Архив
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828   829  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар
Akbuura gazeta

Көп ооруга даба болгон бий алма

№683 4-декабрь-10-декабрь, 2015-ж


Эл арасында бий алманын «Сыртымды түк каптагандыктан менден көбү жийиркенишет. Болбосо менин өлгөн адамды тирилте турган касиетим бар» деп арман кылганы айтылып жүрөт. Өзү мактангандай, бул мөмөнүн кандай пайдасы бар, чогуу таанышалы.

  • Бий алма протеин, шекер, органикалык кычкыл заттар, А, В2, С витаминдери жана темир, жез, калий сыяктуу минералдарга бай. Ал нерв системин бекемдеп, тамак сиӊирүүнү жакшыртат. Тери менен тырмакты жылмакай жана жалтырак кылат. Сасык тумоого да жакшы жардам берүү менен тезирээк айыгууга шарт түзөт. Жүрөк, боор, тамак, ашказан, көз, ичеги ооруларына жакшы жардам берет. Кандагы холестериндин өлчөмүн азайтат. Курамында шекердин өлчөмү аз болгондуктан, кант диабети менен жабыркагандарга да пайдалуу.
  • Жалбырагы ооздогу жараларга, тамак оорусуна пайда жана чачтын эрте агарышынын алдын алат. Бул үчүн бий алманын өзүн же жалбырагын кайнатып, суусу менен оозду чайкоо керек. Ошондой эле жалбырагынан демделген чай өзгөчө тынчтандыруучу касиетке ээ жана уйкусуздукка даба.
  • Элдик медицинада ортосу оюлуп, сары май же койдун куйругу салынып бууга бышырылган бий алма какырыкты чыгарууда жана дем алуу системиндеги өнөкөт илдеттерде колдонулат. Эскертүү! Дарыланардан мурун дарыгерден же элдик табыптардан кеӊеш алыӊыз.
  • Ширеси ич өткөккө жакшы жардам берет. Мындан сырткары чарчоону жазып, маанайды көтөрөт. Ооз көӊдөйүнүн жагымсыз жытын алдын алат.
  • Данеги боёк жасоодо, косметологияда жана медицинада дары-дармек жасоодо колдонулат. Эриндин жарылып кетүүсүнөн алдын алуу жана айыктыруу үчүн данегин кайнатып, суусу менен жууш керек.
  • Кагы ооздогу жаралардын тез айыгуусуна жардам берет.
  • Кабыгын кайнатып ичүү заара каналдарындагы сезгенүүнүн жакшыруусун тездетет.
  • Гүлүн кайнатып ичүү бала эмизген энелердин сүтүн көбөйтөт. Жүрөккө жана баш ооруга жакшы.

Эскертүү! Бий алманы өнөкөт ич катуу, плеврит оорусу барлар жегенге болбойт. Ошондой эле бул мөмө үн каналдарын жаап, тамакты бууп коюу касиетине ээ болгондуктан, ырчылар, мугалимдер жана ораторлор эл алдына чыгарда жегенден абайлоосу керек. Сыртындагы түгү аллергия жаратышы мүмкүн.

БИЙ АЛМА КЫЯМЫ
Керектелүүчү азыктар:

• Бий алма – 1 килограмм
• Кумшекер – 1 килограмм
• Суу – 1 стакан
• Лимон кислотасы – жарым чай кашык

Даярдоо ыкмасы:

1. Бий алманы жууп, уругун тазалап, каалагандай формада туурап алабыз. Үстүнө лимон кислотасын себелеп, 1 стакан сууну куябыз. 30 мүнөттөн соӊ суусун бөлүп алып, ага кумшекерди салып сироп даярдайбыз.
2. Кайнап жаткан сироптун үстүнө бий алманы салып, 5-7 мүнөт кайнатабыз. Эми муну 10-12 саат тыныктырып коёбуз. Андан соӊ кайрадан 10-12 мүнөт кайнатып, бууланган банкаларга куюп жаап коёбуз.
Бул бий алма кыямынын классикалык түрү. Кыямга табитиӊизге жараша грек жаӊгагын, апельсин, лимон кошуп жасасаӊыз да болот.

БИЙ АЛМА КОШУЛГАН ШОРПО
Керектелүүчү азыктар:

• Койдун кабыргасы – 500 грамм
• Пияз – 1 баш
• Сабиз – 1 даана
• Картошка – 2 даана
• Бий алма – 2 даана
• Помидор – 2 даана
• Сарымсак – 2 тишче
• Өсүмдүк майы – 100 грамм
• Укроп – 1 боо
• Лавр жалбырагы – 1 даана
• Татымына жараша туз

Даярдоо ыкмасы:

1. Кабыргаларды 3кө бөлүп, казанда кызып турган майга 5 мүнөттөй кууруйбуз.
2. Эттин үстүнө тууралган пиязды, сабизди жана помидорду салабыз да, дагы 5 мүнөттөй кууруп, 1,5 литр сууну куябыз.
3. Шорпо кайнап чыккандан кийин чоӊ-чоӊ тууралган картошканы жана бий алманы салып бышканча жай отто 25 мүнөт кайнатабыз. Тамак бышарга 5 мүнөт калганда лавр жалбырагын, тууралган укропту жана сарымсакты салабыз. Шорпобуз даяр! Шорпону өзүн же болбосо кам каймак кошуп берсеӊиз болот.

БИЙ АЛМА КОШУЛГАН ПАЛОО
Бий алма кошулуп жасалган палоо ширелүү болуп, жыты аӊкып турат. Палоонун мындай түрүн даярдагыӊыз келсе, алгач бий алманы жууп-тазалап, 4кө бөлүп, майга кызарта кууруп аласыз. Кийин аштын суусун куйган кезде аны саласыз. Палоону даярдоо ыкмасынын калган бөлүгү кадимкидей эле жүрөт.

Дамира Арстанова
kenesh@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  4 
Комментарийлер(30)
07.12.2015. 10:06 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
158
Катталган:
08-04-2012
Соӊку аракети:
19-08-2018 18:44
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Astana
-4
Ичи қатқандарга жесе болбойт,ширесин ичсе ичи отот ммм жакшы экен
10.12.2015. 20:28 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
64
Катталган:
12-04-2013
Соӊку аракети:
17-09-2018 19:32
Жынысы:
Белгисиз
+1
hanisa, Ширеси ич откокко жардам берет деп эле жазылып турат го
07.12.2015. 11:12 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
339
Катталган:
20-03-2013
Соӊку аракети:
11-08-2016 16:25
Жынысы:
Белгисиз
+3
Бул жумада базарда бий алма саткандардын иши журушот окшойт :-))
Wave. түзөттү 2015-12-07 11:12:29
07.12.2015. 11:31 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
101
Катталган:
26-08-2015
Соӊку аракети:
16-08-2018 11:21
Жынысы:
Белгисиз
+1
Wave.,жакшы да ))))
07.12.2015. 16:37 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
34
Катталган:
01-10-2014
Соӊку аракети:
22-09-2018 08:35
Жынысы:
Белгисиз
0
Журок ооруга жакшы дейтко, журоктун клапанына дагы пайдасы барбы?
07.12.2015. 20:45 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
91
Катталган:
12-07-2011
Соӊку аракети:
01-03-2016 23:25
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
москва
0
Ииии жакшы болбодубу бехи дейт туштукто варенье жасасамбы деп жаткам . Чон ырахмат суперсинизззз❤️
07.12.2015. 21:59 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
24
Катталган:
18-03-2015
Соӊку аракети:
01-08-2018 19:43
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Жалалабад
-1
zamko, Бий алма эле дейбиз
Модератор admin_superstan түзөттү 2015-12-08 12:37:57
08.12.2015. 12:38 
Тайпасы:
Супермодератор
Комментарийлердин саны:
4715
Катталган:
05-09-2011
Соӊку аракети:
25-09-2018 18:22
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Супер-Инфо
0
lady.girl7997, эскертүү! Жеке билдирүүнү купуя менен жазыңыз!
08.12.2015. 16:20 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
575
Катталган:
08-02-2015
Соӊку аракети:
25-09-2018 11:55
Жынысы:
Белгисиз
+6
zamko, бехи дебей эле бий алма же жон эле бийи деп койот
10.12.2015. 14:14 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
1
Катталган:
15-03-2013
Соӊку аракети:
07-08-2016 19:02
Жынысы:
Белгисиз
0
zamko,ХХХ ХХХ ХХХ ХХХ кылып койдунарго ХХХХ
Модератор admin_superstan түзөттү 2015-12-10 14:22:49
10.12.2015. 14:23 
Тайпасы:
Супермодератор
Комментарийлердин саны:
4715
Катталган:
05-09-2011
Соӊку аракети:
25-09-2018 18:22
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Супер-Инфо
0
Minhi, жеке билдирүү үчүн купуя бар! Кайсы бир улутту кемсинтүүгө, аймактык бөлүнүүчүлүк билдирүүлөргө тыюу салыган! Эскертүү сызыгыңыз толгонуна байланыштуу түбөлүк БАН!
Модератор admin_superstan түзөттү 2015-12-10 14:25:05
07.12.2015. 21:24 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
48
Катталган:
06-06-2013
Соӊку аракети:
19-07-2018 18:42
Жынысы:
Белгисиз
0
Men biy almaga talgak bolgon elem kyw anan kymbat bolchu jegem birok toiup jebegendikten torogucho jegim kelgen anan azyr balamdyn kozu kok bolup kaldy...... okunuchtusu owol.
08.12.2015. 14:31 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
641
Катталган:
02-10-2015
Соӊку аракети:
11-12-2017 14:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
almagul_aravan,Кок коз бий алмадан эмес эстесениз кимдердин козу кок урук-тууганде де...-))
08.12.2015. 16:22 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
575
Катталган:
08-02-2015
Соӊку аракети:
25-09-2018 11:55
Жынысы:
Белгисиз
+2
almagul_aravan,бийи алма жесе козу кок болот бекен
08.12.2015. 11:59 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
32
Катталган:
21-10-2014
Соӊку аракети:
25-09-2018 15:25
Жынысы:
Белгисиз
+1
Апамдын бийи алма кошуп жасаган ашын (палоосун) сагындым
08.12.2015. 22:31 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
95
Катталган:
08-05-2015
Соӊку аракети:
21-06-2017 11:24
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Dubai
+2
Аттин.ошол балалык кезим.апамдын аш устуно баскан кесилген бий алманын даамы ай.Эми Апам да жоок.эххх (((
09.12.2015. 03:30 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
5
Катталган:
01-10-2014
Соӊку аракети:
04-03-2017 00:06
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бий алма,оз аты менен момолордун бийи да. Жогорудагы рецептин бары мага белгилуу экен.
09.12.2015. 03:34 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
5
Катталган:
01-10-2014
Соӊку аракети:
04-03-2017 00:06
Жынысы:
Белгисиз
+1
мындан сырткары,бийдин ичин тазалап,ичине сары май салып андан сон керексиз гезиттер менен калын кылып ороп тандырга нан жаап болгон сон чокко коомп койсо абдан сонун болот. Озгочо ашказан ооруулууларга жакшы. Кесилген тарабынан май акпагыдай кылып коюу кажет
gul91 түзөттү 2015-12-09 03:37:34
09.12.2015. 04:06 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
74
Катталган:
13-06-2012
Соӊку аракети:
30-11-2016 03:24
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
osh
0
Eureka Zoichka мен да бийи кошулган палоону жакшы кором Силерге жасап берейин конокко келгиле
09.12.2015. 11:44 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
95
Катталган:
08-05-2015
Соӊку аракети:
21-06-2017 11:24
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Dubai
0
Erniet,рахмат чон.меймандостугуна
09.12.2015. 11:48 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
379
Катталган:
28-11-2008
Соӊку аракети:
25-09-2018 16:21
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мен кичинекейимде палоонун үстүндөгү бий алманы куйрук экен деп жеп алып аябай жаман болгом. Жаккан эменс эле. Азыр аябай жагат бий алма кошулган палоо. Эмнеге жактырып калдым билбейм, жыты буркурайт экен го тимеле
09.12.2015. 14:58 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
29
Катталган:
10-04-2015
Соӊку аракети:
20-04-2018 00:50
Жынысы:
Белгисиз
0
Бихи дейбиз
09.12.2015. 16:27 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
14
Катталган:
01-02-2012
Соӊку аракети:
10-08-2018 19:02
Жынысы:
Белгисиз
0
аива деген ушулбу ошондо
11.12.2015. 08:32 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
893
Катталган:
16-08-2015
Соӊку аракети:
25-09-2018 11:02
Жынысы:
Белгисиз
0
jumatone,ооба
09.12.2015. 19:02 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
1753
Катталган:
06-02-2012
Соӊку аракети:
25-09-2018 15:31
Жынысы:
Белгисиз
+2
бий алма деп биринчи угушум бизде Айва эле дейбиз...
09.12.2015. 20:33 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
5
Катталган:
04-08-2015
Соӊку аракети:
25-09-2018 15:43
Жынысы:
Белгисиз
0
Биз бий алма эле дейбиз
09.12.2015. 21:38 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
36
Катталган:
27-11-2015
Соӊку аракети:
25-09-2018 18:13
Жынысы:
Белгисиз
0
Жон эле жейбиз талашпай
10.12.2015. 13:26 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
3
Катталган:
11-07-2011
Соӊку аракети:
18-07-2016 13:33
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
+1
Бий алмабы, бехиби, айвабы иши кылып тигип койгом, бирок жай осуп атат. Кантип остурот, бул осумдукту?
10.12.2015. 16:21 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
159
Катталган:
27-01-2013
Соӊку аракети:
28-08-2016 13:13
Жынысы:
Белгисиз
+2
Медицинада айтылат эгер балам сулуу болсун десенер,боюнда барда бий алманы коп жейиш керек экен.
14.12.2015. 01:26 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
1
Катталган:
15-06-2014
Соӊку аракети:
15-05-2016 13:53
Жынысы:
Белгисиз
0
Орусча айва.. кыргызча еле суйлогулочу бийи алма деп еле.. а то барып барып сибирдеги елдерге окшоп келбетибиз азиат атыбыз менен суйлогонубуз орусча болуп калбасын
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
21193;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2018 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: