Төшөк сыры
Бүлбүл жанган шам... Бокалдарга куюлган шарап...
Камырдай жуурулушкан айым менен мырза. Бул экөөнө бир гана нерсе жетишпегендей. Ал эмне? Албетте, музыка. Эмнеге дейсизби? Анда музыканын төшөккө тийгизген сырлары төмөндө.
Окумуштуулар көптөгөн изилдөөлөрдөн улам музыка секстин ажырагыс бир бөлүгү экендигин аныкташкан. Музыка адамды кубандырат же кайгырта алат. Демек, адамды дүүлүктүрө турган касиетке да ээ. Бирок төшөк оюндарына бардык эле музыка түрлөрү жарай бербесин баса белгилешкен.
Көрсө, төшөк оюндарына классикалык музыка гана туура келет экен. Мисалы, Людвиг ван Бетховен, Иоганн Себастьян Бах, Вильгельм Рихард Вангер, Фёдор Игнатьевич Стравинский, Пётр Ильич Чайковскийдин чыгармалары. Классикалык музыкалар жан дүйнөнү козгоо менен бирге каалоону ого бетер күчөтөт. Себеби мындай жанрдагы музыка аң сезимди жагымдуу жыт катары чулгап алчу касиети ээ. Классикалык музыкада жай жана бат ыргактар кезектеше жүрөт. Ал эми мындай музыка жупташуу учурундагы кыймылга байкатпастан багыт берет. Жай ыргакта жай кыймыл ал эми бат-бат ыргакта тез кыймыл коштолот. Музыканы тандоодо бир нерсени көңүлгө алуу керек. Өзүңүз жактырган топтун же ырчынын чыгармасын колдонбоңуз. Анткени сексти экинчи орунга калтырып, музыкага тартылып кеткениңизди байкабай калышыңыз ыктымал. Кыскасы, музыка секстен алаксытып коюшу мүмкүн. Ошондой эле музыка эки адамга тең бирдей жагымдуу болушу керек.
ПОРНОЖУРНАЛ ОРДУНА ЫРДОО
Төшөк оюндарын баштоодон мурун, ырдоо да адамга көптөгөн пайда алып келерин немис дарыгерлери тастыктап чыгышты. Окумуштуулар чиркөө хорунда ырдагандарды изилдөөдөн өткөрүшкөн. Моцарттын чыгармаларынын бирин аткарып бүткөн ырчылардын кан айлануусу жакшырып, дүүлүгүүнүн алгачкы этаптары байкалган. Маанайлары бир кыйла жакшырган. Ошондон улам окумуштуулар секс алдында табитке жаккан ырды ырдоо порножурналдай эле дүүлүктүрө аларын далилдешкен.
КУМАРДАН СОҢ...
Музыкасыз жупташууда “ох”, “ах” деп ар түрдүү үндөрдү чыгарып акыштоо көпкө созулбасын өнөктөштөр өз тажрыйбасынан билишсе керек. Анын үстүнө мындай секс тажатма боло баштайт. Андыктан жагымдуу музыка сексти узартууга да көмөкчү болорун унутпаңыз. Кийин арадан бир топ убакыт өтсө да, ошол жагымдуу музыканы кокусунан угуп калсаңыз, анда сизде жагымдуу сезимдер пайда болору талашсыз.
Эротикалык окуя
«КЫЛЫКТАНГАН КЛАССТАШ АЙ…»
Бир жолу досум Бекендин үйүнө барып калдым. Аркы-беркини сүйлөшүп отуруп, кичине майрамдап коюуну чечтик. Ичкилик ичип жакшы эле отурганбыз. Бир кезде Бекен: “Сабира аттуу классташ кызыбызды конокко чакырбайлыбы?”- деп калды. Бекендин сунушу мага да жагып, ага телефон чалдык. Турмушта баары болот эмеспи. Анын сыңарындай, Сабира мурда турмушка чыгып, оту күйүшпөй ажырашып кеткен эле. Ал дагы биздин чакырууну эле күтүп тургансып, кечке маал келип каларын айтты. Ошентип, досум экөөбүз келер коноктун камын ойлой баштадык.
Биз күткөн кеч да кирип, жаркылдап классташыбыз келип калды. Кур кол келбей, сыра көтөрө келиптир. Ошентип, үчөөбүздүн чакан кечебиз башталды. Балалыктагы жакшы күндөрдү, өткөн-кеткенди чер жазыша сүйлөшүп, сырадан ууртап-татып отуруп кызый түштүк. Сабира болсо кыйла эле мас болуп калды. Жатууга мезгил келип, жалгыз кызыбыз коркпосун деген шылтоо менен ага ортого төшөк салып бердик. Сүйлөшүп жатып көзүм илинип кеткен экен, кандайдыр бир үндөрдөн улам ойгонуп кеттим. Карасам, экөө мени көзгө илбей ойда эзилишип жатышыптыр. Мен да дүүлүгүп чыктым. Же тигилер иштерин бүтүп тынчыйын дебейт. “Живой” эротикалык тасма көргөндүктөнбү, кыйналып жатып уктап кетиптирмин. Эртең менен ойгонсом Бакыт жумушка кетип, Сабира экөөбүз эле калыптырбыз. Таттуу уйкуда жаткан классташымдын чала жабылган жуурканынан аппак балтырлары булайып көрүнөт. Шап эле коюнуна кирип кеттим. Ал ойгонуп алып ар кандай ыкмаларды колдонуу менен мени жыргатты. Эч ким жок ээн үйдө үч жолу кумардын туу чокусуна чыгып, болуп көрбөгөндөй махабаттын кызыгына баттык. Эркектин жытын сагынып калганбы, ошол күнү биздин көңүлүбүздү алган Сабира Бакыт экөөбүздү “ычкыр бажа” кылган. Досум экөөбүз жолугуп калган күндөрү “Кандай, бажа?” деп бири-бирибизге тийишип калсак, Сабира билмексен болуп кала берчү болду.
Шамил
ТӨШӨКТӨГҮ АЛСЫЗДЫКТЫ ЖЕҢҮҮ
(Кытайдын секс сырларынан)
Эркектердин төшөктөгү бел кубатынын алсыздыгы (импотенция) суук тийгенге барабар. Башкача айтканда, жагымсыз жана туталантат. Бирок кантип алдын алууну билсең, анда коркуунун кереги жок. Эркектерде убактылуу төшөктөгү алсыздык көбүнчө «импотент болуп калбаймынбы?» деп чочулап, коркуудан келип чыгат. Тактап айтканда, айрым эркектер “аспабым” турбай калып ит болбоймунбу, эгер турса эрте эле бүтүрүп, аялды канааттандыра албай калсамчы?” деп тынчсыздана беришет. Анан кошулууга келгенде эле муздак терге чыланып, тамактары кургап чыгат.
Минтип корко берүү эркектин аң-сезимине орноп калып, чындыгында эле ал төшөктө алсыз боло башташы мүмкүн. Андыктан эркек жаман ойлорду ойлобой, кокус “алигиси” турбай калса да оргазмга жете билүү ыкмасын билүүсү кажет. Ошентип, акырындап төшөктөгү алсыздыкты биротоло жеңиши керек.
КАНТИП?
Төшөк оюнун алгач аялдын денесин кол, эрин жана тил менен эркелетүүдөн баштоо кажет. Ал үчүн эмчектери катуу болуп чыкмайынча үрпүн соргулоо, бүт денесин сылап-сыйпалоо, киндигин жана жыныс тилчесин тил менен эркелетүү керек. Ошондо аял абдан дүүлүгүп, алтын өрөөнү («алигиси») нымдалышып чыгат. Аялдын катуу дүүлүгүүсүнөн эркек да дүүлүгүп, нефрит тамыры («алигиси») ишке даяр болушу мүмкүн. Эгер «аспабы» турбаса, анда мырза алтын өрөөнгө жумшак кирүү ыкмасын колдонушу кажет. Мында эркек нефрит тамырын манжаларынын жардамы менен аялдын жан жерине киргизип, «аспабын» түбүнөн эки манжасы менен кармап алат. Анан ыйкоого өтөт. Нефрит тамыр алтын өрөөнгө кирген соң бир аздан кийин чыңалып, ишке кирет.
Эскерте кетчү нерсе, аял төшөктө эркекти түшүнүп, экөө тең оргазмга жетүүлөрү үчүн ага жардам берүүсү керек. Ошондо гана эркек импотенттиктин үстүнөн жеңишке жетишет.
Кызык экен
СЕКС АКАДЕМИЯСЫ АЧЫЛУУДА
Лондондун белгилүү «Пикадилли» паркында Секс академиясы ачылганы жатат. Учурда академияны куруу үчүн 10 миллион доллар которулуп, жылына 6 миллион кардар кабыл алуу пландалууда. Бул академиядан билим алгандар өбүшкөндөн баштап төшөктө мыкты өнөктөш болууга чейин үйрөнүп чыга алышат. Бирок билим алуунун деңгээли кардарлардын төлөгөн акчасына карата болот. Башкача айтканда, мыкты өнөктөш болууну үйрөнүү үчүн капчыктын калың болушу талап кылынат. Ошондой эле көңүл ачууну каалагандар академиядан ресторан, бар, казино да таба алышат.
Астра Айдарова
erotika@super.kg