НАРЫМБАЕВ МЕНЕН КОРКМАЗОВ СОТТОЛДУ, ТҮЛЕЕВ БОЮНЧА ӨКҮМ ДА ӨЗГӨРГӨН ЖОК

27-ноябрда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту Президенттик аппараттын экс-жетекчиси Данияр Нарымбаев менен Жогорку Кеӊештин экс-депутаты Хажимурат Коркмазовго карата чыгарган өкүмүн угузду. Сот аларды «алдамчылык» беренеси боюнча күнөөлүү деп тапты. Нарымбаев 3 жылга, Коркмазов 1,5 жылга эркинен ажыратылып, экөөнүн мүлктөрү конфискацияга алынсын деген өкүм чыкты. 2014-жылы тапшырылган киреше жана мүлк тууралуу декларацияларына ылайык, Нарымбаевдин эч кандай кыймылсыз да, кыймылдуу да мүлкү жок, ал эми Коркмазовдун наамына 2 унаа жазылган.
Ак үйдүн 7-кабатын силкинткен бул кылмыш ишине себепчи болгон Бишкек шаарынын экс-мэри, Жогорку Кеӊештин экс-депутаты Нариман Түлеевдин иши да Жогорку Сотто каралды. 30-ноябрда акыркы инстанция Түлеевге карата Бишкек шаардык соту чыгарган өкүмдү күчүндө калтырды. Ага ылайык, экс-мэрдин мүлкү конфискацияга алынуу менен, 11 жылга эркинен ажыратылган болчу.
Бул өкүмдөр Кыргызстандагы сот системи бир эле беренелер боюнча ар кандай өкүм чыгарышы мүмкүндүгүн көрсөттү.

Эльвира Караева
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (6)
Arzu.kg
2015-12-07 13:41:08
Бети жок соттор!
0
tynkatar03
2015-12-07 20:11:52
Учоону бир камерага камаса болобу же
0
raim7979
2015-12-08 13:09:58
kantip ele Narynbaevde mulku jok bolsun tuugandaryna jazdyryp koigondo estuulor
0
Kroxa
2015-12-09 19:05:17
нарымбаев успел мулкун башкага каттата койушту да байкуш эч нерсеси жок деп соттор ишенип эч нерсе албаган чыгаарсынар...
0
Rayl
2015-12-10 12:31:49
учоо бир камерада жыргайтко историяларын айтып
0
Abdyrashit.Satylganov
2015-12-14 00:53:18
3 жыл аз эмеспи?
0
№ 683, 4-декабрь-10-декабрь, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан