Кыргыз тасмаларынын тизмегине Сүйүн Откеевдин «Көпөлөк» аттуу фильми кошулду. Бул жаӊы эмгектин мазмуну эмне жана кантип тартылганы тууралуу режиссёру айтып берди.
Аталышы – «Көпөлөк»
Жанры – Драма
Режиссёру – Сүйүн Откеев
Сценаристи – Керез Зарлыкова, Эльдар Турдумамбетов, Сүйүн Откеев
Оператору – Азамат Тагаев
Башкы ролдордо – Малика Абдыразакова, Нурлан Акматбеков
Тасманын узактыгы – 90 мүнөт
«ЖАШООДОН ЖАПА ЧЕККЕН ЖЕТИМ КЫЗДЫН ТАГДЫРЫ СҮРӨТТӨЛӨТ»
– «Көпөлөк» тасмасында жалгыз өскөн жетим кыздын жашоосун чагылдырдык. Каарманыбыз кичине кезинен эле ата-энесинен ажырап, айрым адамдардын мамилесинен жапа чегип, жашоого таарынычын айланасындагылардан чыгарат. Бир күнү балалык сүйүүсү Эрланга кезигип, жашоого болгон мамилеси өзгөрөт.
Бул каармандын образын ачып берүү үчүн актёрлордун талантына көӊүл бурдук. 70ке жакын кыздардын арасынан Малика Абдыразакова суурулуп чыгып, ушул образды жаратты.
«КЫЗЫМА БЕЛЕК КЫЛЫП, АНЫ ТАСМАГА ТАРТТЫМ»
– Тасмадагы Айтолкундун кичине кезин тартуу үчүн бизге 5-6 жаштагы кыз керек болду. Өзүмдүн кызымды чоӊ экранда сынап көрөйүн деп чечтим. Ал буга чейин ар кандай жарнамалык роликтерде, клиптерде роль жаратып жүргөн. Экинчиден, кызым чоӊойсо жакшы эстелик болуп калат деп белек иретинде аны ушул тасмага тарттым.
«КИНОТЕАТРГА БАРАРДА ЖҮЗ ААРЧЫӉАРДЫ УНУТПАГЫЛА»
– Элибизге драма жанрындагы тасма тартуулап, аз да болсо кээ бир унутулган баалуулуктарды эске салып, эмоцияга чөмүлтүп, керек болсо ыйлатып, кыскасы, таптакыр башка бир дүйнөгө алып барып келебиз. Тааныштарга тамашалап «кинотеатрга барарда жүз аарчыӊарды унутпагыла» деп айтып жатабыз. «Көпөлөк» тасмасы 7 жаштан 70 жашка чейинки бардык кино күйөрмандары көрчү үй-бүлөлүк тасма болду.
Султан Төрөбеков
star@super.kg