2-декабрь күнү УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы Коргоо министрлигинде бюджеттик каражатты мыйзамсыз пайдалануу боюнча коррупциялык схеманы аныктап чыкканын билдирди. Бул иштерден улам аталган министрликтин мурунку жетекчилери Таалайбек Өмүралиев менен Абибилла Кудайбердиевге «кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу», «бюджеттик каражатты мыйзамсыз пайдалануу», «ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же орунсуз жок кылуу» беренелери боюнча кылмыш иши козголду. Эльвира Караева
politika@super.kg