эми Каныкей Кайыпова өзүнүн жашоосу тууралуу буларга токтолду:
– Жолдошум, 3 кызым болуп Кара-Суу районундагы Большевик айылында кайненемдер менен чогуу жашайбыз. Кош бойлуумун, буюрса, 4-балабызды күтүп жатабыз. Жолдошум экөөбүз теӊ иштебейбиз. Мен жаӊы төрөлгөндө ата-энем кичинекей, эски үйдө жашашчу экен. Жогору жакта иштегендер менин абалымды суратышса, айыл өкмөттө иштегендер апамды айылдагы эӊ жакшы үйдүн алдына алып келип сүрөткө тартышып, тигилерге берип жиберишчү экен. Ошол боюнча өкмөт мен чоӊойгуча көӊүл деле бөлүшкөн жок. Качан гана 5 миллионунчу жаран төрөлгөндө гана убада кылган жер тилкесин беришип, медициналык колледжде бекер окууга мүмкүнчүлүк беришти. Мен турмушка чыкканда ата-энемдин мага сеп берүүгө акчасы жок, айла жоктон ошол жер тилкесин 17 миӊ сомго сатып жиберишкен эле. Өткөндө өкмөт башчы келгенде апам мага да үй беришин сураныптыр. «Көӊүлүмдө» деди го, берет болуш керек деп үмүттөнүп калдык.

5 МИЛЛИОНУНЧУ ТЫНЧТЫКБЕК КУРАМАЕВ

Туулган жылы, күнү – 2002-жыл, 27-август
Туулган жери – Бишкек шаары
Төрөлгөндөгү салмагы – 3 килограмм 550 грамм
Төрөлгөндөгү бою – 51 сантиметр
Ысымын койгон – Экс-президент Аскар Акаев
Үй-бүлөдө 2 бир тууган

КАНДАЙ ҮЙ-БҮЛӨДӨ ТӨРӨЛГӨН?
Тынчтыкбек төрөлгөндө атасы Кенжебек Курамаев милиция кызматкери, апасы Бакбүбү Жапарова тигүүчү болуп эмгектенчү. Тилекке каршы, каарманыбыздын ата-энеси учурда ажырашып кетишкен. Апасы азыр да тигүүчү болуп иштейт.

ӨКМӨТТӨН КАНДАЙ ЖАРДАМ АЛГАН?
Тынчтыкбек төрөлгөндө Бишкектин четиндеги Манас айылында майрамдык маараке болуп өткөн. Ошол кездеги ажо Аскар Акаевдин атынан ага арналып жасалган «5 000 000» деген жазуусу бар бешик, кир жуучу машина, коляска, оюнчук машина, китептер белекке берилген. Мындан сырткары ата-энесине Бишкек шаарынын чок ортосунан 3 бөлмөлүү үй тапшырылган.

«АКАЕВ УУЛУМА АТАЙЫН БЕШИК ЖАСАТКАН»
Тынчтыкбектин апасы Бакбүбү Жапарова да өз сезимдери менен бөлүштү:
– Кош бойлуу кезимде УЗИге түшкөнү барсам «жакында 5 миллионунчу бала төрөлөт» деп сөз кылышты. Кайнежеме айтсам «ий, ошону сен төрөп калсаӊ экен» деди. 27-август күнү тун уулумду төрөдүм. Жарым саат өтпөй «сенин балаӊ 5 миллионунчу болуп төрөлдү» дешти. Дарыгерлер «аябай токтоо экенсиӊ, ушундай бала төрөгөнүӊө сүйүнбөйсүӊбү?» деп таӊданышты. «Эӊ негизгиси баламды аман-эсен төрөп алдым» деп маани берген жокмун. 2 сааттан кийин сыналгы көрүп жатсам Аскар Акаев сүйлөп, «Кыргыз элинин тынчтыгын сактаган бала болсун деп атын Тынчтыкбек койдум. Баланын ата-энесине 3 бөлмөлүү үй берилсин!» дегенден кийин эч кимге көргөзбөй өзүнчө кубанганымдан ыйлагам. Таластыкмын. Ооруканадан чыгарда ал жактагылардын «Майрам Акаеванын сиӊдиси экен. Өзүнүн сиӊдисине тартып койду» деп сүйлөшүп жатышкандарын апам угуп калыптыр. Анан апам «Ай, биз Майрам Акаеваны тааныбайбыз. Анын айылы биздикинен алыс» деп аябай актаныптыр. Ошентип үй 3 айдан кийин берилди. Азыр ошол үйдө жашайбыз. Ага чейин батирде жашачубуз.

«5 МИЛЛИОНУНЧУ ЖАРАН ЭКЕНИМЕ СЫЙМЫКТАНАМ»
5 миллионунчу жаран Тынчтыкбек Курамаев өзү тууралуу буларга токтолду:
– Мен 5 миллионунчу бала экенимди апам 4 жашымда айткан. Мектептеги классташтарымдын көбү 5 миллионунчу жаран экенимди жакында эле билишти. Учурда Бишкек шаарындагы №2-мектепте 7-класста окуйм. Мектептен ары-бери өткөндөр «могу 5 миллионунчу бала да» дешип колдору менен көрсөтүп калышса, сыймыктанам. Көбүнчө география менен дене тарбия сабактарына кызыгам. Келечекте юрист болгум келет. Апам болсо «сенден жакшы терапевт чыгат» дей берет. Үй-бүлөдө 2 бир туугандын улуусумун. Карындашым мен окуган мектептин 4-классында окуйт. Кийин 3 миллионунчу жана 4 миллионунчу жарандар менен таанышкым келет. Өзүм болсо 5 балалуу болууну каалайм.

6 МИЛЛИОНУНЧУ АЙЛИН КОЖОШЕВА

Туулган жылы, күнү – 2015-жыл, 25-ноябрь
Туулган жери – Ош шаары
Төрөлгөндөгү салмагы – 3 килограмм 800 грамм
Төрөлгөндөгү бою – 51 сантиметр
Ысымын койгон – Апасы менен эжеси
Үй-бүлөдө 6 бир тууган

КАНДАЙ ҮЙ-БҮЛӨДӨ ТӨРӨЛГӨН?
Айлиндин атасы Алмаз Кожошев Улуттук гвардияда иштейт. Ал эми апасы Рахат Белекова үй кожейкеси.

ӨКМӨТТӨН КАНДАЙ ЖАРДАМ АЛГАН?
Айлинге арналып 26-ноябрь күнү Бишкек шаарындагы «Ала-Тоо» аянтында майрамдык концерт болуп өттү. Андан тышкары ата-энесине Ош шаарынан 4 бөлмөлүү үй, ымыркайга алтын менен жазылган туулгандыгы тууралуу күбөлүк жана 1 миллион сомдук депозит берилди. Мындан тышкары Ош облустук администрация жана Ош шаардык мэрия тарабынан акчалай сыйлыктар, коляска, үй эмеректери тапшырылды.

«КЕЛЕЧЕКТЕ КЫЗЫБЫЗДЫН АТЫНАН ФОНД АЧАБЫЗ»
Айлиндин апасы Рахат Белекова бактысында чек жок экенин айтат:
– Кызымды төрөгөндөгү кубанычымды сөз менен айтып жеткире албайм. 6 миллионунчу ымыркайды төрөгөнүмө туугандарыбыздын баары кубанып жатышат. Кызыбыз ак жолтой болду. Буга чейин батирде жашачубуз. Өкмөт берген үйгө жазында көчүп киребиз. Жолдошумдун 6 бир тууганы бар, Айлин да биздин алтынчы кызыбыз. Келечекте жолдошум экөөбүз «Айлин» деген фонд ачып, жетим-жесирлерге, бей-бечараларга жардам беребиз деп тилек кылып жатабыз.

Асхат Субанбеков
koom@super.kg

 Кыстарылган видео 
Өлкөбүздүн миллионунчу жарандары
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (15)
omka100514
2015-12-07 09:54:08
ой Каныкейдин апасынып созу боорду эздиго, мышыктардын башын элестеткем деп ))). Баарыныздардын омурунуздор узун, ден- соолугунуздар чын босун
+5
tina-janka
2015-12-07 10:41:47
Темир Сариев жакшы иштеп жатат...
+1
v.kyrgyz
2015-12-07 20:08:31
Омурлуу,тыкан,аруу,ыймандуу кыз болсун! Эхх баардык жаны торолгондорго ушундай шарт тузулгон заманга жетебиз дегенде эки козум торт.
+2
Asyl.jazi
2015-12-07 22:12:26
7 миллионунчу кыш мезгилинде торолсо болмок экен. 4 миллионнунчу жазда, 5 милл. жайда, 6 милл. куздо торолуптур го
-1
AFFANCULO
2015-12-08 00:22:46
Каныкейдин апасынын маегин окуп боррум эзилди,бир аял келип сабап да кеткенин айт)))
+3
Arslan12
2015-12-10 19:06:18
AFFANCULO,Каныкейди да карап койгула жогору жактагылар.
0
Jamalym
2015-12-08 00:49:27
Ииий Айлинка коз тийбесин!Бактылуу,омурлуу кыздардан болсун!
+1
kama_future_millioner
2015-12-08 13:14:30
Айлин омуру узун болсун
0
aijana9191
2015-12-08 20:19:02
ээй тооба неужели бир дагы негативный комментарий жок,кубандырат экен а то созсуз жумурткадан кыр издегендер табылат эле го
+1
elif
2015-12-09 06:15:58
Prezidentibizge koz tiybesin!
0
elif
2015-12-09 06:16:32
Baarin baktiluu eldin keregine jaragan insan bolgula!
0
Jika_fisabillah
2015-12-11 20:27:48
ойй,кыргызбызды 50 мин сом берсе да ыраазы болбой,мен жыргап ала бермекмин квартирасына деле ыраазы
+1
jypar.i
2015-12-11 22:41:39
20жылда 2миллионго өсүптүрбүз го, ушу чын болду бекен?
0
cholpontolgongylyn
2016-01-02 19:51:07
Бактылуу болсун Айлин.Кыргыздардын канчалаган жарандары башка олконун жарандыгына отпогондо 7000000дон ашсак керек эле.ушул гана окунучтуу(((
0
Samaganova
2016-01-17 00:58:41
2030жж. 20млнго жетип ка лат ондуубуз
0
№ 683, 4-декабрь-10-декабрь, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан