«Диета жана спортсуз арыктаӊыз!», «Дивандан турбай салмак ташта!», «1 айда 15 килограммга арыкта!..» Мындай «ягоды годжи», «жидкий каштан» сыяктуу тармактык маркетингде кеӊири тараган суперфуддардын чакырыктарын социалдык тармактардан, маалымат каражаттарынан окуп-көрүп эле жүрөбүз. Мүмкүн мындай жарнамалар өзүбүздү эмес, капчыгыбызды «арыктатып» жаткандыр. Адистер булар тууралуу эмне дешет?
АЛДАНБАЙЫН ДЕСЕӉИЗ!
Сизге тааныш эмес товар сатып аларыӊызда сөзсүз ал жөнүндө маалымат топтоӊуз.
Сатуучулардын «бат, оӊой, таасирдүү, көз ачып-жумганча, бир жумада, бир айда, диетасыз, спортсуз» деген бал сөздөрүн эске алыӊыз.
Кардарлардын каражаттар тууралуу оӊ пикирлери. Булар тармактык маркетингде иштегендердики болушу мүмкүн.
Дарыгерлердин «сунуштары». Ак халат кийгендердин баарын дарыгер деп айтуу мүмкүн эмес.
Арыктаганга чейинки жана кийинки сүрөттөр. Фотошоп дегендин бар экенин унутпаӊыз.
ШИЛБИ (ЯГОДЫ ГОДЖИ)
Эмнени убада кылат?
Ашыкча салмактан арылууну, организмде зат алмашууну ылдамдатууну, теринин сапатын жакшыртуу, потенцияны жогорулатуу, гормондорду нормалдаштыруу, рак клеткаларынын пайда болушун алдын алууну.
Чындыгы:
Годжи мөмөсүнүн мекени – Кытай. Кытайлыктар бул мөмөнү «нинся гоуци» деп аташат. Англис тилине которгондо goji (гожи) деп которулат. Аталышы мына ушул сөздөн алынган. Бул кадимки эле бизде өсүүчү шилбинин (волчья ягода) бир түрү.
21-кылымдын башталышында Түндүк Америкада «бейиштин мөмөсү», «узак жашоонун мөмөсү», «кызыл алмаз» деп жарнамаланып сатыла баштаган. Мындай укмуш жарнамалардан кийин асаи мөмөсүн (пальма түрү) сатып жүргөн компаниянын иши солгундап, арыз менен кайрылган. Ушундан кийин 2007-жылы АКШнын дарыгерлери колдонуучулардын укугун коргоо максатында атайын изилдөө жүргүзүшүп, жыйынтыгында сатуучулардын «годжи 75 пайыз сүт бездеринин шишигинин пайда болушунун алдын алат» деген убадасы суу кечпей калган. 13 порция годжи ширесиндеги С витамини 100 грамм кызыл алмада эле бар экендигин далилдешкен.
ЧИА УРУГУ
Эмнени убада кылат?
Денедеги майлардын эришин, арыктоону, ач болгонду сезбөө, холестеринди азайтууну, кандагы кантты нормада кармоону, артериалдык кан басымды түшүрүүнү.
Чындыгы:
Чиа уругу же испан шалфейинин мекени болуп Мексика, Гватемала саналат. Ал деӊиз деӊгээлинен 1800-2600 метр бийиктикте өсөт. Бүгүнкү күндө Түштүк Америкада жана Австралияда өстүрүлүп, ашканада кеӊири пайдаланылып келет.
Изилдөөчүлөр чиа уругу А, С, Е жана В тобундагы витаминдерге, кальций, темир, магний, марганец, фосфор, калий, цинкке, омега кислотасына жана белокко бай экендигин айтышат. 2005-жылы Европа союзу аны перспективдүү азыктардын катарына кошкон. Курамы боюнча зыгыр уругуна жана күнжүткө барабар. Зыгыр уругу менен чиа уругу сууда жакшы көбөт, ошондуктан ач болгонуӊду билдирбейт. Дарыгерлер аллергиясы барларга бул азыкты жегенден абайлоо керектигин эскертип келишет.
КУУРУЛБАГАН КОФЕ (ЗЕЛЁНЫЙ КОФЕ)
Эмнени убада кылат?
Эч кандай диета кармабай эле ашыкча салмактан жана майлардан арылууну, организмде зат алмашууну ылдамдатууну.
Чындыгы:
Куурулбаган кофе бул кадимки эле баарыбыз ичип жүргөн кофе, болгону даны куурулбайт. Чөп даамданып турат.
2012-жылдан бери дүйнөнү «кезип» жүргөн бул каражатты америкалык дарыгер Мехмет Өз өз телешоусуна алып чыгып, аялдарга эксперимент жасап, алардын арыктаганын көрсөткөн. Бирок бул көрсөтүүдөн кийин айрымдар «Аялдар чын эле куурулбаган кофе ичип арыкташтыбы? Өз көзүӊ менен көрбөгөндөн кийин ишенүү кыйын экен» деген пикирлерин айтышкан.
Дарыгерлер «арыктоо максатында кофени күнүгө көп өлчөмдө ичүүгө болбойт, оорусу жоктор оору тапса, өнөкөт оорусу барлардын оорусу курчушу мүмкүн» дешет.
ЖИДКИЙ КАШТАН
Эмнени убада кылат?
Май клеткаларын жок кылууну, иммунитетти көтөрүүнү, табитти басаӊдатууну, организмди тазалоону.
Чындыгы
Буга «Жидкий каштан» деген аталышты маркетологдор коюшкан. Кургак суусундук катары сатылган бул каражаттын курамын амазонка гуаранасынын (чырмалышып өскөн бак) уругу түзөт. Гуарана Бразилия, Парагвайда көп өсөт. Курамында кофенин уругуна караганда эки эсе көп кофеин бар. Европада, АКШда жана Австралияда шоколад, кофе, энергетикалык суусундуктарды жасоодо кошулма катары колдонулат. АКШда гуарана ден соолукка зыяндуу эмес деген статуска ээ. Американын азык-түлүктөрдүн жана дарылардын сапатын текшерүүчү башкармалыгы дарылык касиети жок экенин аныкташкан. 2001-жылы жүргүзүлгөн экспериментте гуарана, мате жана дамиана деген өсүмдүктөрдүн кошулмасын ичкендер 45 күндө 5,1 килограммга арыкташкан. Бирок бул бир нече өсүмдүктөрдүн кошулмасы болгондуктан гуарана арыктатты деп айтууга мүмкүн эмес болгон. Кийин гуарананы линолин кычкылы менен аралаштырып, чычкандарга такай беришкен. Жыйынтыгында алардын май катмарларынын азайганы байкалган. Ошентсе да дарыгерлер гуарана кошулган азыктар айрымдарда эпилепсияны чакырарын эскертишип, көп колдонбоого чакырышат.
«СУПЕРФУДДАРДЫ» ӨЗ БАКЧАӉЫЗДАН ИЗДЕӉИЗ!
Дамира Арстанова
kenesh@super.kg