КЫЗ ЖАНДУУ ЭРКЕКТИН ЖАШООСУН СҮРӨТТӨГӨН «УЧКУЧ» ТАСМАСЫ

Кыргыз тасмаларынын тизмегине Рысбек Жабировдун «Учкуч» аттуу фильми кошулду. Бул жаӊы эмгектин мазмуну эмне жана кантип тартылганы тууралуу режиссёру айтып берди.

Аталышы – «Учкуч»
Жанры – Комедия
Режиссёру – Рысбек Жабиров
Сценарийин жазгандар – Рысбек Жабиров, Малик Осмонов
Башкы ролдо – Арнис Кыдырмышев
Оператору – Канат Алыбаев
Продюсерлери – Урмат Усенов, Эрмек Нурбаев
Тасманын узактыгы – 77 мүнөт

«ЭРКЕКТИН БААРЫ КЫРААН ЭМЕС, АЯЛДЫН БААРЫ ЖЫЛАН ЭМЕС»
– Азыр 3 кишинин башы бириксе, бири «коом бузулду» десе, экинчиси «кыздар бузулду» дейт. Үчүнчүсү «жок, эркектер бузулду» деп талкуулашат. Коом эркек менен аялдан турарын эстен чыгарып коёбуз. «Учкуч» тасмасында ушул маселелер козголот. Аталган тасмада жоопкерчиликсиз, жеӊил ойлуу эркектин жашоосу баяндалат. Эркектер куру намыска алдырбай, намыстуу болсок. «Ура патриот» болуп кыздарды сабап, коркутуп интернетке жарыялаардан мурун тереӊ ойлонсок деген ойду айттык.
Жолдошу жоопкерчиликсиз болсо, аял киши тоготпой калат эмеспи. Мисалы, чечендердин кыздарынын сойку болуп жүргөнүн билбейбиз. Анткени алардын мырзалары ар бир кызга карындашындай, эжесиндей сый-урмат көрсөтүшөт. Бизде дагы бирөөнүн аялы кыз көрүнгөн, кара көз, кара кашты көргөндө акылдан азып кетпеген түшүнүк пайда болуш керек. Аялдарды сыйлай баштаганда аларда жоопкерчилик пайда болот. Эки алакан теӊ шакылдайт. «Эркектин баары кыраан эмес, аялдын баары жылан эмес» дегенди элге жеткиргенге аракет кылдык.

+16 ЖЕ 5 ПАЙЫЗДЫК АЧЫК КАДРЛАР...
– Айрымдар бир тараптуу көз карашты карманышып «мындан көрө порно тасма тартып койсоӊ болмок» дешти. Эгерде ооруп калсаӊ, ооруӊду жашырбастан дарыгерге көрүнөсүӊ да. Кинодо айтылган ой бүгүнкү күндүн оорусу болуп жатпайбы. Ачык кадрлар «Түндүктүк келин» тасмасында 2 пайыз болсо, бул тасмада 5 пайыз.

«ӨЗҮМ ДАГЫ РОЛЬ ЖАРАТТЫМ»
– Учактагы эпизодду тартарда 5 адамдын аты-жөнүн жазып берген болчумун. Тартуу учуру башталганда учакка жарык берүүчү, сүрөтчү, эки актёр, мен жана оператор болуп 6 киши түшүш керек болуп калды. Бирок алар 5 кишиге гана уруксат беришип, бир актёрду калтырып, анын ордуна өзүм тартылып калдым.

Султан Төрөбеков
star@super.kg

 Кыстарылган видео 
Катынпоз эркектин турмушун баяндаган "Учкуч" тасмасы тартылды
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (8)
Akzholtoi
2015-12-07 09:21:07
Тундуктук келинге 5
+2
Flander
2015-12-07 11:15:22
Кыргыздын азыркы кинолорунан көрө мультфильм көрсөң ошо жакшы.
0
Umnitsa
2015-12-07 16:28:30
Flander, Кыргыз кинолорун кор деп эч ким мажбурлабайт, каалоочулар мультфильм коро бергиледа
+4
SherhaN
2015-12-07 21:34:35
азаматсыз кийинкисинде 10% кошунуз
0
Jyrgal_msk
2015-12-07 21:59:07
Чечендерде да сойкулар бир убакта чыккан,алар сойку кыздарды койчо эле мууздап салышкан.Ошондон улам сойкулук кылгандан коркушкан.
+2
altynaikai
2015-12-08 01:00:38
Беш кол тен эмес, ар ким ар кандай сын - пикирин айтат. "Ачык сценалары" бар дегенибизди элибиздин карангылыгы деп ойлойм. Режиссер баланды алпарып корсот же ошону кыл деп тарткан жок да, ошондон сабак алгыла деген эле ою. Анын устундо "+16" деп бакырайып эле жазылып турат го...
+4
admin_superstan
2015-12-08 11:41:03
Asyl.jazi, саламатсызбы!
Тасманын аты "Учкуч".
0
akubeku
2015-12-10 23:06:54
ээээ рысбек ака фильминизди го жакшы тартыпсыз Абдимитал авабызды каяктан таап алдыныз же Ана - Кызыл жонундо фильм тартасызбы тартсаныз кастингге чакырып коюнчууу ...байака
0
№ 683, 4-декабрь-10-декабрь, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан