Нуриза Бурханова: "ТУРСУНБАЙ БАКИР УУЛУ МЕНЕН ЖАРАША ТУРГАН ОЮМ ЖОК"

«Киного кайтуу үчүн хиджабды чечтим» деп гезитибиздин өткөн сандарында маек курган жаш актриса Нуриза Бурханова жолдошу, экс-депутат Турсунбай Бакир уулу менен ажырашып кеткенин билдирген эле. Турсунбай мырза жакында гезиттердин бирине маек берип, «Нуриза менен ажырашкан жокмун. Ал актриса болгондуктан өз ролун мыкты ойноду» деп билдирди. Актриса айым атак алыш үчүн өзү жөнүндө талкууга жем таштадыбы деген суроо жаралды. Бул жагдайдын чын-бышыгын, албетте, Нуризанын өзүнөн угууну туура көрдүк.

– Нуриза, «Турсунбай Бакир уулу менен ажыраштым» деп айткансыӊ. Бирок аны экс-депутат «Ал шайлоо учурундагы кара пиар болчу. Нуриза экөөбүз сүйлөшүп алып, ошондой интервью берүүнү туура таптык» деп актриса катары өз ролуӊду мыкты аткарганыӊды айтыптыр. Бул билдирүүнүн канчалык деӊгээлде чындыгы бар?
– Мен аны менен жашабай калганыма 1 жарым жыл болду. Балам да 1 жарым жашка чыгып калды. Ал мага талак берип ажырашканбыз. «Шайлоо алдында кара пиар кылабыз» деген сөз ортобузда болгон эмес. Болгону экөөбүздүн эки жолго түшкөнүбүз тууралуу интервьюм ошол учурга туш болду. Эгер саясатка байланыштуу кара пиар болсо, хиджабымды чечпейт болчумун да.
– Анда эмне үчүн мындай интервью берип жатат деп ойлойсуӊ?
– Балким, кайра жарашам деген максатта болсо керек.
– Ал эми сенин жарашканга көӊүлүӊ жокпу?
– Азырынча андай оюм жок.
– Хиджабыӊды чечкенден кийин экөөӊөрдүн чогуу түшкөн сүрөтүӊөргө күбө болдук...
– Сүрөткө кызым менен жолуктурганы барганда түшкөнбүз. Ал өзүнүн жашоосу, мен өзүмдүн жашоом менен жашап жатабыз.
– Учурда мамилеӊер кандай?
– Анча деле жакшы эмес. Балдарды көрсөтүп турам.
– Мурунку жолдошуӊдан эмне үчүн минтип маек берип жатканын сурап көрдүӊ беле?
– Ооба. Ал «эгер өзүӊдүн кызыкчылыгыӊды ойлосоӊ, ошондой жооп кайтарууга туура келет» деди. Мындан улам кайра жарашам деген үмүтү бар экен деген ойдо калдым.
– Маегиӊе рахмат.

star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (100)
Lumia-800
2015-12-09 18:15:57
"...корсо бакыт байлыкта эмес турбайбы" деп койбоптур ээ.
Бизнес учун баары бар, жаш куйоо гана жетишсизго дейм.
+1
Senuchunzhashaim
2015-12-09 19:32:40
Эмне дешти да билбейм, иши кылса бактылуу болгула.
0
EdikoKG
2015-12-10 03:34:17
Кимге тийип,эмне болгон кундо да "Турсунбайдын токолу" деген балээ соз омур бою артындан ээрчип журот эми.
+3
admin_superstan
2015-12-10 11:00:03
A3A, эскертүү! Сайттын же гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-комментарий же талкуу иретинде жазылган учурларда сайттын жетекчилиги андай билдирүүлөрдү өчүрүү менен кошо колдонуучуну сайттан четтетиши мүмкүн. Сын-пикирлер info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерине жазылып жөнөтүлүшү керек.
0
deva
2015-12-10 18:06:15
Коросунор го эмки санда Турсунбай Бакир уулу маек берет, мен албайм десем болбой жабышып тийп алган деп
+2
nurii
2015-12-10 20:07:27
deva,Бакир уулунун интервьюсу журбойбу,акеси апасы,мен кой десек ынабай суйом деп тийип алган деп.
+1
akubeku
2015-12-10 22:47:03
негизи озумдун ойюмду айтсам бул кызды колдобойм себеби катардагы адам болсо мейли эле .тийерден алдын ойлонуш керек. мен такыр тушунбодум тарбиялык маани дегенди корбодум....
ушундай матриялды жазбай эле койгулачы суперчилер анданда башкасы толуп туратгооо
0
artur_95kg
2015-12-11 10:17:26
Турсунбай Бакир уулу чыныгы эркек екен жаш кыз алса коралбайсынар канчалаган кыздар Кыргызстанда кытайларга Россияда Тажик Азерлерге ж.б улуттарга кор болуп журот,андан коро ушуга окшогон эркеке 2-3-4 аялы болуп тийип жашаганы жакшы эмеспи.
+2
Meruet84
2015-12-11 11:26:40
Турсунбай Бакир уулуна Назира Бурханова акчасы учун эле турмушка чыккандай сезиле берет.
+1
sevgilim
2015-12-11 14:16:40
ХХХ Турсунбай Бакир уулунун маегин окудум. Нуриза эжебиз озу суйуп тийген экен ата энесинин каршылыгына карабай. Э эмнеси болсо да экоо тен бактылуу болсунчу.
+1
admin_superstan
2015-12-11 15:07:19
sevgilim, курамы окшош сайттарды жарыялоого тыюу салынган! 3 күн БАН!
0
Abaeva-1987
2015-12-11 15:46:20
Жаш кыздын тагдырын бузган ушундай депутат сымалдарга тан калам, анан да куран кармап, намаз окуйт имиш....
+2
Zarger59
2015-12-11 17:24:06
Бул кыз озунун карьерасына жана максатына жетиптир эми Турсунбайдан алимент ондурсо жашоо керемет деп жашай берет да
+1
emu77
2015-12-11 18:05:11
Силердин ишинер не биронун эжеси м.н ишинер эмне же башка ишинер жокбу ар ким озу билетта кантип жашашын, же силерден сурашы керекби кантип жашашын! Бирону сындабай озунорду эле биле бергиле.
-1
Elika
2015-12-12 05:06:36
Турсунбай Бакир уулу кайсы аялына айтканын билбейминго эгиз тороп бересин деп айткан экен аялдарынын бирине.
0
bolotbai3
2015-12-13 06:29:09
Кийинки санда Турсунбай Бакирдин маегин окуп каласынар,Т Бакир эми бул кызды (аялын)шыбайт.
+1
tazagul
2015-12-16 21:45:28
Тийиши тийиптир... Уйдо балдарыны карап эрини сыйлап отура бербейби деймда... Эмне жетишпептир... Намаз окуп оронуп таза, тыкан болуп журо берсе болмок экен... Бактылуу эне суйуктуу жар. Экен эле, эми эл айтмакчы озу билет......
0
№ 683, 4-декабрь-10-декабрь, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан