ЖАӉЫ УНАА НОМУРЛАРЫ: ЖОЛДО БААРЫ БИРДЕЙ

Мамлекет өлкөдөгү унаа номурларын жасоо ишин жеке ишканадан өзүнө алып, жаӊы үлгүдөгү номурларды чыгармакчы болуп жатат. Мамкаттоо кызматынын башчысы Тайырбек Сарпашевдин айтымында, жаӊы үлгүдөгү номурларда KG же болбосо өкмөттүкү экенин айырмалап туруучу белгилер болбойт. Ал азыркы тагылып жүргөн номурлар унаа башка бирөөгө сатылып кетпесе жарактуу болорун айтат. Ал эми унааны жаӊы сатып алгандар жаӊы номур тагууга милдеттүү. Мындай жаӊычылдыктын оӊ жактары азыртадан эле айтыла баштады. Биринчиден, унаа номурун жасоодон түшкөн каражат мамлекеттик бюджетке түшөт. Ошондой эле жогорку кызматтагы адамдыкы экенин айырмалоочу белгилери бар номурлардын жөнөкөй номурлардан анчейин айырмалана бербеши жолдо бардык айдоочулар бирдей болушуна шарт түзүлөт деп күтүшкөндөр бар. Албетте, МАИдеги коррупция ушуну менен эле жоюлуп кетпейт. Анткени жолдогу теӊдик кызматтык күбөлүктү көрсөткөнгө чейин гана. Ал эми кемчилик катары жогорку кызматтагылардын кызматтык номурунун башкалардан көп айырмаланбагандыгы анын жумуштук унаасынын кайда жүргөнүн коомчулуктун көзөмөлдөй албай калары көрсөтүлүүдө.

Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (8)
besh-sary
2015-12-14 10:02:40
Россия Казакстан Озбекстан Тажикстан Туркменстан да ушудай окшош номерлери бар. Ал эми Казакстан бир жыл болду ушудай номер чыгарганына. Бул эч кандай карупция эмес мамлекттиак желекти вертикалный турганы эч кимге жакан эмес. Желек деген озунун формасындай турганы жакшы. Мен колдойм мындай номер чыгышына.
0
asad345
2015-12-14 15:49:08
besh-sary, эгерде ошол мыйзам айылдагы карапайым элди алдап акча жыйноо АМАЛЫ болсо мен колдобойм, эмнеге бекер алмаштырбайт ЭГЕР Т.Сарпашев кыйын болсо ойлоп таппайбы элге жагымдуу, пайдалуу мыйзамдарды
0
hanisa
2015-12-14 10:18:23
Мурдагы номер жакчу чоп чон болуп
0
EdikoKG
2015-12-14 12:59:08
Бекер эле бюджеттен акча коротуп,кайдагы демилгелерди которгондон коро,чек ара маселесин тездетип чечишсе боло?! Мындан башка маселе жок калгансып.
+1
asad345
2015-12-14 15:50:52
Кызмат бул акча жасоо АМАЛЫ эмес, кошаматтык кылып барып алган кызматчылар элге эч качан пайда бербейт, аларды тандоо критерийин озгортуу керек ойлоп табуучулук, элге жалпыга пайдалуулук критерийлерин киргизуу керек
+1
magic1721
2015-12-14 22:37:28
окмот иштеп жатат дегени го... бизге эле кыйын болду, канча сомдон сатат болдукен? карапайым эл жыргап жаткандай сезилет окшойт окмотко?!
0
jypar.i
2015-12-18 17:07:08
magic1721,биздин эл аш-тойго,болор-болбос отуруштарга ойлонбой толгон акча коротобуз, мамлекет тарабынан бир жаңы нерсе жасайлы десе, каршы чыга беребиз.Жаңы нерселерге умтулушубуз керек да.Эл карапайым болсо, көчөлөрдө мынча көп машина каттап, тыгын болбойт эле да.Качанга чейин эскиче жашайбыз? Чет өлкөгө бирөө барып келсе, "ой ал жакта момундай экен" деп тамшанабыз,өзүбүз жаңы нерселерге көнгүбүз келбеген кежирлигибиз бар.А бирок сотканын,планшеттин же д.у.с нерсенин жаңысын алабыз жанталашып
0
4ok4oloi
2015-12-15 11:28:57
номер алмаштыргандан башка иши жок бекен мамлекеттин
-1
№ 684, 11-декабрь-17-декабрь, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан