РОЛЛДОР

«ЧЫГЫШ ГҮЛҮ»
Керектелүүчү азыктар:
Күрүч – 200 грамм
Жумуртка – 2 даана
Майонез – 1 аш кашык
Күрүч уксусу – 1 аш кашык
Кумшекер – 1 аш кашык
Суу – 300 грамм
Кызыл икра – 50 грамм
Нори – 3 даана
Татымына жараша туз
-

Күрүчтү таза жууп, суусун толук сарыктырабыз. Андан соӊ мискейге салып, үстүнө сууну куюп отко коёбуз. Кайнап чыкканда отту азайтып, 10 мүнөттөй демдейбиз. Оттон чыгарган соӊ мискейдин капкагын ачпай дагы 10 мүнөт коё турабыз. Күрүч уксусун жылытып, ага туз, кумшекер кошуп аралаштырабыз да, күрүчтүн үстүнө куябыз.

-
Жумурткага майонезди кошуп жакшылап чалабыз да, мындан алакандай блинчиктерди бышырып алабыз.

-
1 норини төрт бөлүккө бөлүп, ар бир бөлүгүнүн үстүнө бирден блинчик жана тоголоктолгон күрүчтү коёбуз. Колуӊузду суулап алсаӊыз, күрүч жакшы тоголоктолот.

-
Алаканга целлофан баштыкты жайып, үстүнө роллдорду коюп, тоголок формага келтирип 5 мүнөттөй кармап туруу шарт. Норинин четин бир аз суулайбыз.

-
Целлофанды роллдордон акырын сыйрып, өйдө жагын сүрөттөгүдөй кесебиз. Кесилген жерди сыртты көздөй кайрып, ортосуна кызыл икра себелейбиз.

«АССОРТИ»
Керектелүүчү азыктар:
Күрүч – 200 грамм
Суу – 300 грамм
Нори – 4 даана
Күрүч уксусу – 1 аш кашык
Кумшекер – 1 аш кашык
Бадыраӊ – 1 даана
Жашыл болгар калемпири – 1 даана
Эритилген сыр – 1 куту
Чала туздалган форель же лосось балыгы – 50 грамм
Кызыл икра – 50 грамм
Татымына жараша туз, васаби, маринаддалган имбирь, соя соусу
-
Күрүчтү бышырып алып, ага уксус, туз, кум шекер аралашмасын кошобуз. Анан эритилген сырды муздаткычка бир аз коюп туруп, ичке кесип чыгабыз.

-
Болгар калемпирин, туздалган балыкты, бадыраӊды да ичке, узун-узун кылып туурайбыз.

-
Чий килемченин үстүнө норини салып, үстүнө тегиз кылып күрүчтү жаябыз. Күрүчтүн ортосуна тууралган сыр, балык, болгар калемпирин, бадыраӊды тизебиз.

-
Аны чий килемченин жардамы менен оройбуз. Даяр болгон роллдорду 6-7 бөлүккө бөлүп, үстүнө икра себелеп дасторконго койсоӊуз болот. Кесерде бычакты суулап алсаӊыз, оӊой кесилет.

РОЛЛДОР АРЫКТООГО ЖАРДАМ БЕРЕТ
Роллдор – бул япон ашканасынын тамагы. Японияда маки же макидзуси деп аташат. Кыргыз тилине которгондо оролгон дегенди түшүндүрөт.
1970-жылдары Лос-Анжелестеги «Токио» ресторанынын башкы ашпозчусу, суши жасоочу Итиро Маситой америкалыктарды өзгөчө тамак менен таӊ калтырыш үчүн сушинин жаӊыча түрүн, роллдорду ойлоп тапкан. Ошондон улам япондорго караганда америкалыктарга тааныш «Калифорния», «Филадельфия» аталышындагы роллдорду кезиктиребиз.
Бул тамактын жардамы менен аз убакытта арыктоого болот. Анткени роллдордун калориясы өтө аз. Майлуулугу аз болгону менен, йод көп. Мисалы, норинин курамында йод көп. Мындан сырткары ар түрдүү витаминдер, микроэлементтер бар. Окумуштуулардын изилдөөсүнө караганда, роллдорду көп жеген адам өпкө рагына кабылбайт.
Сүйүн Кулматова
kenesh@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (18)
Бир форумчунун жардамы менен жсап коргом.Расход ото аз кетет.
Мен Москва шаарында сушиде иштейм каалагандар болсо уйротом
lenovo820,нори Жалал-Абадда жок го,аны кантип жасаса болот,же заказ менен алдырайынбы?
nazira1989,москвадан заказ бер же оштон ал.
lenovo820, бир уйротконундо жакшы болмок.
Филадельфия ролл сонун да жегим эле келе берет
Neizvestno777,Филадельфияны коп жеве курттар бар депле ))))
Курт коп дешет канчалык чындыгы бар?! Ким билет?
Gulya.akbaralieva,чийки балыкты коп жесен курт болот дешет ар кандай туру бар роллдордун балыксыз жасасанда болот. чийки балыктарда козго корунбогон курттар бар микроскоп менен гана коро аласын.аны кууруп жеш керек же тазаланган чийки болсо кобуроок жесе эч нерсе болбойт.
Балээ баспадыбы.жегим эле келет.буларды кайдан табам эми имбирь нори чий вассаби??
ошто бар суши кафешка ошол жака барда.
Нори дегенин мен билбейт экем, кайдан тапса болот
agarai,корейский магазиндерде сатылат
agarai,Нори кургатылган морской капуста жуп жука лист болот,норини жесенда аябай пайдалуу ден соолука.
Жасалышы оной эле
Кошуна акем суши жасап иштейт
Турун жасап,апкелип берет
Мазза кылып жеп коём
Эритилген сыр- сливочный сырбы. Аны кеспейт да. Ал каймак йогуртай болуш керек да. Атайын баштыкча менее сыгып кошулат да
А Караколдо бар болду экенби ким билет?
админ нерселерин кайсы жерден сатып алса болот?