ЖЫРГАЛБЕК САМАТОВ МАНДАТ АЛЫП ТЫНДЫ

«Республика-Ата Журт» партиясынан шайлоого аттанар алдында «Жетиштүү добуш топтобосом, тизмеден чыгам. Чыкпасам балдарымдын жакшылыгын көрбөй калайын» деп ант бергендердин бири Жыргалбек Саматовдун кудуӊдап жүргөн чагы. Жогорку Кеӊешке жолдомо аларда аны Орусиянын жараны деп БШК мандат бербей койгон болчу. Жогорку Сот БШКнын бул чечимин жокко чыгарса да, Боршайком Саматовго мандат бербей бушайман кылып келген. Кийин Жыргалбек Саматов Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотуна Жогорку Соттун чечимин аткарбай жатышат деп кайрылган. Аталган инстанция анын арызын канааттандырып, БШКны ага мандат берүүгө милдеттендирди.
БШК акыр аягы 7-декабрда Саматовго мандат берди. Жыргалбек мырзанын ордуна «Республика-Ата Журт» фракциясынан депутат болуп келген Болотбек Ибраимжанов кайра мандатынан кол жууду.

Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
asad345
2015-12-14 15:42:21
Мурунку чакырылышта канча мыйзам жазган? Ушул тема боюнча сурамжылоо жъргзъп койгулачы супер инфо
-1
admin_superstan
2015-12-14 16:20:39
asad345, саламатсызбы!
Сунушуңузду тиешелүү бөлүмгө жеткирип койдук, рахмат.
0
aibo_85
2015-12-15 14:48:36
Мирлан эмнеге мандат алып тынды дейсин, мандат албаш керек беле?
-1
№ 684, 11-декабрь-17-декабрь, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан