Кыргыздын чыгармачыл инсандары жана кол өнөрчүлөрү 1-8-декабрь күндөрү Таиландда өтүп жаткан Эл аралык фольклор-бий фестивалына катышышууда. 5-ирет өткөрүлүп жаткан аталган фестивалга Индонезия, Финляндия, Индия, Венгрия, Тайвань, Түркия, Малайзия, Казакстан жана башка 10дон ашык мамлекеттин чыгармачыл топтору өнөрүн көрсөтүшүүдө. Маданий иш-чарага биздин өлкөдөн Кенже Дүйшеева, Токтобек Асаналиев, Динара Акулова, Жумагүл Раимжан кызы, Нурбек Дайырбек уулу жана башка чыгармачыл инсандар барышты. Алар бир ок менен эки коёнду атып, өнөрлөрүн көрсөтүү менен катар экзотикалык өлкөдө эс алып да жүрүшөт.